Вальдорф педагогикасы деген эмне жана аны кантип колдонот

March 8, 2016, 06:00

Чоң кишилер балдарды тарбиялап жатып, алар өздөрүнүн алдына койгон максаттар жөнүндө ойлонобу?

 

Көп учурда биз бардыгыбыз өз балдарыбызды ар тараптан өнүккнө адам жөнүндө биздин элестетүүлөрүбүзгө жооп берген кандайдыр-бир бөтөнчө адам кылып өстүрүүгө ниеттенебиз. Бирок ар бир бала – бул төрөлгөндөн тартып өз алдынча инсан экенин, ал эми биздин – чоң кишилердин милдети – аларга өз алдынча адам болууга жардам берүү экенин эске алуу керек. Ошол эле учурда өз балдарыбызга тарбия берүүнүн акыйкаттыгын туу тутуу менен, биз өзүбүз бала болгонубузду, мында өзүбүздүн балалык эскерүүлөрүбүзгө кайрылып көрүү маанилүү экенин унутууга болбойт.

 

Дүйнө бизге жаңыдан гана эшигин ачып жаткан бала чакта биздин ар бирибизде мындан аркы турмушта биз эмне кылышыбыз керектиги жагынан ар кандай суроолор, чоң кишилер так жана түшүнүктүү жооп таба албаган, же болбосо бала менен бирге жооп издөө мүмкүнчүлүгү же ниети болбогон суроолор мезгил-мезгили менен пайда болуп турган.

 

Балдардын түгөнбөгөн «эмне үчүн?» деген суроолорунун арасында таптакыр күтүлбөгөн, мисалы, «Эмне үчүн А деген тамга башкача жазылбай, ушундай жазылат?» же «Эмне үчүн көбөйтүү белгисин адегенде кайчы (х) түрүндө жазабыз, андан кийин аны чекитке (.) алмаштырабыз?» деген суроолор кездешет. Балдардын ушундай эң жөнөкөй суроолоруна жооп табуу чоң кишилер үчүн анчалык жеңил эмес. Анткени бизде муну ойлонууга убакыт жок же биз ойлонгубуз келбейт, себеби аны биз өзүбүз билбейбиз, анткени бизге бул жөнүндө эч ким жана эч качан айтып берген эмес, анткени биздин бала кезибиздеги суроолорубузга чоң кишилер «Чоңойгондо билесиң» же «Мектепке барганда билесиң» деп кутулушкан. Андыктан жооп табылбай калган учурда, жаңыдан ой жүгүртүп жана дүйнөнү бүтүн система катары түшүнө баштаган баланын аң-сезими демейки педагогиканын чегинен чыга албай калат.

 

«Жоопсуз жооптордун» ушул процесси бала мектепке келгенде күчөп баштайт. Бала биринчи класста алган билимдер көп учурда мугалим тарабынан суроолорду бербестен жана талашып-тартышпастан, берилген сабактарды кабыл алуу керек деген кынтыксыз акыйкат катары сунуш кылынат. Ошентип, бала мектептин эшигин аттагандан тартып аны окутуу, тарбиялоо жана өнүктүрүү жүрүп жаткан айрым чектерге көнөт.

 

Мисалы, балдарга «А» тамгасы алфавиттин башталышы, ал ошонусу менен белгилүү жана аны эстеп калуу, жазуу оңой деп айтышат. Андыктан бир нече сызыкчадан турган тамга баланын жандуу ой жүгүртүүсүнө эч нерсе айта албайт. Ал эми тарыхый жактан алганда жазманын өзү адамзаттын өнүгүшүнүн бүтүндөй тарыхын өзүнө камтыган аска-зоолордогу сүрөттөрдөн түзүлгөн.

 

Бирок бул жөнүндө мугалим ойлонгон да эмес, анткени анын убактысы жок жана сабакка үлгүрүү керек. Андыктан биз өзүбүз байкабастан, баланын ой чабытын демейки чектерге камап, аны дүйнөнү аңдап-түшүнүү, өзүн түшүнүү бактысына ажыратып, биздин балдарыбыз бардыгын түшүнөт, дароо эстеп калат жана эрте жетилет деп сүйүнөбүз. Ушул туурабы?

 

Бул маселеге башка жагынан карап көрүүгө аракет кылалы. Бир караганда, балдар бакчасынан чыгып жатып, кала берсе балдар бакчасында балдардын көпчүлүгү жазууну жана окууну үйрөнүү ниетин билдирет жана буга толук кудуреттүү. Бирок балалык чак биздин балдардан али биротоло алыстабаганын эске алуу керек. Ошол чактагы өзүбүздү эстеп көрөлүчү, бизге бардыгы сыйкырдуу дүйнөдөй көрүнчү. Ошондуктан балалык кез менен коштошууну биз – чоң кишилер балдарда ушул курактык психологиялык процесстердин ортосундагы байланышты бузбагыдай түрдө уюштурууга тийишпиз. Бүгүнкү күндө педагогдун ар бир окуучуга көңүл буруусу жана мээрими азыркы дүйнө бизге таңуулап жаткан шашылыш ритмден улам көрүнбөй калып жатат. Андыктан ушул жарышка түшүп, балдар сабакты эстеп калууга гана үлгүрөт, бирок аны аңдап-түшүнүүгө, башынан өткөрүүгө жана анын айланасында болуп жаткан жаңы нерселердин бардыгын өз алдынча ачылыш кылууга жетишпейт.


