Ботаникалык бактын жаңы деми

May 15, 2016, 06:00

Бишкектин жашыл чөлкөмдөрү. Жыл өткөн сайын алар азайгандан азайып бара жатат, сүйүктүү шаарыбыз таштардын чытырман токоюна айланууда. Анын анча көп эмес жашыл аралдарынын бири – Э. Гареев атындагы Ботаникалык бак. Бирок кийинки жылдары анын абалы да кейишке салууда. Мамлекеттин алы жетип, колунан келбей калдыбы, же анын ажарын ачып, өткөндөгү даңкы калыбына келтирүүнү каалабайбы, айтор, ахыбал оордогондон оордоп бара жатат. Ошондон улам ишти бишкектиктер өз колдоруна ала башташты.

 

Бүгүн «Роза Отунбаеванын демилгеси», «Көчмөн», «Арча Демилгеси» Фонддорунун жана Көчмөндөрдүн бүткүл дүйнөлүк оюндарынын волонтерлору Ботаникалык бакты ирээтке келтирүүгө чогулушту. Кайдыгер эмес жарандарыбызды да өз катарларына чакырышты. Жумуш арбын. Кантсе да кийинки демалыш күндөрү мына ушул жерде өтүүчү «Жашыл Бишкек» фестивалына карата даярдык көрүү керек.

 

«Ботаникалык бакты кайра калыбына келтирүү боюнча фестиваль – борбор шаар үчүн чоң жана абдан маанилүү окуя. Биз эки миңге жакын адамдын келишин күтүүдөбүз. Меймандар менен жолугушууга даярдык көрүү үчүн убакыт абдан аз калууда. Мына ошондуктан, фестивалдын катышуучуларын бактын кандай күтүп алары волонтерлордун аракеттерине жараша болот. Бизде бир идея бар. Бизге көптөгөн адамдар, кесипкөйлөр, кайдыгер эмес жарандар жардам беришүүдө. Мисалы, дизайнер Татьяна Воротникова фестивалдын жаркын маанайын түзүүнүн аракетинде болууда. Биз ага бул иште жардам беришибиз керек», – дейт «Арча Демилгеси» Коомдук фондунун өкүлү Дмитрий Ветошкин.

 

Мындагы жардам чөптү тыкан түктөп, дизайнер аныктаган түйүндөргө алпарып коюуда турат. Бул түктөр ойдон чыгарылган лабиринттин жана кайталангыс эс алуу жайларынын милдетин аткарат. Андан тышкары, алдыбызда таштандыларды тазалоо, чаржайыт өскөн чөптөрдү оруу, гүлдөрдү тигүү милдети турат. Уюштуруучулар белгилешкендей, «ТазаБиш» акциясына катышуу – бул бир тууган Бишкекти жашылдандырууга жардамдашуу эле эмес. Өз демилгелүү ишембилик убагында өзүбүз үчүн дагы жаңы көндүмдөрдү үйрөнөбүз. Мисалы, адистер гүлдөрдү кандайча туура тигүү керек экенин көрсөтүшөт, же шаар тургуну үчүн экзотикалык аспап болгон чалгы сыяктуу куралды кандайча колдонууну үйрөтүшөт.

 

Басымдуу көпчүлүгү жаштар болуп саналышкан волонтерлор ишти баштоо үчүн чоң ынтызарлык менен кезекке турушууда. Уюштуруучулар ким чөп чапканга, сырдаганга, таштанды тазалаганга барат деп сурашаары менен, токойдой жамыраган колдор көтөрүлүүдө. Эртең мененки саат 10дон баштап ар ким өз иши менен алек, жумуш кызуу жүрүүдө.

 

Ошол эле убакта Ботаникалык бакка агылып келип жаткан кайдыгер эмес шаарлыктардын аягы үзүлө элек. Акцияга бүтүндөй үй-бүлөлөрү менен келип катышышууда. Балдар кире бериштен эле ата-энелеринен эмне кылыш керек экенин сурамжылап билишүүдө.

 

«Апа, биз бүгүн бул жердин баарысын тазалайбызбы? Мында абдан кир болуп кеткен турбайбы? Ким бул жерди мынчалык булгаган?» – деп суракка алууда апасын 7-8 жашар кыз бала.

 

Мындайда эмне деп жооп бермек элең?. Чарбасыздыктын жылдары жана талаптагыдай каржыланбагандык өз ишин кылган эмеспи. Ботаникалык бак – Советтер Союзунун мурдагы эң бир жашыл шаарларынын бири болгон Бишкек сыяктуу эле өзүнүн ажайып кооздугунан, атактуу абройунан айрылып калган. Кырдаалды өзгөртүү үчүн, жергиликтүү бийликтерден жардам күтүү аздык кылат, биринчи кезекте биз өзүбүз – шаардыктар биздин балдарыбыз кайдадыр бир жерде көңүл ачып, таза абадан ойногудай болушу үчүн кам көрүүбүз керек.