«Жайлоодогу балдар бакчалары - өнүктүрүү борборлору» долбоорунун алкагында 26-июлдан тартып 8-августка чейин «Конок мугалим» программасы жүзөгө ашырылат
August 3, 2016, 06:002 -августта жайлоодогу өнүктүрүү борборлорундагы балдар бакчаларына барган балдарды тарбиялоо боюнча тарбиячылардын «Конок мугалим» тажрыйба алмашуу программасынын алкагында балдар бакчаларынын тарбиячыларынын балдар бакчаларына сапары башталды. Тажрыйба алмашуу 4: Чүй, Жалал-Абад, Ош жана Баткен областтарында өткөрүлөт. Сапардын жүрүшүндө Ак-Талаа районунан Токобаева Садабүбү, Кочкор районунан Исакова Айнура, Жети-Өгүз районунан Роза Жумадилова, Кадамжай районунан Арзыбаева Азада, Панфилов районунан Нурила Кочорбаева: Базар-Коргон районунун Кызыл-Үңкүр АОнун «Кең-Кол» жайлоосунда, Кара-Суй районунун Мады АОнун Кара-Чукур жайлоосунда, Ноокат районунун Кыргыз-Ата АОнун Кара-Кой жайлоосунда, Баткен районунун Самаркендек АОнун Андиген жайлоосунда, Лейлек районунун Кара-Мойнок жайлоосунда өз кесиптештери менен «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ уюштурган жайлоодогу балдар бакчаларын уюштуруу жана балдарды тарбиялоо жагынан тажрыйба алмашуу боюнча жолугушат.
Түштүк маршрут боюнча 2-августта Суусамыр өрөөнүндө Талас районунун «Күн Балдары» жайлоодогу балдар бакчасында тарбиячылар жана балдар менен биринчи жолугушуу болуп өттү, методист Нуриля Жекшенова ушул жылдын 27-июнунда балдар мекемесинин ачылышы жана иши жөнүндө айтып берди, ал жерде 4 жаштан 12 жашка чейинки курактагы 37 бала тарбияланып жатат. Конок тарбиячылар «Конок мугалим» программасынын алкагында ошондой эле алар жер-жерлерде окутуу учурунда балдарга көрсөтүп жаткан билимдер жана мүмкүнчүлүктөр жөнүндө өз пикирлерин бөлүштү. Балдар үчүн мастер-класстарды жана өнүктүрүүчү оюндарды өткөрүштү. «Конок мугалим» тарбиячыларынын тобу Жалал-Абад шаарына келди жана 3-августта өзүнүн пландаштырылган маршрутун улантат.
Бул программанын максаты: жайлоодогу балдар бакчаларында – өнүктүрүү борборлорунда иштеген тарбиячылардын ортосунда тажрыйба алмашуу, пикир алышуу жана мыкты тажрыйбаны кеңири жайылтуу.
Бул программанын алкагында түштүк региондон беш тарбиячы, түндүк региондордон беш тарбиячы төмөндө көрсөтүлгөн жайлоодогу өнүктүрүү борборлорунда мастер-класстарды өткөрөт, пикир алышат жана мыкты тажрыйбаны кеңири жайылтуу үчүн түндүк жана түштүк маршруттар боюнча сапарлар уюштурулат.