Ар кайсы мезгилдерде педагогика тигил же бул маданияттын айрым дүйнө таануусуна таянган. Анын ар бир тарыхый мезгилинде тарбиялоонун өз идеалы болгон.


Бүгүнкү күндө «рыноктук экономиканын» доорунда шаарлардын көрүнүшү гана өзгөрбөстөн, ошондой эле адамдык дөөлөттөр жөнүндө айрым пикирлер өзгөрүп жатат. Азыркы турмуш адамдардан шашылыш темптерди сактоону талап кылып жатат. Дүйнө мүнөт сайын өзгөрүп, ошону менен бирге бизди да өзгөртүп жатат. Ооба, адам тез өзгөрүп жаткан шарттарга жана убакыттын талаптарына тез көнүүгө тийиш. Эгерде кимдир-бирөө кандайдыр-бир себептерден улам артта калып жатса, бул анын гана күнөөсү. Бүгүнкү күндө көпчүлүгү ушундай ойлойт. Деген менен бүгүнкү күндө “артта калгандардын” катарында өзгөчө муктаждыктары бар балдар да бар, алар көбүнесе жардамга жана колдоого муктаж. Балдардын категориясы “окуй албайт” деген диагнозтон улам же мектептеги окутуунун программаларынын тездеген темптеринен улам жалпы билим берүүчү мекемелерге баруу, “акылы жай өскөндүктөн” улам же дени сак балдарды жана өзгөчө муктаждыктары бар балдарды бир класста окутууга кудуреттүү жана аны даярдалган педагог кадрлардын жоктугунан улам коомдо жашоого жана өнүгүүгө мүмкүнчүлүк жок. Бирок жакын адамдын тагдыры азыр эч кимди кызыктырбайт, анткени андан ары илгерилеп, убакытка жетишүүгө үлгүрүү жана андан озууга аракет кылуу керек.


Баланын өнүгүшүнүн негизги фактору катары ритм маанилүү аспектилердин бири болуп саналат жана вальдорф методикасы боюнча окутууда балдарды оорулууларга жана дени сактарга бөлөт (реабилитациялоо борборлорунда дарылоочу педагогика – вальдорф педагогикасынын багыттарынын бири колдонулат.


Ошондуктан бүгүнкү күндө вальдорф мектептеринде колдонулган “доорлор” боюнча окутуу ритм – баланын сезимтал рухун дарылоочу улуу мугалим деген принцип боюнча түзүлгөн. Ал ар бир жандуу адамдык организмде бар, музыкада жана сөздөрдө, методиканын мазмунунда жана сабак өтүү өнөрүндө бар. Бала өзүнүн жөндөмүнөн жана мүмкүнчүлүктөрүнөн улам бүгүнкү күндөгү сабактын өзү үчүн эң аз бөлүгүн алса да, эртеңки күндө өтүлгөн теманы тез кайталоо менен алынган билимдерин бекемдеп жана жаңы нерселерди ала алат. Образдуу түшүнүк жана мугалим тарабынан ар бир сабакта вальдорф мектебинде теманы ачып бериши аркылуу балага зор дүйнөгө эшик ачылат, ошондо баланын түшүнүгү жаңы нерселерди башынан өткөрөт жана өзү үчүн өз алдынча ачылыш жасашы үчүн түшүнүгү кеңейет. Мындай ачылыш жасалганда бала жаңы жана татаал ачылыштарга умтулгусу келет.


Биздин азыркы турмуш – улам тездеп бара жаткан өзгөрүүлөрдө. Андыктан ал мектепке ар түрдүү талаптарды коет, биз аларга улам жаңы реформалар менен, улам күчөп бара жаткан окутуудагы дифференциация, баланы мектепке эрте тандоо менен мамиле кылабыз. Бирок бир мүнөттүк натыйжаларга гана негизделген талаптар келечек үчүн өтө шектүү экенин эске алуу керек.


Бүгүнкү күндө глобалдык масштабда мектепти бүтүрүүчүлөрдөн мурдагыдан таптакыр башкача нерселерди күтөт. Жоопкерчиликти аңдап түшүнүү, чыгармачылык жана туура чечимдерди кабыл алууга кудурет кеңири адистешүүгө жана аң-сезимди тактоого караганда көбүрөөк ыктайт.


Ошондуктан педагогдор тарбиялоо жана окутуу процессинин чордонунда эмне турганын жана биздин максат эмне болуп саналганын ойлонууга тийиш – “стандарттуу” адамдарды чыгаруу же биздин балдар дени сак же өзгөчө муктаждыктары бар, дүйнөнүн акыйкатына көнүүгө жана ага келечекте чыгармачылык менен таасир этүүгө таасир этүүгө кудуреттүү.


Дал инсанга багытталган тарбия жана окутуу, ар бир баланын жекече өзгөчөлүктөрүн, анын ышкысын, мүмкүнчүлүгүн жана талантын эске алган окутуу вальдорф педагогикасынын негизинде турат.

 Айнекенова Анара, дарылоочу педагог