Отунбаева: Кыргызстандын ар бир кызы Бүбүсарадай болсом деген үмүт менен өсүүгө тийиш
January 8, 2016, 06:00Кыргыз Республикасынын Экс-президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун уюштуруучусу өзүнүн фондунун 2015-жылдагы ишинин жыйынтыктары жана 2016-жылга пландары жөнүндө айтып берди.
- Роза Исаковна, эмне үчүн, Сиз белгилегендей, «зордук-зомбулуктуу экстремизм жана диндеги радикализм идеологиясы биздин турмушка агрессивдүү кирип келип, жигиттерди, кала берсе жаш балдары бар аялдарды Сирияга азгырып жатканынан улам, бүткүл дүйнөдөгүдөй эле, биздин коом ушул жаман окуяларды ооздуктоо үчүн өбөлгөлөрдү тынымсыз издеп жатат»?
Отунбаева: Кыргызстандын ар бир кызы Бүбүсарадай болсом деген үмүт менен өсүүгө тийиш.
- Билим берүү менен көркөм өнөр гана – ушул коркунучтуу күчтөрдү ташын талкан кыла ала турган «барскандар» деп ишенем. Курсактын камын ойлобогон, жашоо деңгээли тамак-аш жана жаштар үчүн оюн-зооктун жеткиликтүүлүгү жөнүндө ойлонбой эле коюуга мүмкүндүк берген Батышта коом бөтөн согуштарда салгылашуу үчүн максатты көздөп кетип жаткан жаштардын агымынан үрөйү учуп турган учуру. Бирок адамзаттын тарыхында мындан да жаман окуялар болгон, өтө кайгы-касиреттүү убакыттар болгон: жакырчылык, согуш, кара тумоо, эпидемиялар бүтүндөй өлкөлөрдү, коомдорду бүлүккө салган, бирок күчтөрдү баш коштуруунун жана билимдин аркасында гана адамдар бутуна туруп жана зыяндардан кутулуп, өз жашоосун кайрадан уланта берген.
- «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун 2015-жылдагы ишинин башкы жыйынтыктары деп дал эмнелерди атоого болот?
- Биз Фонддун ишинин негизги идеясынан тайыган жокпуз: адамдын калыптанышы туулган учурдан тартып башталат, балага эртелеп күч-аракетти жумшоо зарыл, үч-беш жаштан кийин кеч болуп калат. 17 адам Монтессори методикасы бар иш боюнча лицензия алды, алар жеке балдар бакчаларында тарбиялоонун деңгээлин жогорулатты. 2015-жылдын жайында жайлоолордо иштеген 87 балдар бакчасы өлкөнүн өтө алыскы сырттарында ар бир бала, ата-энелер жана тоолуу райондордогу эл-журт үчүн гана эмес, ошондой эле биздин бардыгыбыз: тарбиячылар, педагогдор, студенттер, ийримдегилер, чет өлкөлүк волонтерлор үчүн эстен чыккыс окуя болуп калды. Ар жылдагы шаардык Билим берүү фестивалы, Арабаев атындагы университеттин базасында билим берүүдөгү инновациялар боюнча ар айдагы лекторий, балдарда китепке болгон сүйүүнү каныктыруу максатында «Раритет» китеп дүкөнүндө дайыма китеп окуп туруу – башкысы чарчап-чалыкпастан, бул түйшүктүү ишти чыдамкайлык менен жасоо керек. Анткени тарбиялоо – бир жолку акция эмес, биз кийинки муунду тарбиялоо жөнүндө сөз жүргүзүп жатабыз.
- Кыргызстанда билим берүүнү түп тамырынан жакшыртуу үчүн кантип күрөшүү керек?
- Муну жалгыз Билим берүү министрлиги жасай албайт. Дал ушундай эле, жалгыз Саламаттык сактоо министрлиги биздин ден соолугубуз үчүн жооп бере албайт, бардыгыбыздын ден соолугубузду сактай албайт. Жалпы өлкөлүк билим берүү долбоору болууга тийиш. Бүткүл коомдун, ар бир шаардын, ар бир айылдын күч-аракеттери гана натыйжага алып келет. Ооба, бүгүнкү күндө бюджеттин төрттөн бир бөлүгүнө чейинкиси билим берүү муктаждыктарына жумшалат, бирок тармактагы чыгымдардын натыйжалуулугу төмөн бойдон калууда. Билим берүүдөгү реформаларды тездетүү, ЖОЖдордун ишин иретке келтирүү, квази-окуу жайларын чечкиндүү кыскартуу, университеттерге маанилүү программаларды тез киргизүү, мыкты ЖОЖдордун рейтингин киргизүү үчүн бүткүл коомдун колдоосу, анын катышуусу керек. Реформалар эчак эле жарыяланган, окуу жылынын жарымынан ашты, шайлоо да өттү, бирок ЖОЖдордо адистерди даярдоодогу бири-бирин кайталоонун биздин бюджетти соолуткан керексиз, зыяндуу көрүнүштөрү али да көп. Мектептин жана университеттин программаларына коомдун макулдугуна ээ болгон дин таануу курстарын киргизүүнү кыйла создуктуруп жиберишти, бул коомчулуктун туура эле кооптонуусун пайда кылууда.
- Биздин педагогдор чет өлкөлүк грантсыз иштей алышы реалдуубу?
- Азыр биздин бир топ мектептерде эл аралык донорлордун аркасы менен гана БУУнун тынчтыкты жаратуу Фондунун алкагында көп тилдүүлүктү киргизүү, окутуу программаларына коомдун мультиэтностук өңүтүнүн, маданияттар аралык диалогдун, сабырдуулукту, тынчтыкты жана ынтымакты тарбиялоонун негизинде бирдиктүү жарандык темасын киргизүү боюнча иш жүргүзүлүп жатат. ЖКдагы 2016-жылга өлкөнүн бюджетин жандуу талкуулоосу жана бекитүүсү биз кийинки жылда да, алдыдагы бир нече жылда да тышкы гранттык колдоо болмоюнча өнүгө албай тургандыгыбызды ачык көрсөттү. Өнүгүп келе жаткан өлкө катары биз эл аралык колдоого муктажбыз.
- 2016-жылы өлбөс-өчпөс Бүбүсара Бейшеналиеванын туулган күнүнүн 90 жылдыгы белгиленет.
- Ошондуктан биз “Көркөм өнөрдөгү аялдар” долбоорунун айланасында бардык каалагандарды баш коштурууга ниеттенип жатабыз. Өлкөбүздөгү ар бир кыз көркөм өнөрдө жаңы Бүбүсара болуу үмүтү менен өсүүгө тийиш. Биздин Улуттук филармониянын базасында Балдар филармониясын ачуу абдан дурус болор эле.
- Азыр, Тарых жана маданият жылынын башталышында биздин маданий мекемелерде интернет-сайттар жагындагы иш кандай?
- Тилекке каршы, борбор шаардын ондогон маданий мекемелеринин – музейлердин, театрлардын, көргөзмө залдардын сайттарын табуу кыйын, областтык борборлор жөнүндө айтпай койсок деле болот, алардын басымдуу көпчүлүгүндө сайт таптакыр жок. Ошол эле учурда мыйзамсыз «Ислам мамлекети» тармактык мейкиндикте кесипкөй, амалкөйлүк менен иштеп жатат, ар бир жайсыз адамга аңчылык кылып, согуш талааларына он миңдеген километр аралыктан жаш балдарды жетелеп барууда.