Роза Отунбаева: Улуу Жибек жолу Кыргызстан үчүн да жол

April 28, 2016, 06:00

”Вечерний Бишкек” газетасынын редакциясы КР экс–Президентине, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун уюштуруучусуна анын Кытайга жакындагы иш сапары жөнүндө айтып берүү өтүнүчү менен кайрылган. Биздин маектешүүбүздө сөз биздин коңшубуз, Кытайдан тартып биздин өлкө аркылуу Европага темир жолду куруу пландары жөнүндө, Кыргызстандын өткөндөгүсү жана келечеги жөнүндө жүрдү.

 

Ал ар бир иш сапардан бери болгондо китепке толгон коробканы алып келет, азыр алар таңгактардан чыгарылып жана китеп шкафтарында анча көп эмес сандагы орундарды ээлеп жатат.

 

Азыркы иш сапар жөнүндө кайталангыс таасирленүүлөрүн Роза Исаковна “ВБ” менен бөлүштү.

 

 Керемет мейкиндиктерине карай жол

 

- Реформаланып жаткан Кытайдын алгачкы ЭЭЗдеринин бири болгон, 80-жылдары Гонконгдун образы жана турпаты боюнча курула баштаган, өзгөчө статусу бар ушул белгилүү шаардын каршысында турган Шеньжень шаарында марттын аягында «Улуу Жибек жолу: жол жана тилке» конференциясы болуп өттү, ага дүйнөнүн 50 өлкөсүнөн 70 изилдөө борбору катышты. Ал жерде Улуу Жибек жолу боюнча биринчи Диалогдун негизинде ушул тема боюнча Изилдөө борборлорунун ассоциациясын түзүштү. Сөз тарыхый Жибек жолун кайрадан жаратуу жөнүндө жүрүп жатат, ал эки миң жыл бою эвразиялык элдерди үзгүлтүксүз соода кербендери, эсеп жетпеген товардык жана маданий алыш-бериштер менен бириктирип турган. Кытай тарап долбоордун максаттарын жана милдеттерин билүүнү кеңейтмейинче, терең маектешүү болмоюнча, түшүнүшү болмоюнча ийгиликке жетишүүгө болбой тургандыгын аңдап-түшүнөт.

 

- «Тилке» эмнени билдирээрин жана «жол» деген сөздүн артында эмне турганын бизге чечмелеп берсеңиз?

 

«Тилке» кургак жер боюнча ушул геостратегиялык жолдун континенталдык чен-өлчөмүн билдирет, ал Кытайдын ортосундагы Сиандан тартып Борбордук Азия жана Россия аркылуу темир жолдордун, автотрассалардын, нефть жана газ түтүктөрүнүн тармагынан турат, андан соң алар экиге бөлүнөт: бир бутагы Казакстан аркылуу, экинчиси Монголия аркылуу өтөт, андан кийин алар кайрадан биригет, Транс-Сибирь темир жолуна кошулат жана Москвага, Роттердамга, Венецияга барат. «Жол» болсо – бул деңиз чен-өлчөмү, ал порттордун тармагынан жана жээктердеги башка инфраструктурадан турат, жол Кытайдын чыгыш деңиз жээктеринен тартып Түштүк-Чыгыш Азияны, Түштүк Азияны, Перс булуңун, Чыгыш Африканы жана Жер ортолук деңизди бойлоп жөнөйт, илмек жасайт жана Пиреяда (Греция), Венецияда (Италия), Роттердамда (Нидерланддар) жана Момбаста (Кения, Африка) аяктайт.

 

Кошумчалап кетким келет, «Бир жол, бир тилке» өзүнө Санариптик Жибек жолду, плюс кибер-мейкиндиктеги Жибек жолду камтыйт. Тез өткөрүүчү байланыштын ушул жолундагы бардык өлкөлөрдү бириктирүү пландаштырылып жатат.

 

Бул жолдордун коридорлору да бар деп уктум эле, алар кайсылар?

 

Эң ириде, бул Китай-пакистан Экономикалык коридору, ал өзүнө Гвадар портун камтыйт, ал жерде тилке жана жол кесилишет, бул – биз, КР үчүн эң жакын порт экенин айта кетүү керек. Кытай-Монголия-Россия экономикалык коридорун курууга киришип жатышат. Башка коридор түштүк Кытайдагы Юнань шаарын Мьянмар, Бангладеш жана Индия менен бириктирет.

