Борбор калаада балдардын китеп окуусу жөнүндө семинар өттү

February 23, 2016, 06:00

19-20-февралда Бишкек шаарында “Балдардын китеп окуусу: балдар адабиятынын тарбиялык жана маданий потенциалы” деп аталган семинар болуп өттү. Программанын автору жана түзүүчүсү педагог-психолог, “Балдар маданияты” фондунун жана балдардын “Бампер” китеп автобусунун жетекчиси Анна Тихомирова.


Семинардын катышуучулары балдар жана жеткинчектер үчүн Россиялык жана чет өлкөлүк авторлордун мыкты китептери менен тааныша алышты. Семинарда Анна Тихомирова балдар үчүн жана балдар жөнүндө көптөгөн жаңы жана кызыктуу китептер жөнүндө айтып берди. Эрте жашынан баштап эле балдардын эң кичинекейлери үчүн кызыктуу жана ыр саптары окулуп жатканда энесинин үнүн эске тутуп калууга ал китептердин таасири тие тургандыгы жана уктатууга же ойготууга үн чыгарып аракет жасоолорун көрүүгө, балдардын коркунучу, балдардын көйгөйлөрү – мисалы ата-энелери ажырашып кеткенде эмне кылуу керек, өзү үйдө жалгыз калганда корко тургандыгы же мектептин сценасында чыгып сүйлөөдөн тартына тургандыгы жөнүндө китептерге чейин чыгармалар бар.


Ютта Бауэрдин “Бир жолу мени апам урушту” - деген китебинде төмөнкү ыр саптары бар:

“Бүгүн эртең менен мени апам урушту,

Мен буга абдан таарындым:

Башымды көккө чалкалатып,

Курсагымды деңизге каратып,

Кулачымды токойго жайып,

Тумшугум шаарды карап,

Куйругум шаар ичинде жоголуп кетти.

 

Эки бутумдун бирөө да качып кеткен,

Бир нерсе кылганга чамам жок: тумшугум шаарда жоголгон!

Издегим келди, бирок көзүмө эч нерсе урунбайт!

Көзүмдү издеп учкум келет, бирок канатым кайрылган.

Ал эми бутум шилтөөдөн калып, темселедим.

Бирок кечинде апам менин ал бөлүктөрүмдү чогултуп тигип салды.

Бир бутум гана жетишпейт...

“Кечир мени, кымбаттуум”,- деди апам чарчаңкы.”.


Бул кыска бир нече саптарда баланын корккону жана анын сезимдери айтылган. Мында анын апасынын урушканы жана ата-энелер да кээде туура эмес мамиле жасай тургандыгы, бирок “Кечир мени” деген жөнөкөй сөз менен баардыгын оңдоп койсо болоору көрүнүп турат.


Анда Тихомированын семинары балдар жана чоң адамдар үчүн маанилүү суроолор жөнүндө ой жүгүртүүлөр да жардам бере тургандыгын көрсөттү. Катышуучулардын бардыгы кайсы бир бала үчүн, анын жаш курагына, эмнеге кызыгаарына, ал балада кандай көйгөйлөрдүн бар экендигине ылайык китептерди кандайча тандоого үйрөнүүгө боло тургандыгын билишти. Бала менен бирге китепти кантип окуп жана кандайча талкуулоо керектиги, китеп тандоого кандайча көңүл бурууга болоорун сезишти.


Мисалы, “Мен камыр жеп жатамын, ал эми бул мезгилде” деген япон автору Ёсифуми Хэсагаванын китебинин бир нече барактарында дүйнөдө эмнелер болуп жаткандыгы, жарандык позиция, бөлөк бирөөнүн кайгысына кайдыгер болбоо жана терең тынчсыздана билүү жөнүндөгү нерселер айтылат.


Азыркы китептер – бул текст гана эмес, ошондой эле иллюстрация. Сүрөтчүнүн эң сонун сүрөттөрү менен толукталган кыска тексттер балдарга кызыктуу китепти белекке айлантып, татаал теманы түшүндүрөт. Азыркы балдардын китебиндеги ар бир сөздө бир дагы ашыкча сөз жок. Бул китептер ойлонууга жана ой жүгүртүүгө, өзүнчөлүктү билүүгө, чыгармачылыкты жана фантазияны ойготууга мажбурлайт.


Россиялык жаш автор Анастасия Коваленкованын “Тамчы” деп аталган китеби балдарга жаратылышта суунун айлампа процессин жана суунун бардык түрлөрүн – булутту, карды, жаанды түшүндүрөт.


Тамчынын кызыктуу сапары түрүндө берилген, таңгалыштуу иллюстрациялар менен толукталган кыскача текст балдарга, ал тургай бөбөктөргө да түшүнүктүү.


Жозе Антонио Тассиестин “Уурдалган ысымдар” деген китебинде мектептеги зордук-зомбулук жана жеткинчектин жалгыздык көйгөйлөрү жөнүндө айтылат. Ал балдар, мугалимдер жана ата-энелер үчүн кызыктуу, өтө ачык жана айкын сүрөттөлгөн.


Борбордук Азия эл аралык университетинин, Арабаев атындагы КМУнун мектепке чейинки тарбиялоо кафедрасынын студенттери жана педагогдору, Кыргыз Билим берүү Академиясынын мектепке чейинки билим берүү кафедрасынын, ЮСАИДдин балдарга китеп окуу боюнча жеке менчик балдар бакчалары жөнүндө долбоордун адистери семинардын катышуучуларынан болуп калышты.