Биринчи жолу бала-бакчага: ата-энелерге 11 кеңеш

March 12, 2016, 06:00

Баланын бала-бакчага көнүшү, демек жаңы социалдык шарттарга үйүр алышы көп учурда оорчулук менен өтөт. Бала бакчага келген учурдан тартып баланын адамдар менен болгон бардык мамилелеринде олуттуу өзгөрүүлөр жүрүп, мурда көнүп калган жашоосунан өтө айырмаланып турат.


Турмуш-шарттын мындай өзгөрүшү тынчсыздануу, сүйлөө жана ойноо жөндөмүнүн төмөндөшү менен коштолот, ал эми көп учурларда мындай абал баланын ден соолугуна да таасирин тийгизет. Бала бакчага барбаган наристе жакын адамдардын жоктугу, бейтааныш чоң адамдардын болушу, балдардын көптүгү, жаңы күн тартиби жана ушул сыяктуу көрүнүштөргө көнө албайт. Мындай көндүмдөрдү кандайча жеңилдетүүгө болот?


1. Алгачкы айларда баланы бала-бакчага жарым күнгө эмес бир нече саатка, мисалы, эс алуу үчүн гана, ал “Балдар менен формалдуу” эмес шарттарда таанышуусу үчүн алып келгиле. Андан кийин – жарым күнгө, андан соң – бир күнгө алып келүү керек. Эгерде бала жаңы турмушка оорчулук менен “кире турган болсо” капаланбай турсаңыз болот. Кичинекей бала бакчага өтө жай көнүккөн учурлар көп болот, бирок андан кийин бала энесине кечирээк келип алып кетүүнү, себеби алар ойногонго жетише элек болгондуктан (жарым күндүк тамактанууда май каймак жешет, үй курушат ж.б.) шашылбай алып кетүүнү өтүнүшөт.


2. Үйдө тыюу салууларды көп жасоого аракеттенбеңиз – андай тыюу салуулар бала бакчада жетиштүү. Сиздин балаңыз эмнени каалай тургандыгын билиңиз, эмнени кааласа ошону жасасын: чуркасын, кыйкырсын, ата-энесинин керебетинин үстүндө оонап жата берсин. Бул ага эс алып чарчап калышына жардам берет, анткени бир күндүн ичинде балада көптөгөн эмоциялар - оң жана терс эмоциялар чогулуп калат жана аларды өз алдынча кетирүүгө баланын күчү жетпейт. Андыктан андай иштерди узак убакыт бою жасоого телевизор көрүп же компьютердик оюндарды ойноону улантуусуна жол бербөө табигый иш. Бул нерв системасына артыкча оорчулуктарды алып келет.


3. Эгерде сиздин балаңыз бала бакчада ызы-чуудан чарчап келсе жана тынчтыкты каалап турса, ага тынч шарттарды камсыз кылыңыз. Жомок окуп бериңиз, сүрөт тартууну сунуштаңыз, апликация жасап, куурчак менен ойноого шарт түзүңүз.


4. Үйдө болгондо бала менен ал бала-бакчада жасай албаган нерсесин жасап көндүрүңүз. Өзү жууркан төшөгүн жыйнаганга, столдун үстүн жасалгалоого, өзүнүн чачын өзү тарап алууга көнүксүн, ал үйдө канчалык өз алдынча болсо бала бакчада ага ошончолук жеңил болот.


5. Балага суук тийип калбасын десеңиз – ал эми бала бакчага жаңыдан баргандар көбүрөөк оорушат, - уулуңузду же кызыңызды ысык-суукка көнүктүрүү үчүн бардык күч аракетиңизди жасаңыз. Ал эми медиктер андай көнүгүүлөрдү жай айында баштоону сунушташат. Сууга түшүү учурунда баланы бөлмөдөгү температурадагы суу менен жуундуруңуз, эртең менен нымдуу сүлгү менен денесин сүртүңүз, эгерде мүмкүндүк болсо жумасына эки жолу бассейнге алып барыңыз.