 

- Сиз Борбордук Кытайдын эбегейсиз зор транспорттук түйүнүндө – Чунцин шаарында да болдуңуз.

 

- Бул калкынын саны 33 млн.адамды түзгөн, учу-кыйыры көрүнбөгөн мегаполис, аймагы болжол менен бүткүл Австрияга теңдеш, болжол менен 80 миң чарчы километр. Сингапурдун адистери алдыдагы бир нече ондогон жылдарга акылдуулук менен жана ылайыктуу пландаштырган кытайдын кубаттуу экономикалык түйүнү – дарыя порту, аэропорттор, темир жана автомобиль жолдорунун жыш тармагы, асман тиреген үйлөрдүн арасындагы шаар – ушулардын бардыгы таңдандырбай койбойт. Чунцин Германиянын Дуйсбург шаарына баруучу темир жолдун башталышы болуп саналат. Бул жерден Янцзы дарыясы аркылуу түштүк-чыгыш Кытайга келген контейнерлер поезддерге жүктөлөт жана Алашанькоу / Достык Контролдук өткөрүү пунктуна чейин барат, бүткүл Казакстан, Россия, Беларусь, Польша аркылуу Германиядагы барар жерине жетет. Менде мындай цифралар бар: 2011-жылдын январынан тартып Чунцин - Дуйсбург маршруту менен 417 состав өттү, алар 35 миң 596 контейнерди ташыды.

 

-Чунцин – Дуйсбург транспорттук маршруту канча убакытты ээлейт?

 

-Туура 2 жуманы ээлейт, 13-14 күндө 11,5 миң километрди басып өтөт. Дарыя жана деңиз жолдоруна караганда 20 күнгө аз. Суу жолуна караганда бир нече эсе арзан. Айта кетүү керек, Кытай соңку учурда ички темир жол тармагын ыкчам кеңейтип, жогорку ылдамдыктагы линияларды куруу боюнча дүйнөлүк лидер болуп калды. Узундугу 7 миң километр болгон, куруу пландаштырып жаткан Пекин - Москва темир жол магистралынын долбоордук убактысы 6 суткадан 33 саатка чейин кыскарышы мүмкүн!

 

-Кытай – бүгүнкү күндө эле дүйнөлүк фабрика, ушул жолу бир тарапка карай, бир өлкө үчүн гана пайдалуу жол болуп калбайбы?

 

-Сиздин сурооңуз биздин түштүктөгү тикелей коңшубуз Кытайдын күч-кубатын, текеберчиликтерин жана келечек өңүтүн гана баса белгилеп турат. Кытайды Борбордук Азия менен бириктирүү – бул иш жүзүндө “Жол жана тилке” жолдорунун эбегейсиз зор тармагынын бир бөлүгү, ал үч континент – Азия, Европа жана Африка – аркылуу өтүп, Чыгыш Азиянын кубаттуу экономикасын Европанын өнүккөн рыногу менен бириктирет. Бул долбоор бүткүл 21-кылымга эсептелген, анын үзүрүн биздин урпактарыбыз 22-кылымда да, анын чегинен тышкары жакта да көрөт. 18-19-кылымдардагы өмүр трассасын эстеп көргүлө; ал учурда Америкада жана Европада салынган темир жолдор дүйнөнүн өнүккөн бөлүктөрүндө өнөр жайдын дүркүрөп өнүгүшүнүн жана жаңы технологиялардын негизи болуп калды. Биздин өлкөбүз, Борбордук Азиянын бүткүл региону сыяктуу эле заманбап темир жолдорго – ар кандай экономиканын кан жүгүртүп турган тамырларына өтө муктаж. Албетте, бул инвестордун ажат ачуусу эмес. Бул жерде Кытайдын тикелей кызыкчылыгы да бар. Жалгыз гана Чунцинде дүйнөлүк өндүрүштөн чыккан компьютерлердин үчтөн бир бөлүгү чогултулат. Азыркы учурда бүтүндөй өндүрүштөр, фабрикалар жана заводдор оңдолуп жана Кытайдан Вьетнамга, Казакстанга, Мьянмарга жана башка өлкөлөргө ташылып чыгып жатканын билебиз. Өлкө өзүнүн өндүрүштүк кубаттуулуктарынын эбегейсиз зор ашыктыгынан жабыркап жатат.

