«Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү бала үчүн жагымдуу билим берүү чөйрөсүн түзүүдө мамлекеттин жана коомдун ролу» тегерек столунун резолюциясы

March 28, 2016, 06:00

Тегерек столдун катышуучулары – Билим берүү жана илим министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин, КР Омбудсменинин өкүлдөрү, ЖК депутаттары, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү – ДМЧ балдар үчүн жагымдуу билим берүү чөйрөсүн түзүү жөнүндө маселелерди талкуулады. Аны түзүү үчүн мектепке чейинки жана мектеп уюмдарында инклюзивдик билим берүүнү алга илгерилетүү өлкөбүздүн саясатынын артыкчылыктарынын бири болуп калууга тийиш.

 

Инклюзивдик билим берүүнү киргизүү боюнча багыттарды турмушка ашыруу жагынан жетишилген оң натыйжаларга карабастан, тегерек столдун катышуучулары ДМЧ адамдар жана турмуштук оор кырдаалга кабылган бардык балдар үчүн жагымдуу билим берүү чөйрөсүн түзүү маселелерин чечүүдө министрликтердин жана ведомстволордун, коомдук уюмдардын күч-аракеттерин баш коштуруу зарылчылыгын белгиледи.

 

Талкуулоонун жыйынтыктары боюнча тегерек столдун катышуучулары төмөнкүдөй сунуштарды киргизип жатат:

 

• Балдарды коргоо чөйрөсүндө, анын ичинде ДМЧ балдарды колдоо боюнча ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү;

• Инклюзивдик билим берүү түшүнүгүн аныктоо;

• Билим берүү программаларын иштеп чыгуу учурунда окутуунун кадамдык технологияларын эске алуу;

• КР БжИМдин «Жогорку кесиптик билим берүүнүн Адистиктеринин классификаторуна» өзүнчө шифрди киргизүү;

• ДМЧ балдарды эрте аныктоону жана социалдык коштоону жүзөгө ашыруу;

• Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү;

• Максималдуу эрте этапта коррекциялык жардамды өнүктүрүүдө жана уюштурууда көйгөйлөрү бар балдарды өз учурунда аныктоо үчүн эрте жардам берүү кызматын түзүү жөнүндө өтүнүч кылуу;

• Ата-энелердин коомдук уюмдары менен социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү;

• Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар менен иштеген бардык адистердин квалификациясын жогорулатуу;

• И.Арабаев атындагы КМУнун базасында «Атайын жана инклюзивдик билим берүү» факультетин түзүү;

• КР БжИМде инклюзивдик жана атайын билим берүү боюнча адистин өзүнчө штаттык бирдигин киргизүү;

• Атайын жана инклюзивдик билим берүү жагынан илим-изилдөө жана практикалык иш маселелери боюнча Кыргызстандын мамлекеттик жана өкмөттүк эмес уюмдарынын жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн субъекттери менен кызматташтыгын кеңейтүү;

• Координациялык кеңештин курамына квалификациялуу дефектологдун кызматын киргизүү;

• Инклюзивдик билим берүүнүн оң кадыр-баркын калыптандырууга багытталган иш-чараларды жүргүзүү.