Светлана Суслова - Кыргызстандын маданиятынын ыйгарым укуктуу өкүлү
November 22, 2016, 06:0018-ноябрдагы жума күнкү кече мени кандайдыр-бир убакытка студенттик жаштык кезге кайтарып келди. Бул кечте Кыргыз мамлекеттик филармониясынын Кичи залында республиканын белгилүү акыны Светлана Суслованын автордук кечеси өттү.
Чынын айтсам, азыркы оор жашоо учурунда ушундай кече өтөт, жөн гана өтүп тим болбостон, ошондой эле адамдардын көңүлүн буруп, Кичи залда болсо да, поэзияны сүйүүчүлөрдү жана аны баалагандарды чогулта алат деп күткөн да, ойлогон да эмесмин. Ырас, залга Чогулгандарды артыкчылыктуу түрдө эки курактык категорияга бөлүүгө болот: студенттик жаштыгы өткөн кылымдын 60-жылдарына туш келгендер жана азыркы кездеги студенттер. Байланыштырып турган орто муун биринчилердин балдары жана экинчилердин аталары кандайдыр ушул чөйрөдөн чыгып калган.
Бишкектик поэзия сүйүүчүлөр үчүн майрамды «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду, Швейцариянын элчилиги жана Россиялык кызматташтыктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү уюштурду.
Сахнадан автордун аткаруусунда негизинен эски чыгармалар жаңырды, анткени, Светлана Георгиевнанын өзүнүн айтымы боюнча, ал бир жылдан ашык мезгилден бери Жусуп Мамайдын айтуусундагы «Манас» эпосун которууга баш-оту менен киришкен. Ушул эбегейсиз зор эмгек аны ушунчалык ээлеп алгандыктан, ал кандайдыр-бир башка нерсе жөнүндө ойлоно да, же кандайдыр-бир башка нерсени жасай да албайт. Айтмакчы, биринчи том жакын арада москвалык басылмалардын биринде жарыкка чыкмакчы. Бирок катышып олтургандар кечеде эпостун кириш сөзүн угуп, котормонун мазмуну жана сапаты менен тааныша алды. Бардыгы болуп сегиз том чыгарылат деп күтүлүүдө. Андыктан автордун алдында бир нече жыл бою чымырканган, бирок кызыктуу жана жан-дилди козгогон эмгек турат. Күч-аракет менен убакыт жетсе болду.
Светлана Суслова кыргыз акындары жана прозаиктери А. Токомбаевдин, А. Осмоновдун, М. Абылкасымованын, А. Токтомушевдин, Я. Шивазанын, Р. Шүкүрбековдун, С. Жусуевдин, С, Шатмановдун, А. Молдокматовдун, Ж. Мавляновдун, К.Жусуповдун жана башкалардын чыгармаларын орус тилине таланттуу котормочу катары белгилүү. Анан дагы анын котормосунда уйгур тилинен – Д. Ясеновдун, араб тилинен – Султан бен Али аль Увейстин, тажик тилинен - Г. Сафиеванын китептери жарыкка чыкты. Ушул кылымдын башында ал Омар Хайямдын рубаилерин жаңы котормочу болуп калганын кошумчалап кетмекчимин.
Анын айтымы боюнча, рубаилерди которууда ага перс философунун, математигинин жана акынынын өзүнүн арбагы жардам берген. Рубаилерди которуп жаткан учурда ал сөз таппай калып, өзүнө-өзү ачуусу келип жана аргасыздан полго жыгылган учурларда, ал улуу акындын арбагы ага келип жана керектүү сөздөрдү айтып берип турганын сезген.
Ыр саптарын окуу Суслова тарткан айрым ажайып сүрөттөрдү көрсөтүү менен коштолуп турду. Анда жомокко окшогон таң калычтуу, көркөм сүрөт тартуу өнөрү ойгондондугу жөнүндө чогулгандарга Светлана Георгиевнанын күйөсү, белгилүү жазуучу, "Литературный Кыргызстан" журналынын башкы редактору Александр Иванов айтып берди. Бир жолу коньки тээп жүрүп, ал жыгылып кетип, музга башы менен тийген, кандайдыр-бир убакыт өткөндөн кийин өзүнө келип, ал кайда жүргөнүн биле албай койгон. Ал эми эртеси күнү уйкудан ойгонгондон кийин холстту, кыл калемди жана боекторду талап кылган. Айта кетчү нерсе, Суслованын 2014-жылы Бишкекте чыккан «Синеглазая Азия» ырлар жыйнагы ал тарткан сүрөттөргө жык толгон.
Кечеде сөз сүйлөгөн Кыргызстандын экс-Президенти Роза Отунбаева буларды белгиледи: Светлана Георгиевнанын өзү орус тилдүү окурмандарды кыргыз жазуучуларынын жана акындарынын чыгармалары менен жигердүү тааныштырган сыяктуу эле, анын чет өлкөлүк кесиптештери өз окурмандарын жана поэзияны аздектегендерди анын чыгармачылыгы менен жан-дилден тааныштырат. Светлана Суслованын ырлары кыргыз, казак, тажик, кытай, англис, француз тилдерине жана дүйнөнүн башка тилдерине которулган. Ал эми анын көпчүлүк ырлары Кыргызстан жергесине, анын жаратылышына, ажайып жерлерине арналганын эске алсак, ал дүйнө жүзүнүн алдында республиканын жана анын кылымдарды карыткан маданиятынын ыйгарым укуктуу өкүлү болуп саналат деп айтууга болот.
Ушул ойду кандайдыр улантып, Россиялык кызматташтыктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Эдуард Крусткалн буларды баса белгиледи: Светлана Суслова Кыргызстандын жана Россиянын маданияттарынын ортосундагы өзүнчө түрдөгү көпүрө болуп кызмат кылат, элдерге бири-бирин жакшы билүүгө жана түшүнүүгө жардам берет.
Ал бекеринен КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, ВЛКСМдин сыйлыгынын лауреаты, Астананын Ардактуу жараны наамдарына татыктуу болуп, бекеринин Россиянын Дружба жана Екатерина Великая ордендери, Кыргызстандын «Данакер» ордени, Ата-Түрк алтын медалы менен сыйланган жок.
Кеченин катышуучулары Светлана Георгиевнага чыгырмачыл узак өмүр жана ырлар жагынан жаңы ийгиликтерди каалады.
«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын фотосу