«Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» экологиялык долбоору
February 27, 2017, 06:002015-жылдын январында «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду ар кыл мамлекеттик, билим берүүчү, экологиялык, жаштар жана коомдук уюмдар менен кызматташтыкта ишке ашырып жаткан «Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоору старт алган, алар эко-долбоордун төмөнкүдөй жалпы логотиби астында бириккен.
Кристенсен Фонду колдогон эки жылдык долбоордун максаты – бул сергек жашоо ыңгайы жана туруктуу өнүгүү үчүн жагымдуу айлана-чөйрөнү түзүү максатында сыртта туруп байкоочунун позициясынан экологиялык акциялардын жана иш-чаралардын жигердүү катышуучусунун позициясына өтүү аркылуу балдарда жана жаштарда, ошондой эле Бишкек шаарынын тургундарында жарандык жоопкерчиликти жана экологиялык маданияттын деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.
Долбоор акысыз негизде уюштурулган маалыматтык-билим берүүчү, оюн-зоок-таанып-билүүчү, тематикалык, окутуучу, массалык жана башка ар кандай иш-чаралардан турат.
Долбоорду турмушка ашыруунун эки жылынын ичинде 30 000ден ашык адамды, ар кандай багыттагы 200дөн ашык уюмду, Бишкек шаарынын бардык 94 мектебин жана борбордогу ЖОЖдорду камтыган, экологиялык маданиятты калыптандырууга, экологиялык билимди түзүүгө жана жогорулатууга багытталган, анын ичинде туруктуу өнүгүү үчүн биологиялык ар түрдүүлүктү сактоонун маанилүүлүгүнүн маселелерин камтыган көп сандаган иш-чаралар өткөрүлдү.
Балдар үчүн иш-чара – «Билим кербени: Бишкек шаарынын мектеп окуучулары үчүн табигый илимдердин көчмө өнөрканасы» эки жылдын ичинде эколог эксперттер жана фонддун өкүлдөрү борбордун 44 мектебине барды, ал жерде окуучулар (2 000ден ашык) туулуп-өскөн жердин экологиясы жана курчап турган чөйрөсү жөнүндө биле алды. Интерактивдүү презентациялардын, мультфильмдердин, эко-долбоордун алкагында даярдалган социалдык видео-роликтеринин жана ар кыл тажрыйбаларды көрсөтүүнүн аркасында балдар өзүнүн шаарына аяр мамиле жасоонун маанилүүлүгү жөнүндө көп маалымат алышты. «Билим кербенине» 5-9-класстардын окуучулары катышты, анткени «Биология» сабагы мектептерде 5-класстан баштап кирет. Биринчи кезекте, «Кербен» шаардын жаңы конуштарында жайгашкан мектептерге барды, ал жерлерде негизги аудитория – мигранттардын же социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары болгон.
Жайкысын мектептин алдындагы лагер үчүн уюштурулган экология боюнча кербен 400дөн ашык баланы камтыды. Бул Кербен башкалардан айырмаланып жайкы каникул учурунда ар кандай лагерлерге баруу мүмкүнчүлүгү болбогон балдарга көңүл буруу менен өткөрүлдү.
2015-2016-жылдардын жайында мектептин алдындагы лагерлердин тарбиялануучулары үчүн Зоологиялык музейде жана Суу музейинде «Музейдеги эко-жолугушуулар» өткөрүлдү. Шаардын чет жакаларынын келген көптөгөн балдар жогоруда көрсөтүлгөн музейлерге биринчи жолу баргандыгына күбө болдук. Кыргызстандын фаунасы көрсөтүүгө коюлган Зоологиялык музейде мектеп окуучуларына экскурсия өткөрүлүп жана туулуп-өскөн мекендин жаныбарлар дүйнөсү жана биологиялык ар түрдүүлүгүн ошондой эле Кызыл китепке киргизилген жаныбарлардын жана канаттуулардын сейрек кездешүүчү же жок болуп бараткан түрлөрү жөнүндө айтып беришти. Борбордук Азиядагы жападан жалгыз Суу музейинде жаш меймандарга суунун жана анын кайталангыс каситтетерине күбө болуп, суу ресурстарына аяр мамиленин темасына презентациялар өткөрүлдү. Тажрыйбалуу экскурсоводдор музей боюнча экскурсия өткөрдү, ал балдар үчүн, ошондой эле чоң кишилер үчүн кайталангыс экспонаттар, жабдуулар жана интерактивдүү стенддер менен жабдылган. Музейлердеги эко-жолугушуулардын алкагында бардык мектеп окуучулары эко-долбоордун социалдык эко-роликтерин көрдү, конкурстарга катышты жана кызыктуу китеп түрүндө байгелерди алды.
