«Радиомектеп»: Балдарды вакцинациялоонун мааниси

April 1, 2017, 06:00

Алдын алуучу эмдөөнү жүргүзүү (вакцинация) балдар үчүн, ошондой эле чоң кишилер үчүн өтө маанилүү. Ушул чара гана дарылоого болбой турган же кыйынчылык менен айыгуучу оорулардын (В вирус гепатити, дифтерия, столбняк, коклюш ж.б.) алдын алуунун бирден бир каражаты болуп саналат. Наристе бала үчүн алдын алуучу эмдөө өтө маанилүү, анткени анын организми ар кандай инфекциялардын алдында байымсыз.

 

Эгерде энеси өз учурунда эмделген же кандайдыр-бир оорудан айыккан болсо – анда наристенин өмүрүнүн алгачкы айларында эненин антителолору коргой алат, бирок кийин коргоо начарлайт – бул учурда алдын алуучу эмдөөнү жасабай коюуга болбойт. Ошондуктан вакцинациялоону эмдөөнүн календарына ылайык ымыркай курактан тартып баштоо керек.

 

Алдын алуучу эмдөөнүн маңызы жана мааниси эмнеде? Вакцинациялоо учурунда адамдын организмине атайын зат (вакцина) киргизилет, анда тигил же бул ооруларды чабал же өлтүрүлгөн козгогучтар же болбосо алардын айрым бөлүктөрү (антигендер) камтылат. Ага жооп иретинде адамдын организминде иммундук система активдешет, ал инфекцияны козгоочуларга карата антителолорду синтездейт жана бул ооруга карата иммунитетти жасалма ыкма менен түзөт. Ушунун натыйжасында инфекция организмге кийин же таптакыр эле кирбейт же болбосо оору анчалык күчтүү болбойт.

 

Көп сандаган илимий изилдөөлөрдүн натыйжасында заманбап вакциналар таптакыр коопсуз экени далилденди. Бирок ошого карабастан, алдын алуучу эмдөөнү жасаар алдында жалпы ал-ахыбалын баалоо, терс көрсөтүүлөрдү жана ыктымалдуу аллергиялык реакцияларды табуу үчүн баланы врачка көрсөтүү зарыл. Эгерде балада алдыдагы вакцинацияга кандайдыр-бир терс көрсөтүүлөрү же мүнөздүү эмес реакцияларды бар болсо, педиатр башка адис врачтардын катышуусу менен алдын алуучу эмдөөнү жүргүзүүнүн жекече графигин түзүүгө тийиш. 

 

Ушул жана башка көптөгөн нерселер жөнүндө ата-энелер үчүн биздин мектептин бешинчи "Радиомектеп" чыгарылышында биз төмөнкүдөй эксперттер менен кеп кылдык:

• Бурул Асыкбекова – Бишкек шаарынын Иммуннопрофилактика борборунун жетекчиси, иммунолог

• Гульмира Нажимидинова – ЮНИСЕФтин консультанты, педиатр

• Жамал Фронтбек кызы – "Мутаккалим" коомдук уюмунун жетекчиси