Натыйжалуу Мамлекеттик-Жеке Өнөктөштүк аркылуу Борбордук Азияда Сапаттуу Саламаттыкты сактоого Жеткиликтүүлүктү жакшыртуу

March 22, 2016, 06:00

Бишкек, Кыргызстан – 2016-жылдын 17-мартында Борбордук Азия Университетинде Афганистан Өкмөтүнүн, Франция Өкмөтүнүн, Өнүктүрүү боюнча Ага Нан уюмунун (АКДН) жана La Chaîne de l’Espoir франциялык коомдук уюмунун ортосундагы төрт тараптуу жаңычылдык өнөктөштүк тууралуу презентация болуп өттү. Иш чарага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, дипломатиялык корпусунун, жарандык коомунун, академиялык чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү жана өнүгүү боюнча башка өнөктөштөр катышты.

 

Иш чаранын негизги тематикасы ийгиликтүү мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн натыйжасында кантип Балдар үчүн Франциялык Медициналык Институту (FMIC), татаал шарттарда жогорку сапаттагы медициналык жардамдарды көрсөтүүчү Кабулдагы заманбап медициналык мекеме уюштурулганы болду.

 

Иш-чарада өзүнүн чыгып сүйлөгөн сөзүндө Кыргыз Республикасынын Экс-Президенти Роза Отунбаева мындай деп белгиледи: “FMIC мыкты ийгиликтерге жетишти. Мен бул Институттун алдыңкы эл аралык адистерди тартуу менен алардын афганстандык кесиптештери менен өнөктөштүктө сапаттуу медициналык жардамдарды көрсөтүп жатканына абдан таң калдым. Бул кызматташтыктан биз Борбордук Азиянын жана анын чектеринен тышкаркы элдердин жашоо-тиричилигинин сапаттарын жогорулатуу максатында ар түрдүү аймактардын, мекемелердин жана элдердин ортосунда олуттуу байланыштарды түзүү үчүн өрнөктүү тажырыйба алсак болот”.

 

FMIC Төрагасы жана «Кереметтер жайы: Кабулдагы балдар ооруканасынын жана ал жашоосун өзгөрткөн адамдардын тарыхы» деген аталыштагы китептин автору болуп саналган д-р Ли Хиллинг коммерциялык эмес негизде иштеп жаткан ушул оорукананын тарыхы тууралуу, алып айтканда, ал өзүнүн кардарларынын, ошондой эле анда иштеген медициналык кызматчыларынын тагдырын кандайча өзгөрткөнү жөнүндө аңгеме куруп берди. «FMIC Афганистанда медициналык жардам көрсөтүү жолу менен, ошондой эле кесиптик даярдыкты жогорулатуу программалары аркылуу абдан ар түрдүү адистиктердеги квалификациясы жогору, сапаттуу медициналык кызматкерлерди даярдоо үчүн саламаттыкты сактоонун абдан маанилүү кызмат көрсөтүүлөрүн камсыз кылдууда. Бул милдет негизинен Институттун ар бир уюштуруучусунун өз милдеттерин аткарууга карата жоопкерчиликтүү мамилесинен улам аткарылууда».

 

Иш чарада чыгып сүйлөө менен, Франциянын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Е. П. Стефан Катта мындай деп белгиледи: «FMIC бул көптөгөн адамдардын күч-аракеттеринин натыйжасы, алар бул мекеменин түзүлүшүнө жана иштешине өздөрүнүн зор салымдарын кошушкан. Ушул медициналык мекемени уюштуруу идеясы жана демилгеси Франциянын жана Афганистандын айрым инсандарынан чыкканына карабастан, Институт көптөгөн өлкөлөрдүн адамдарынын талбаган эмгектеринин, ошол эле убакта эки өкмөттүн жана эки жекече өнөктөштүн, мекеменин негиздөөчүлөрүнүн үзгүлтүксүз колдоосунун жемиши болуп саналат».

 

Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министриинин орун басары, д-р Амангелди Мурзалиев презентация үчүн өзүнүн терең ыраазылыгын билдирди, анткени FMIC башка аймактарда тажырыйбаны карап чыгуу жана үйрөнүү үчүн маанилүү модель болуп саналат. Ал ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан, анын ичинде мамлекеттик-жекече өнөктөштүк долбоорлору аркылуу эненин жана жаңы төрөлгөн ымыркайдын саламаттыгын сактоого байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү жана сапатын жогорулатуу боюнча бир катар чаралар көрүлүп жатканын белгиледи.