«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду: «Мектептик тамактанууну жакшыртуу мүмкүнчүлүгүн мектептерге берүү»

February 23, 2016, 06:00

Кыргыз Республикасында мектептерде тамактануу мамлекеттик колдоого алынган. 2016-жылдан тартып республикалык бюджеттен жыл сайын үч жүз элүү миңден ашуун окуучулар үчүн күнүнө бир балага 7-10 сом эсебинде жалпы билим берүүчү мектептердин 1-4-класстардын окуучуларына мектептик тамактануу уюштурулган. Жылына орточо 430 миллиондон ашуун сом бөлүнөт. Балдардын тамактануусу көбүнчө 1 стакан сүт же чайдан, ошондой эле булочкадан же башка кондитердик азыктан турат.


Азыркы учурда БУУнун Бүткүл Дүйнөлүк Азык-түлүк Программасынын, башка эл аралык уюмдардын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин финансылык жана техникалык колдоосу алдында “Кыргыз Республикасында мектептик тамактанууну оптималдаштыруу” деп аталган БУУнун БАПсынын долбоорунун алкактарында Кыргыз Республикасынын 261 пилоттук мектептеринде мектептик тамактанууну өнүктүрүү Программасы ишке ашырылып жатат. Аталган программа Кыргыз Республикасынын пилоттук мектептеринде башталгыч класстардын окуучуларына тамактанууну уюштурууну өркүндөтүү жана анын натыйжалуулугун жогорулатуу максатындагы шарттарды түзүүгө багытталган.


“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду Кыргыз Республикасында БУУнун Бүткүл Дүйнөлүк Азык-түлүк Программасынын долбоорун ишке ашырууга көмөктөшүп, мектептик тамактануу жаатында мамлекеттик саясатты алдыга жылдырууда.


Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, жалпы билим берүүчү мекемелердин, ата-энелер коомчулугунун, мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдарынын демилгеси, ошондой эле “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду тарабынан мектептик тамактанууну өркүндөтүү боюнча өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыктарында бардык долбоорлорго 800дөн ашуун мектептин окуучулары же республиканын мектептеринин ар бир үчүнчү мектебинин окуучулары тартылган.


Аталган долбоорду колдоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2014-жылдын 26-декабрында “Кыргыз Республикасында мектептик тамактанууну өнүктүрүүнүн негизги багыттары” жөнүндө № 734 токтом кабыл алган. Республикада ал токтомду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн ыңгайлуу шарттар бар, алардын негизгилери төмөнкүлөр болуп саналат:


-мамлекеттик бийлик органдарынын жана ата-энелер коомчулугунун мектептик тамактанууну уюштуруу механизмдерин колдоого жана өркүндөтүүгө даярдыгы;

-ысык тамакка өткөрүү үчүн мамлекет бөлө турган каражаттардын базалык көлөмүнүн болушу;

-республиканын көпчүлүк мектептеринин типтүү имараттарында ашкана инфратүзүмүнүн болушу;

-республиканын ар бир үчүнчү мектебинде ысык тамак уюштуруу тажрыйбасы;

-“Кыргыз Республикасында мектептик тамактануу программасын оптималдаштыруу” деп аталган БУУнун БАПсынын долбоору менен бериле турган мектептерде ашканаларды финансылык жана техникалык жабдуу мүмкүнчүлүгү;

-натыйжалуу мектептерде эмгек акынын жалпы фондунун эсебинен бухгалтерди, ашпозчуну жана ашкана кызматчысын өз алдынча күтүүгө 85%га мүмкүндүк берген бюджеттик каржылоонун ченемдик принциби.


Бүгүнкү күндө райондук билим берүү бөлүмдөрү (РББ) өздөрүнө райондун бардык мектептери үчүн тендерлерди өткөрүү боюнча милдеттенмелерди алышты, бирок мында мектептердин өздөрүнүн чыныгы мүмкүнчүлүктөрү жана керектөөлөрү дайыма эле эске алынбайт. Буйрутмачынын бардык талаптарына жана параметрлерине жооп берген ыңгайлуу жана сапаттуу азык-түлүк алып келүүчүнү тандоо коркунуч алдында калат. Мындай болгон учурда мектепте тикелей буйрутмачы катары боло алышпайт жана “ортомчу” деп аталгандын ролун РББ ойнойт.