 

-“Жол жана тилке” долбоорун 1945-жылдан кийинки Маршалл планы менен салыштырганын уктум.

 

-Кыязы, бул орундуу салыштыруу. Маршалл-планы боюнча АКШ алты жылдын ичинде согуштан кыйраган Европаны калыбына келтирүүгө ошол кездеги кымбат болгон 13 миллиард долларды жумшаган. Американын экономикасы “Европа үчүн” Өкмөттүк заказдардын аркасында да кыйла өсүп, дүң продуктунун дүйнөлүк көлөмүнүн жарымын түзгөн. Башкача айтканда Маршалл-планы Европа жана АКШ үчүн өз ара пайдалуу болгон. Ал өзүнүн тарыхый ролун ойногон. Кытай да ушундай кош натыйжага жетишүүгө умтулуп жатат, ал “Жол жана тилкеге” 150 миллиард долларды жумшоону каалайт.

 

-Бирок Кытай менен биз өзүбүздүн өнөр жайлык кайра жаралуубузду, сатуу рыногун, келечекти байланыштырып жаткан ЕврАзЭстин кызыкчылыктары кантип айкалышат?

 

-Евразиялык Өнүктүрүү Банкы Кытайдан тартып Казакстан аркылуу Беларуска чейинки автомобиль жолун курууну финансылоого киришип жатат. Ал ошондой эле Астанда жана Хоргосто, логистикалык терминалдарды курууну финансылайт. Ошону менен бирге Азия Өнүктүрүү Банкы менен бирдикте ал Ирандан тартып Армения аркылуу Грузиянын чек арасына чейинки жолду курууга каражат жумшоого ниеттенип жатат. Белгилүү болуп калгандай, Евразиялык экономикалык комиссия эки жылдан кийин Жибек-Жолу жана ЕврАзЭс экономикалык тилкесин коштоо боюнча макулдашууга кол коюуга ниеттенүүдө.

 

Өлкөдө альтернативдүү Түндүк-Түштүк жолу кытайлык кредиттерге курулуп жатат жана бул да соода коридорунун бир бөлүгү. Мен сиздерге иштеп жаткан Чунцин-Дуйсбург темир жол маршруту жөнүндө айтып өттүм, ал буга Казакстандын кошулушунан улам мүмкүн болуп калды. Башкача айтканда азыр биздин коңшуларыбыз чыйт түкүрүп басып жүрбөстөн, эчактан эле жигердүү иштеп жатат. Ал эми Кытайдан тартып КР аркылуу Өзбекстанга темир жолду куруу ушул өңүттө көз көрүнөө создугуп жатат!

 

-Ушул долбоор жагынан азыр биздин ордубуз кайда экенин эске сала кетесизби?

 

-Бул темада Транспорт министрлигинин сейрек билдирүүлөрү кытай тараптан финансылаган жолдун техникалык-экономикалык негиздемелери эчак аяктагандыгы жөнүндө айтып турат. Айтмакчы, сөз жаңы Торугарт-Жалал-Абад маршруту жөнүндө жүрүп жатат, анын узундугу 432 километр. Жакында жол боюнча үч тараптуу (Кытай-КР-Өзбекстан) сүйлөшүүлөр күтүлүп жатат.

 

Кытайлыктар азыр алар ушул мега-магистралды биргелешип курууда кызматташтык жөнүндө 30дан ашык өлкө менен макулдашууга кол койгондугун кабарлап жатат.

 

Албетте, бул жөн гана сүйлөшүүлөр эмес, кытайлыктардын позициясы – аныктама боюнча утуштуу, өз макулдугубузду берүүдөн мурда бардыгын акылга салып калчап, мыкты даярданып, өз позицияларыбызды коргоп, эсептеп, жүз жолу эсептеп чыгуу керек. Бизде алиге чейин экономиканы, ошондой эле бүткүл өлкөнү өнүктүрүүнү узак мөөнөттүү пландаштыруу жок экендиги өкүнүчтүү. 2030, 2050-жылга чейинки келечекте биз өз мамлекетибиздин кандай болушун каалайбыз? Өлкөнүн бүткүл аймагы аркылуу өтүүчү темир жол олуттуу өзгөрүүгө алып келет. Булар кандай өзгөрүүлөр, ал эми биз буга макулбузбу? Эгерде макул болбосок анда аларды башка, биз каалаган тарапка оңдоо үчүн кандай иш-чараларды, аракеттерди көрүү керек?

