Мектептин директору: ДМЧ балдар демейки класстарга адаптацияланып жатат

March 2, 2016, 06:00

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар дени сак курбулары менен демейки класстарга мыкты адаптацияланат. Бул жөнүндө Чүй областынын Москва районунун Мирошниченко атындагы орто мектебинин директору Мавлюда Саурова «Инклюзивдик билим берүү – келечекке карай жол» долбоорун талкуулоо учурунда айтты.

 

Анын айтымы боюнча, алардын мектебинде ДМЧ балдарга сабырдуу мамиле жасалат, эч кандай кодулоо жок.

 

«Биз «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар үчүн билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү» долбоору боюнча пилоттук мектеп болуп калуу менен жолдуу болдук. Ал 2009-жылы башталган. Буга чейин биз эксперттер бизден талап кылган эбегейсиз зор ишти аткардык. Биз медициналык-педагогикалык комиссияны чогулттук, Садовое айылынын балдарынын бардык ата-энелерин чакырдык. Ата-энелер адегенде анчалык ишене берген жок. Балдардын диагноздору ар түрдүү эле: начар угат, начар көрөт, жүрөгү начар иштейт, ДЦП, таяныч-кыймылдоо аппараты бузулган. Азыр алар бардык, кала берсе гимназиялык класстарда окуп жатат. Алар иш жүзүндө дени сак теңтуштарынан эч нерсеси менен айырмаланбайт», – деп билдирди директор.

 

Саурова «Наристе» билим берүү программасын киргизгенден кийин жагдай мурдагыдан да оңолду деп белгиледи.

 

«Биринчи класста ДЦПсы бар бала окуйт. Аны апасы алып келет. Ага жетинчи класстын окуучусу шефтик кылат, ал баланы ашканага жана танаписке өзү алып барат. Бирок ДМЧ бала өзү кыймылдоого жана классташтарына теңелүүгө аракет кылат. Ушундай балдарды адаптациялоо жүрүп жатат, андыктан алар кысымга алынган эмес. «Наристе» программасы боюнча окутуу оюн жагдайлары аркылуу жүрүп жатат. Балдар өз ара жана мугалимдер менен баарлашууга үйрөнүүдө. Акыл-эси жай өнүккөн окуучулар бар, алар демейки класстарда олтурат жана мугалимдер алар менен жекече иштейт. Бул үчүн эч кандай кошумча акы жок», – деп маалымдады ал.

 

Вечерний Бишкек