«Каратегинден кат» («LettersfromthePamirs») документалдык фильминин бет ачары болуп өттү

April 11, 2016, 06:00

9-апрелде Ч.Айтаматов атындагы кино үйүндө "Каратегинден кат" документалдык толукметраждууфильминин улуттук бет ачары болуп өттү. Фильмдин режиссеруЖаныл Жусупжан түшүндүргөндөй: "Каратегин – бул региондун тарыхый аталышы, ал жерде Жерге-Тал жайгашкан.".

 

Иш жүзүндө "Каратегинден кат" фильмин эң башынан көрө баштагандан тартып Жерге-Тал Жаныл Жусупжан жана анын каармандары үчүн – бул бардыгы кенен жана бактылуу чөлкөм деген сезим пайда болот. Алар эң кооз деп эсептеген жер, мисалы, Кыргызстанга караганда кооз. Алар бул жерден, Жерге-Талдан, кеткен болсо, ал жакка кайрадан кайтууга же ал жерден эч качан кетпөөгө умтулушат. Башкача айтканда – Жерге-Тал – бул көктөн тилеген жер.

 

ФильмдиШахноза – Жерге-Талдын жаш кожойкеси баштайт жана аяктайт, ал өзүн Каратегиндин бийик тоолуу жашыл жайыттарынан башка жерде элестете албайт, анын оторунда негизинен кара жана каралжын койлор бар.

 

Финалда Шахноза өзүнө жаккан жигит бар деп мойнуна алат, анын пикири боюнча, ал – эң мыкты, бир нече тилдерди билет, райондук борбордо окуйт. Ал метис – жарымы тажик, жарымы кыргыз. Эки жаш бири-бирине жагабыз деп сезишет, бирок өз убактысы жеткенге чейин бири-бири менен сүйлөшкөнгө болбойт, бирок убактысы келет, ошондо алар мыйзамдуу мамилелерге кирет жана каалаганчамаектешет! Башкача айтканда, жаш кыз өзүнүн келечектеги бүткүл турмушун элестетет жана ал өзүнүн тилеген тилегинин бардыгы ордунан чыгат деп ишенет!

 

Фильмде көптөгөн каармандар бар, алардын ар биринин өз тагдыры, өз кайгысы бар, бирок мекенин – Жерге-Талды жана кененирээк – Тажикстанды – алар башынан өткөргөн оорчулуктарга карабастан сүйөт. Каармандардын бири мындай дейт: «Мага Тажикстандан кетейин деген ой да келмек эмес, бирок азыр болуп жаткан айрым окуялар мени абдан кейитет. Мен ушул темада өз байкем менен көп маектешем. Анын улуу баласы – Бишкекте студент. Башка уулу мектепти аяктап жатат жана Бишкекке кетет. Мага ушул эң кооз жерден кетүүгө аргасыз болом деген ой келгенде абдан кейип кетем, Бул жерде өзүм туулгам, менин ата-энем жана алардын ата-энелери туулган, алардын сөөгү коюлган... Мен өтө кыйналып турам. Бул менин жүрөгүмдү өйүп турат...».

 

 

Маалымат үчүн:

Фильмдин автору – Жаныл Жусупжан - журналист, фотограф жана документалист, бул региондорго көп барып турат, бул жерде этностуккыргыздар тематикасы жергиликтүү, ошондой эле кыргызстандык ЖМКлар тарабынан иш жүзүндө чагылдырылбайт. Анын иши бизге жетүүгө кыйын болгон Памирде жана ага жакын жайгашкан аймактарда жашаган кыргыздардын күндөлүк турмушун гана эмес, ошондой эле сезимдерин, үмүтүн, кооптонууларын жана тилектерин билүүгө жардам берет. Бул фильм – Кыргызстандагы жана Тажикстандагы бир нече жыл бою тасмага тартуунун жыйынтыгы.

 

"Чагалдакфилмз" компаниясынын (Кыргызстан) фильмиСinedocFilms (Франция) менен копродукцияда жана Швейцариянын Кыргызстандагы Элчилигинин жана Швейцариянын кызматташтык боюнча бюросунун колдоосу менен түзүлдү.