 

-Темир жол да, узак мөөнөттүү план да – булар бүткүл элдик иш деп түшүнүү керекпи?

 

-Туура! Биз ар бир Кыргызстандыктын тагдырына таасир эте турган долбоорго киришип жатабыз. Ойго дароо Токтогул ГЭСи түшөт, биз алиге чейин кырк жыл бою анын энергиясынын аркасында күн көрүп келе жатабыз! Янцзы дарыясында болгон кезде мени мындай факт таң калтырды: белгилүү “Үч кокту” плотиналарын куруу учурунда 1,24 миллион адам башка жакка көчүрүлгөн жана курулуш 2006-жылы аяктагандыгы менен, акыркы көчкөн адамдарды турак жай, жер менен камсыз кылуу милдетин алар жакында гана аткарган. Өз кезегинде Өкмөт, аны менен катар бизнес-жамаат, анын ар кандай институттары, изилдөө борборлору, университеттер, саясий партиялар билегин түрүнүп, өлкөнүн орточо жана узак мөөнөттүү пландары жагынан ойлонууга жана иштөөгө тийиш.

 

Биз жолдон кандай пайданы ала алабыз? Чыгыштан Батышка карай өтүп жаткан вагондор дайыма толтура болот, ал эми кайра кайткан багытта биз Кытайга эмнелерди жөнөтүп, ал жакта эмнелерди сата алабыз? Кытай азыр өзү да мыкты шараптарды өндүрүп жатат, бирок шараптын тыштан келүүчү импорту да тез өсүп жатат. Грузиндер, молдавандар өздөрүнүн дүйнөгө белгилүү болгон шараптарын, армяндар – коньяктарды жүктөй алат, биз эмнени жүктөй алабыз? Кыргызстандын брендеринин туруктуу ийгилигине жетишүү үчүн алдыбызда дагы көптөгөн милдеттер турат: Кытайда, Пакистанда, Араб өлкөлөрүндө кой эти; бардык дүйнөлүк авиалинияларда жана отелдерде өрүк, кара өрүк жана чырканактын ашы; Россиянын жана Батыштын жасалга жана сувенир дүкөндөрүндө кийиз, тигилген буюмдар; Түштүк жана Чыгыш Азияда бал, жаңгак, тоо чөптөрү. Ар бир коңшуга же жакын турган өлкөгө бизде экспорттоо-импорттоонун кең-кесири орчундуу жана келечектүү план-программалары иштелип чыкканбы? Биздин фермерлерибиз ушуну айтып какшап жатпайбы: даяр продукцияны кайда сатуу керек?

 

-Кытай инвестициялары жана кредиттери жөнүндө айткан учурда дайыма жылма миграциянын маселесин көтөрүп чыгышат, келечектеги темир жол жагынан да ушундан коркуп жатышат.

 

-Биздин жумушчуларыбыздын жана адистерибиздин атаандаштыкка кудуреттүүлүгүн жогорулатуу керек, мен бул маселени биринчи орунга коёр элем. 2030-жылга карата болжол боюнча өлкөнүн калкынын саны 8 миллион адамга жетет. Көз карандысыздык жылдарынын ичинде биз 1,5 миллион адамга көбөйдүк жана бул болсо адамдар ар тарапка массалык кетип жатканын эске алганда ушундай. Биз жаңы муундарды, бүгүнкү күндө 25 жаштан өткөндөрдү жашоого, рыноктун акыйкаттарына окутуп жана даярдай алган жокпуз. Миграция миллионго жакын мекендештерибиздин тагдыры болуп калды, алардын бир бөлүгү өз жарандыгын алмаштырууга үлгүрдү. Биз негизги инфраструктураларды түзүүдө: эгерде сапат, иштин кыска мөөнөттөрү талап кылынса, жолдорду, электр берүү линияларын курууда, кен казып алууда, жаңы технологияларда атаандаштыкка кудуретсиздиктин төмөндүгү биздин жумушчуларыбызды ишсиз калтырып жатканына күбө болуп жатабыз. Квалификациялуу жумушчуларды даярдоо маселелери министрликтердин жана агенттиктердин гана милдети болбостон, бүткүл элдик колдоо, рух, багыт керек! Биз жогорку билими бар ушунча бүтүрүүчүлөрдү ким үчүн жана эмне үчүн даярдап жатабыз? Бизде билим “жогорку эмеспи”?! Бизге бекем орто кесиптик билими бар адистер керек! Техникалык университеттер, орто кесиптик окуу жайлар, лицейлер коомдо кадыр-барктуу болуп калууга тийиш. Тилекке каршы соңку жылдагы республиканын жогорку кызматтагы адамдарынын катышуусу менен жумушчу лицейлерибизди колдогон бир дагы иш-чара өткөрүлгөнүн эстей албай жатам.

