Мекен эмнеден башталат? Мектептин короосундагы алгачкы көчөттөрдөн

October 24, 2016, 06:00

Күн сууктап калганына карабастан, Бишкектин мектептеринде бүгүнкү күндө «Жашыл шаар-2016» экологиялык акциясы старт алды. Бир жума бою 27 мектептин жанындагы участоктордо 14 миңден ашык көчөт отургузушат.


Акция №66 орто мектепте башталды. Жогорку класстардын окуучулары күрөктөр менен чакаларды колго алып жана чоң кишилердин катуу көзөмөлүнүн астында аймакта ондогон көчөттөрдү отургузду.


- Күн суукта иштегенге мажбурлаштыбы? – деп сурадым жандуу тосмо үчүн жерди даярдоо үчүн бири-бирине ломду берип жаткан балдардан.


- Жок, биз өзүбүз жардам берүүгө дилгирлендик! Сүйүктүү мектебиң үчүн эмнени гана жасабайсың, – деп күлүшөт балдар.


Акциянын координаторлорунун айтымы боюнча, бактарды отургузган соң, жогорку класстардын окуучулары аларды кенже класстардын окуучуларынын кайтаруусуна жана камкордугуна өткөрүп берет, бул аларда адегенде мектептин жанындагы бактар үчүн, андан кийин туулуп өскөн жердин бүткүл жаратылышы үчүн жоопкерчилик сезимин жаратат.


Бардык иштер экологдордун сунуштамаларын эске алуу менен жүргүзүлөт, алар участокторду карап чыкты жана көчөттөрдү туура отургузуу жана багуу боюнча кеңештерин берди, ошондой эле алардын зарыл санын аныктады.


- Көчөттөр климаттык шарттарды эске алуу менен отургузулат, алар жакшы өсүп кетишин камсыз кылат. Ушул учурда булар зараң, дичка өрүк жана алма, джигида жана каштан, ошондой эле жашыл тосмо – декоративдүү, үндү басуучу жана чаңды чогултуучу өсүмдүк, - деп белгиледи долбоордун координатору Данияр Сүйүндүк уулу.


- Азыр да көчөт отургузуу кеч эмеспи?


- Албетте, эгерде температура өтө төмөн – 10-15ке түшүп кетсе, кыртыш тоңуп калат деген ыктымалдуулук бар. Бирок бизде аба ырайын күн мурунтан билүүгө болот, жер али тоңо элек, андыктан жакынкы мезгилде жаан жаайт деп үмүттөнөбүз. Көчөт отургузууну жалбырактар түшкөндө же саргайганда жүргүзүү маанилүү. Ошондо бактарда жалбырактар аркылуу ным бууланып кетүү процессси азаят, тиешелүү түрдө жашап кетиши жакшырат, көчөттөр дурус тамыр жаят, – деп түшүндүрдү эколог Дмитрий Переяславский.


Суук – бул бир көйгөй, жашыл бактарды көп учурда башка коркунуч күтүп турат – жайдын ысыгында куурап калуу.


- Бизде Билим берүү башкармалыгы жана Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин ортосунда келишим түзүлгөн. Документке ылайык, мектеп ар бир көчөт үчүн жеке жоопкерчилик тартат. Эгерде ал куурап калса, анда аны жаңысы менен алмаштырууга тийиш. Өсүп кетиши 70 пайыз чегинде болууга тийиш, антпесе мектеп зыяндын ордун же көчөттөр менен, же акчалай каражаттар менен толтурууга тийиш, – деп баса белгиледи долбоордун координаторлору.


Айтмакчы, эко-акция балдар жана жаштар арасында экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу долбоорунун алкагында 2015-жылдын жазында эле башталган (ал учурда 6,2 миң көчөт отургузулган). Долбоорду турмушка ашырууга 500 миң сом бөлүнгөн. 2016-жылдын аягына карата борбор шаардын 80ден ашык мектебинин жанындагы участоктор жашылдандырылат деп пландаштырылууда.


ИА "24kg"