Кадыресе бир нече ондогон мектепти тейлөө үчүн бүтүндөй райондо бир гана азык-түлүк алып келүүчү иштейт. Анда бүтүндөй район боюнча тамак-аш азык-түлүктөрүн бир жолу алып келүү үчүн дайыма эле зарыл ресурстар боло бербейт. Айрым мектептерге тамак-аш азык-түлүктөрүн өз учурунда алып келүү, ошондой эле жакшы сапаттагы жаңы тамак-аш азык-түлүктөрү менен камсыз болбоо тобокелдиги түзүлөт.


2015-жылы БУУнун БАПсынын долбоорунун алкактарында “Роза Отунбаеванын демилгеси” Фондунун буйрутмасы боюнча мектептерде балдарга ысык тамак уюштуруу боюнча иштин учурдагы абалын, жергиликтүү бийлик органдарынын жана ата-энелердин, ошондой эле эл аралык уюмдардын катышуу масштабдарын, ченемдик-укуктук базаларда жана мектептерди администрлөөдө ар кандай жолтоолуктардын болушун баалоо үчүн “Социум Консалт” Консалтиндик компанияны тартуу менен изилдөөлөр өткөрүлгөн.


Анын жыйынтыктары боюнча республиканын мектептерине ысык тамак берүүнү жалпы киргизүү үчүн мамлекеттик-укуктук жөнгө салуу чөйрөсүнө тиешелүү жолтоолуктар жана тобокелдиктерди, өндүрүштүк потенциалдын, администрлөө жана мониторинг жасоо көрүнүштөрүнүн бар экендиги тууралуу корутунду алынган.


Ысык тамак уюштурууда мамлекеттик-укуктук жөнгө салуу чөйрөсүндөгү тоскоолдуктар ченемдик-укуктук базанын жоктугу же өркүндөтүлбөгөндүгү болуп саналат.


Буга байланыштуу, “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду БУУнун БАПнын техникалык колдоосу алдында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашуу боюнча 2016-жылы мектептик тамактануунун улуттук программасын өркүндөтүү, ошондой эле пилоттук долбоордун биринчи алкактарына катышкан негизги тараптын потенциалын чыңдоо максатында кийин аларды бүтүндөй республикага жайылтуу менен өнөктөш уюмду “Социум Консалт” ККны тартуу аркылуу иштерди жүргүзүүнү демилгелейт. Пилоттук долбоорго Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун, Нарын областынын Ат-Башы районунун, Ош областынын Кара-Кулжа районунун 114 жалпы билим берүүчү мектептери кирди.


Пилоттук долбоордун алкактарында:

-мектептик тамактануунун керектөөлөрүнө каражаттарды тартуу (мамлекеттен тышкары) жана сатып алууларды уюштуруу жаатында пилоттук механизмдердин сапатын, натыйжалуулугун жана туруктуулугун жогорулатуу үчүн улуттук потенциалдын чыңдалышына жардам көрсөтөт;

-ченемдик укуктук базаларды толуктап иштеп чыгуу жана мектептерде балдардын ысык тамагына төгүмдөрдү институционалдаштыруу жана ысык тамак уюштурууга сатып алууларды өткөрүү механизмдерин иштеп чыгуу жүргүзүлөт;

-балдардын ысык тамагына төгүмдөрдүн институционалдаштыруунун сунушталган механизмдеринин пилоттук режимде, ошондой эле бюджеттик жана бюджеттен тышкаркы каражаттарды (ата-энелердин төгүмдөрүн, бизнес түзүмдөрдүн төгүмдөрүн, мектепке караштуу чарбалардын кирешелерин, ЖӨБОнун жана башкалардын салымдарын) чыгымдоо жана эсебин алуу, сатып алууларды уюштуруу тартибин байкап көрүү.