 

Ал эми мыйзамсыз кирүүнү четтетүү, чет өлкөлүктөрдүн өлкөдө болушун тартипке келтирүү – буга министрликтер менен ведомстволордун бүтүндөй мандаттары бар, алар өз функцияларын ак ниеттүү аткарууга тийиш.

 

-Ар кандай долбоор үчүн финансылык каражаттар керек, бул мега-долбоордун наркы канча болот?

 

-Ал миллиарддаган доллар турарына шек жок, азырынча биротоло эсептөөлөр жок. Булар кредиттик каражаттар болот. Нефтиге төмөн жана туруктуу эмес бааларга байланыштуу дүйнө азыркы учурда терең жана комплекстүү өзгөрүүлөрдү башынан өткөрүп жатат, эл аралык финансылык каатчылык али токтой элек, дүйнөлүк сооданын өсүшүнүн өтө төмөн темптери байкалууда, геосаясий оорчулук сакталып турат. Бирок бизге өсүү, мамлекетти чыңдоо, дүйнө менен атаандашуу, бизнести өнүктүрүү, шаарларды курууну кеңейтүү, жайыттарды калыбына келтирүү, өлкөнү жашылдандыруу, миллиондогон жарандарыбызды кыска мөөнөттө иш менен камсыз кылуу, өз товарларыбызды сатуу үчүн деңизге чыгуучу кыска жолдорду издөө керек. Биз убакытты колдон чыгарууга, бир жерди таптап тура берүүгө тийиш эмеспиз! Азыркы каатчылык чабалдарды тебелеп, уктап калгандарды уруп кетүүдө. Ушундай экономикалык кысталыштын учурунда эч ким кол куушуруп отурган жок, тескерисинче күчтүүлөр ишин башка жолго коюп, жаңы бизнестерди жана горизонтторду ишке киргизип жатат. Кытайдын өзү арзан жана жөнөкөй товарлардын фабрикасынан инновациялык продукцияны өндүрүүгө баш коюп, кымбат турган товарларды жана технологияларды эскспорттоого өтүүдө.

 

Айтмакчы, биз үчүн Торугарттан Кара-Корум шоссеси аркылуу (2200 км) деңизге чыгуучу эң кыска жолдордун бири Пакистандын Гвадар порту болот, аны жана ага карай авто жана темир жолдордун бүтүндөй түйүнүн, порттук курулмаларды курууга Кытай 11 млрд. доллар бөлүп жатат.

 

-Кытай бул регионго инвестицияларды жумшоодон коркпойбу?

 

-Жакшы суроо. Кытай, азырынча дүйнөнүн экинчи экономикалык державасы, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин мүчөсү, маанилүү региондук уюмдардын лидери, Афганистанда жарандык согушту токтотуу, Өкмөт менен Талибдердин ортосундагы жаңжалды жөнгө салуу, пакистандык аскерлерди террористтик топторго ылгап жардам берүүнү токтотуу, коридорду бойлото Балучистанда сепаратисттик баш көтөрүүлөрдү токтотуу үчүн улам көп жүктү жана жоопкерчиликти өзүнө алууда. Жооп иретинде Пакистан жолдорду курууда Кытай инженерлерин жана жумушчуларын коргоо үчүн 10 000 аскерден турган күзөттү коюуга ниеттенип жатат. Ал гана эмес, Кытай Афганистанга мындай убада кылды: ал жерде кен казууга, Кабул менен СУАРдын ортосунда темир жолду курууга ниеттенип жатат, азырынча 2017-жылга чейин ал 100 миллион доллар чамалуу грантты бөлүүдө.