6. Кичинекей балаңызга бала-бакчага өзүнүн жакшы көргөн оюнчугун кошо ала кетүүсүнө уруксат бериңиз – анткени эртең менен көнүп калган үйүнөн жеңил чыгып кетүүгө мүмкүндүк болот. Бирок, эгерде жумшак эмес оюнчукту эмес желим оюнчуктарды тандап алса, аларды ойногондон кийин жууп-тазалап коюуга болоорун эстен чыгарбаңыз. Балаңызды мактаңыз, эгерде достору менен бөлүшкүсү келип бир нече оюнчукту алууну кааласа ага мүмкүнчүлүк бериңиз. Башка балдардын колунан оюнчуктарды тартып албай – сурап алууга гана боло тургандыгын түшүндүрүңүз.


7. Эгерде сиздин балаңыздын өз тобундагы балдар менен тил табыша алышы оор болсо балаңыз башка балдар менен достошуп кетүүсү үчүн бардык аракеттерди көрүңүз. Аны короодо ойноп жүргөн өзү теңдүүлөр менен тааныштырыңыз, алар менен жашынмак жана башка оюндар менен ойноону сунуштаңыз. Тааныш балдарды үйгө көбүрөөк чакырыңыз. Бала тартынчаактыгын унутуп, бала-бакчага батыраак көнүп кетет.

8. Бала-бакчада тарбиячы биринчи талап боюнча эле жетип келип кашык менен тамактандырууга, анын керебетинин жанына отуруп алып жомок айтып берүүгө, натыйжада тезирээк уктап калсын деген аракетине карата керексиз нерселерди убада кылбаңыз. Тескерисинче балага тарбиячы зарыл болгон учурда гана жардам бере тургандыгын, анткени бала бакчада балдардын көп экендигин, андыктан чыдап кайсы бир мезгилге чейин күтүүгө туура боло тургандыгын түшүндүрүңүз.


9. Балага бала-бакчада кандайдыр бир режим жана тартип боло тургандыгын, аларды бузбоо керектигин айтыңыз. Ошондуктан, эгерде тарбиячы баардыгын тамак ичүүгө чакырса, демек барып тамак ичүү керек. Бул учурда керебеттин үстүндө ойноп отурууга болбойт. Эгерде уктай турган убакыт келсе, демек оюнчуктарыңды ордуна коюп уктоочу бөлмөгө баруу керек) –деп айтыңыз.


10. Эгерде сиздин балаңыздын тигил же бул продуктыга же дары-дармекке аллергиясы болсо бала-бакчанын персоналына бул жөнүндө сөзсүз түрдө билдирип ал маалыматтын туура жана так жазылгандыгына ынаныңыз.


11. Үйдө бала бакчага окшош күн тартибин түзүүгө аракет кылыңыз. Дем алыш күндөрү түшкө чейин уктоого жол бербеңиз. Бала бир мезгилде туруп көнгөнү жана болгону бир саат, бир жарым саат эле көбүрөөк уктаганы жакшы. Ал эми бала түн жарымында эмес, андан бир нече мурда уктоого тийиш. “Тынч” убактысынан тышкары, түшкү тамактанууга чейин жана андан кийин сейилдөөлөрдөн баш тартпаңыз. Бала режимге канчалык тез көнсө ал үчүн бала бакчада кыйынчылыктар ошончолук азыраак болот.


Ата-энелер баласы менен биринчи жолу бала бакчага бара баштаганда эмнелерди жасабоо керек:


-баланын көзүнчө бала-бакча жөнүндө жаман сөз айтууга;

-баланы бала-бакча менен “коркутууга”, “үйгө кеч алып кетем” – деп урушууга;

-анын бала-бакчадагы балдар менен мамиле түзүшүнө жолтоо болууга;

-нерв системасын жеңилдетпестен, тескерисинче оорлатууга;

-баланы көп адамдар жүргөн жана ызы-чуулуу жерге алып барууга;

-дайыма эле жуундуруп турууга, сезон боюнча кийиндирүүгө;

-үйдө аны менен урушууга;

-балалык кыял жоруктары үчүн жазалоого;

-дем алыш күндөрү баланын көнгөн режимин чукулунан өзгөртүүгө;

-бала-бакчага байланыштуу көйгөйлөрдү анын көзүнчө талкуулоого;

-баланын кадыресе жүрүш-турушунан чектөөлөргө көңүл бурбоого;

-дарыгер айткандардын бардыгын аткарбоого.