«Менин жашыл досум» эко-акциясы Бишкек шаарынын 3 адистешкен көмөкчү мектебинин, № 22, 30 жана 34 мектептердин, № 1 жана 71 жатак мектептеринин балдарын жана «Үмүт-Надежда» реабилитациялоо борборунун тарбиялануучуларын камтыды. Бул акциянын жүрүшүндө балдарга кызыктуу презентация жана интерактивдүү маектешүү аркылуу герань өсүмдүгүн отургузуунун процесси, анын касиеттери жана өзгөчөлүктөрү көрсөтүлдү, мында «Үйдөгү экология» сыяктуу маанилүү тема козголду. Кайталангыс Герань өсүмдүгү бекеринен тандап алынган жок – байыртадан эле герань ооруну басуучу жана бактерициддик касиеттери бар дары өсүмдүк катары колдонулган. Бул акция окуучулар үчүн өтө пайдалуу, анткени алар өсүмдүктү отургузуу процессине өздөрү катышып жана курчап турган чөйрөнү сактоо жөнүндө көп жаңы нерселерди билип алышты. Ошентип, акциянын ар бир катышуучусунда экология, анын көйгөйлөрү, өсүмдүктөрдүн ар түрдүүлүгү жөнүндө түшүнүк пайда болуп гана тим болбостон, ошондой эле бөлмө өсүмдүктөрүн өстүрүү боюнча жөндөмдөрү өнүктү. Балдар тигил же бул өсүмдүктөрдүн пайдалуу касиеттери жөнүндө базалык билимдерди алды, майда моториканы өнүктүрдү жана аягында өзүнүн «жашыл» досуна ээ болду. Ошонун өзү менен акциянын катышуучуларында туулуп-өскөн жердин жана өз шаарынын экологиясына карата жоопкерчилик жана аёо сезими пайда болду.
Эко-долбоордун алкагында Кыргыз Республикасынын токойлорунун биологиялык ар түрдүүлүгүнө жана ага карата аяр мамилеге басым жасоо менен мектепке чейинки курактагы жана башталгыч класстардын балдары үчүн "Жила-была Сыроежка" театралдык спектакли колдоого алынып, анын бет ачары Ч. Айтматов атындагы Орус драма театрында 2016-Билим берүү фестивалынын 2-күнүндө өттү. Бул спектакль туруктуу мүнөздө болуп калды деп белгилөөгө болот, анткени ал театрдын негизги балдар репертуарына кирди.
Мугалимдер үчүн иш-чара – Бишкек шаарынын мугалимдери үчүн экология боюнча лекторий – химия, биология жана география мугалимдери үчүн 21 лекция; «Эко-календарь» жана «Жаш бишкектиктин эрежелери» плактаттарын чыгарып, бүгүнкү күндө аларды биз иш жүзүндө Бишкек шаарынын ар бир мектебинен жана билим берүү уюмунан көрө алабыз; жайлоодогу балдар бакчаларынын тарбиячылары үчүн биологиялык ар түрдүүлүк жана улуттук оюндар боюнча тренингдер. Мугалимдер үчүн экология боюнча методикалык окуу куралдары жетишпегендигинен улам, долбоордун алкагында мугалимдер үчүн (Ысык-Көл областынын мисалында) экология боюнча алгачкы тесттик методикалык иштеп чыгуулар түзүлгөн, алар Кыргызстандын экологиясы жана биологиялык ар түрдүүлүгү, кыргыз элинин салттуу экологиялык билимдери жана экологиянын негизги мыйзамдары жөнүндө маалыматты камтыган. Мындан тышкары, «БИОМ» экологиялык кыймылы менен кызматташтыкта «Коопсуз мектеп» жана «Туруктуу өнүгүү» темасына экологиялык журналдар чыгарылды, алар да балдарга экологияны өтүү боюнча мугалимдер үчүн көмөкчү окуу куралы катары даярдалган. Материалдар 2 тилде жарыяланган жана Бишкек шаарынын мектептерине таратылган.
Студенттер жана жаштар үчүн иш-чаралар – "Экологика"(Ecologic) эко-оюну, ал боюнча мелдештер борбордун мектептеринин жана бир нече ЖОЖдун арасында, мастер-класстар өткөрүлдү, 2016-Билим берүү фестивалынын биринчи күнүндө өтүп экологиялык жактан жооптуу олжолоп алуунун жана аймакты өнөр жайлык өздөштүрүүнүн, экологиялык жана экономикалык курамдын балансын сактоо маанилүүлүгү балдарга практикада көрсөтүлдү. Орусия Федерациясынан чакырылган «Ecologic’тин» автору Марат Сабиров 4-Билим берүү фестивалында уюштурулган ачык лекциялардын учурунда Бишкек шаарынын мугалимдери үчүн бул оюндун презентациясын өткөрүп, өсүп келаткан муундун экологиялык аң-сезимин жана жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча окутуунун жаңы инновациялык интерактивдүү ыкмаларын КРда окуу процессине киргизүүнүн маанилүүлүгүн ачып көрсөттү.