 

Тынчтыкты жаратуу Кытай үчүн белгилүү ажат ачуу болуп калууда. Ал БУУнун аскерлерине эң көп сандагы тынчтыктарды жаратуучу аскерлерди берет. “Бир жол, бир тилке” долбоору өзүнө мурдагы жана салыштырмалуу жаңы чыр-чатактардын бүтүндөй чөйрөсүн потенциалдуу жөнгө салууну, оорчулукту жеңилдетүүнү, диалогду, жолду бойлото региондордо өлкөлөр ортосундагы жумушчу мамилелерди калыбына келтирүүнү камтыйт. Кыргызстанды Өзбекстан менен соода, эки тарапка карай адамдарды алмашуу, туризм жагынан байланыштыра турган темир жол биздин эки тараптуу мамилелерибизди калыбына келтирүүнүн катализатору боло алат.

 

-Жыйынтыктап жатып сиз дагы эмнелерди айткыңыз келет?

 

-Кайталап кетким келет, бүткүл пайданын учурунда жана деңиз жолу боюнча товарлардын массалык, демейки жүгүртүүсүнүн фонунда жакшылыктын жышааны көрүнө баштады, 21-кылымдын мегатрассасынын континенталдык чен-өлчөмү калыбына келүүдө. Биз башыбызды оорутпастан, күйүкпөстөн, бирок акыл-эстүүлүк менен бардыгын ойлонуп жана таразалап, ушул поездге түшүүгө тийишпиз. Бирок создуктурууга да болбойт, бизге тарых берген мүмкүнчүлүктү пайдаланууга убакыт жетти.

 

Китеп дүйнөсү

 

-Роза Исаковна, Сиз азыркы чет өлкөлүк сапардан алып келген китептер жөнүндө айтып берсеңиз.

 

-Жан дилим менен. Мына Джавахарлала Нерунун “Ачык Индия” китеби, анын “Кызына – Индира Гандиге каттары”. Эки китеп тең ал түрмөдө отурганда жазылган. Мен пакистандыктардын: жазуучу Саадат Мантонун, акын М. Икбалдын, учурдагы авторлордун чыгармаларын алып келдим. Өз билимибиздин кемтиктерин толтуруу керек, Икбал бүткүл Чыгышта өтө белгилүү, аны биздин коңшубуз Тажикстанда жакшы билишет. Сингапурдан бир кучак китеп, бул өлкө, анын лидерлери жөнүндө окугандан тажабайм. Акыркы китеп Ли Кван Юнун интервьюсу, ал эми бул китеп – Мохаммад Махатхирдин, Малайзиянын мурдагы Премьеринин дүйнөлүк лидерлерге алда канча маанилүү каттарынын топтому, Сингапурдун жана Малайзиянын лидерлеринин кыздары – Ли Вэй Линг жана Марина Махатхир – экөөнүн тең өлкөнүн жана коомдун өнүгүшүнүн көйгөйлөрү боюнча жигердүү позициясы бар экендиги, ондогон жылдар бою айына эки жолу өз өлкөсүнүн көрүнүктүү газетасынын колонкаларына жазганы кызык. Бул Марина Махатхирдин макалаларынын жыйнагы.

 

-Сиздин фондуңуз ушул китептердин ичинен айрымдарын которуп жана басып чыгарып жатат деп уктум?

 

-Окурмандарга кыргыз тилинде дүйнөгө белгилүү инсандарды сунуш кылуу үчүн биз “Өмүрү өрнөк инсандар” китептеринин сериясын чыгара баштадык. Ден Сяопиндин кызы Ден Жундун “Менин атам Ден Сяопин” китебин кыргыз тилине котордук жана басып чыгардык. Май айынын аягында Махатма Гандинин өмүр баян китебин презентациялоону даярдап жатабыз. Аны англис тилинен кыргыз тилине тарыхчы жана журналист Тынчтыкбек Чоротегин которду. Басмада дагы бир катар кызыктуу китептер турат, аларды басып чыгарууну менин Фондум демилгеледи, алар эч кимди көңүл кош калтырбайт деп ишенем.

 

Александр ТУЗОВ

Вечерний Бишкек

«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын фотосу жана тексттеринин котормосу.