Кыргыз жыттанган боз үйдөгү бала бакчалар

October 1, 2012, 06:00

“Жайлоолордо бала бакча ачылды” дегенин укканымда мага экзотикадай сезилген. Бийик тоолор, жашыл шибердүү жайыттар, боз үйлөр, анын биринде элестеткиле, беттери албырган наристелер окуганды, жазганды, эсептегенди үйрөнүп отурушат… 

ШАМАЛДЫ ТООТПОГОН ДОЛОНДУН БАЛА БАКЧАСЫ 

Ошентип, Долон ашуусундагы бала бакчага сапар алдык. Коштоочубуз Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн усулчусу Роза Томотоева жолду катар маалымат берип бара жатты. Жолдун жээгинде эки боз үй жайгашып, Кыргызстандын желегин желбиретип илип алышыптыр. Түз эле балдар отурган боз үйлөрдүн ичине кирип бардык. Заматта бир ооздон “саламатсызбы-ы-ы?” деп учурашкан наристелердин кучагында калып кеттим. Боз үй таза жана тыкан. Келердин алдында аны шамал учуруп кеткенин угуп калган жайым бар эле. Көрсө, биринчи жолу эмес экен. Үчүнчү жолу катуу шамалдан жыгылып түшкөн боз үйдү кайрадан тигишиптир. Туш тарабымды курчаган 30дай наристе “шедеврлери” менен тааныштырып жатышты. Козу, ак куу, күчүк, боз үй тартылган сүрөттөрү… Майда таштар жана үлүлдүн үйлөрүн катуу кагазга желим менен жабыштырып, көпөлөк, коён, жылкы менен гүлдөрдүн фигураларын жасашыптыр. Төрүндө китепкана орун алып, куржундарга түстүү жомок китептери салынган. Нарын райондук администрация башчысынын орун басары Роза Жумаева төмөнкүлөрдү айтып берди. 

– Нарын районунда буга чейин жайлоолордо бала бакча уюштурула элек болчу. Экс-президент Роза Отунбаева менен биздин жетекчилик түштүккө барып, ушундай жакшы жөрөлгөгө күбө болуп келишкен соң “Ага хан” фондунун көмөгү аркылуу жайлоодо 5-июлда эки бала бакча ачтык. Баш-аягы 50дөй бала тарбияланууда. Тарбиячылардын айлыгы мамлекеттик бюджеттен төлөнөт. 

“Эне мектеби” бала бакчасынын жетекчиси Дилбара Апышева төмөнкүлөргө токтолуп өттү: 

– 2007-жылы биздин бала бакчанын долбоорун жазып, ачканбыз. 2010-жылга чейин эч кандай айлык акы албай бекер иштедим. Кийин мамлекеттик каржылоого өтүп, маяна ала баштадык. Башында кыйынчылыктар өтө көп болду. Конуштар көп, жаш балдар да көп. Кээ бирлеринин аталары алыстыгына карабай атына учкаштырып алып келип таштап кетишет. Чоңураактары өздөрү эле бала бакчага эртең мененки саат тогузда келип калышат. Эң улуусу 12де, кичүүсү 2,5 жашта. 

Кадимкидей жылыш байкалууда. Балдар тартынып-кысынбай эркин боло башташты. Берилген тапшырмаларды аткарып, ырларды шатыратып жатташат. Маянага келсек, бир айын мамлекет, бир айын ата-энелер төлөп берүүгө макул болушкан. 

ЖОЛ, БАЛА БАКЧА САЛУУ – СООП ИШ 

Алай районунда да бул сыяктуу бала бакчалар курулган. Кесиптешим Эльвира Караевадай эле мен дагы ал жакка кабар алганы жөнөдүм. Бала бакча туурасында Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Досманбет Жээнбеков кенен маалымат берди. 

– Райондо үй жана жайлоо шартында 19 бала бакча бар. Жайлоо шартында курулган бакчада өзгөчөлүктөр бар. Анда балдар 3 саат гана окушат. Тамактануу, уктоо деген жок. Келишимге ылайык, үй ээлери шартты түзүп берет, айыл өкмөтү электр энергиясы жана кышында көмүр менен камсыздайт. Ал эми биз тарбиячылар менен окуу куралдарын таап беребиз. Буларга 3 сааттык гана программа киргизилип, 4 жаштан 6 жашка чейинки балдар билим алышат. Үй шартындагылар сентябрдан баштап балдар жайлоодон келгенде иштей баштайт. Боз үй шартында ачылган бала бакчалар учурда кызуу иштеп жаткан убагы. 

Жогоруда айтылган үй шартындагы бала бакчага Алай районунун тургуну, жеке ишкер Алтымыш Бообеков жана жубайы Гүлипа эжелер үйүн беришкен. “Жол салуу, бала бакча, мечит куруу – чоң сооп” деген Гүлипа Жаңыбаева менен маектештик. 

– Мен өзүм кесибим боюнча бала бакча тарбиячысымын, кесибим менен 10 жыл иштегем, жолдошум да педагог. Союз мезгилинде Алай районунун борборунда 5 бала бакча бар эле. Союз жоюлгандан кийин үчөө эле иштеп калды. Элдин жашоо шартын көрүп туруп, жолдошум экөөбүз тең педагог болгондуктан, бул ишке белсендик. 

– Каржы маселесин ким карайт? 

– Мен ижара акысын албайм. Эки тарбиячы бар, бири орус тилинен, экинчиси кыргыз тилинен сабак беришет. Аларга ар бир бала 200 сомдон айына алып келип беришет. Менин жолдошум кол эмгек мугалими болгондуктан, өз колу менен столдорду жасап берген. Эч кандай каражатсыз 4-5 саат сабагын окуп, тапшырма алып үйлөрүнө кетишет. Идиш-аякка, төшөккө, столдорго деп акча топтошкон эмес. Эшиктин алдына боз үй тигип китепкана кылып койгонбуз, кааласа боз үйгө кирип окушат, кааласа үйдө эле столго отуруп окуй беришет. Эшиктин алды кенен, сабак ортосунда сыртка чыгып бир сыйра ойноп киришет. Жакында эле өнүктүрүү фондусу менен Роза Исаковна келип, баарына күбө болуп кетти. Ал кишинин келиши бизге өзгөчө дем берип, балдарга болгон камкордугубузду күчөттү. 

– Дагы кандай шарттарды түзөлү деп жатасыздар? 

– Балдардын тил үйрөнүүсүнө, кол өнөрчүлүгүнө жана ой жүгүртүүсүн кеңейтүүгө бир топ шарттарды түзүп берүүбүз керек. Анан дагы ойноочу аянтча куруп, ал жерге селкинчек, турник жана башка ойноочу буюмдарды үй-бүлөбүздүн атынан сатып алалы деп жатабыз. Алдыга жакшы пландарыбыз бар, бирок ишке ашырууга убакыт бөлө албай жатам.

Эльвира Караева, Уулбү Каныбекова

koom@super.kg