Бишкек шаарынын мектептери жана мектептен тышкаркы мекемелери үчүн иш-чаралар – «Жашыл Бишкек: мектеп айлансын жашылдандыруу» эко-акциясы, Бишкек шаарынын мектептеринин арасында макулатура чогултуу боюнча мелдеш, Бишкек шаарынын мектептен тышкаркы мекемелеринин арасында эко-слогандардын конкурсу, Бишкек шаарынын мектептеринин арасында «Жаш бишкектиктин эко-эрежелери» экологиялык үгүт бригадаларынын конкурсу, Бишкек шаарынын мектептеринин арасында «Буюмдардын экинчи өмүрү» эко-дубалынын конкурсу (ТККдан – турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарынан жасалган буюмдар).
Кеңири коомчулук үчүн иш-чаралар – экология жана курчап турган чөйрөгө аяр мамиле темасына социалдык роликтерди түзүү, «ТазаБИШ» эко-акциясы, фотосүрөттөрдүн «Эко-фотоаңчылык» жана «Эко-селфи» шаардык конкурстары, сергек жашоо ыңгайы үчүн «Open Air» бий кечеси өктөрүлдү.
Экология боюнча социалдык роликтер.
Кристенсен Фондунун колдоосунда жана башка уюмдар менен кызматташтыкта эко-долбоордун алкагында курчап турган чөйрөнүн тынчсыздандырган маселелерине көңүл буруу үчүн заманбап аудио жана визуалдык каражаттар менен 2 жылдын ичинде 24 социалдык ролик даярдалды, алар улуттук теле каналдар аркылуу көрсөтүлүп, социалдык тармактар боюнча кеңири таратылды жана Бишкек шаарынын мектептеринин жана мектептен тышкаркы мекемелеринин арасында акысыз таратуу үчүн CD дискалар түрүндө чыгарылды.
Алсак, эко-долбоордун алкагында даярдалган «Экологиянын көйгөйлөрү сен ойлогондон жакын» деген аталыштагы ролик 2015-жылы рекламанын «Red Jolbors Fest» Борбордук-азиялык фестивалында «Социалдык роликтер» номинациясында «Алтынды» жана 2016-жылы Москва шаарында өткөн социалдык коммуникациялардын «Пора» 10-эл аралык фестивалында «Колону» алды.
Билим берүү фестивалы.
Бишкекте 2015- жана 2016-жылы төмөнкүдөй экологиялык темаларга салт болуп калган жалпы шаардык Билим берүү фестивалы өттү: «Эко-фестиваль» ошондой эле «Экология жана ден соолук». Фестиваль окутуучу, оюн-зоок-таанып билүүчү, спорттук жана башка ушундай иш-чараларды билдирип гана тим болбостон, ошондой эле «Жашыл маек» коомдук дискуссиялык аянтчасынын алкагында борборубуздун экологиялык көйгөйлөрүн чечүү боюнча шаардыктарды тынчсыздандырган маселелерди талкуулоо жана Бишкек шаарынын мэриясына сунуштарды киргизүү үчүн кызыкдар жактарды жана тиешелүү мамлекеттик түзүмдөрдү бириктирди.
Билим берүү фестивалынын сандык көрсөткүчтөрү.
Билим берүү фестивалынын сыйлыктары: төртүнчү Билим берүү фестивалы дүйнөгө белгилүү «Event Awards Central Asia» Борбордук-азиялык сыйлыгынын жыйынтыктары боюнча 2016-жылы мыкты билим берүү иш-чарасы деп табылды, аны менен сыйлоо 2016-жылдын октябрында Алматы шаарында (Казакстан Республикасы) болуп өттү. Мындан тышкары, Кыргызстандын Билим берүү фестивалы «Global Event Awards» глобалдык сыйлыгы менен сыйлоо аземинде (4-декабрь, Москва шаары) 84 долбоордун ичинде «Балдардын мыкты иш-чарасы» категориясында Россия, Беларусь, Латвия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Армения сыяктуу өлкөлөрдүн ичинен 3-орунду алды.
«Глобалдуу ой жүгүрт, чөлкөмдө аракеттен: балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу» эко-долбоору жергиликтүү жана чет өлкөлүк уюмдар менен кызматташууга дайыма ачык. Мунун натыйжасы болуп өнөктөш катарында эко-долбоордун чыгышы жана ар кандай иш-чараларды колдоо саналат, анын ичинде төмөнкүлөр бар: Мектеп окуучулары үчүн эко-лагерь, «Эко-баштык» фестивалы, ошондой эле жаңы форматта Балдарды коргоо күнүнө карата шаардык майрамды өткөрүүгө жардам жана «Жылдыздар бөбөктөргө китеп окуйт» аянтчасын уюштуруу.
Силер эко-долбоордун иш-чаралары жөнүндө көбүрөөк маалыматтарды төмөнкү сайттардан таба аласыңар:
festival.roza.kg, www.roza.kg.
Кызыктуубу?
Катышкыңар келеби же сунуштарыңар барбы?
Кошулгула!
Тел: 66-06-68
0 312 660368 (Клара Исак кызы, долбоордун координатору)
0 550 328899 (Айзада Ургуналиева, долбоордун ассистенти)
0 556 205305 (Мария Колесникова, долбоордун PR менеджери)
E-mail: ecoprojectrio@gmail.com; bilimfestkg@gmail.com