КР экс-Президенти Р.И. Отунбаеванын Талас областына иш сапары

November 23, 2015, 06:00

2015-жылдын 18-19-ноябрында Кыргыз Республикасынын экс-Президенти жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун башчысы Р.И. Отунбаеванын Талас областына иш сапары болуп өттү.

 

18-ноябрда Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылында Р.И. Отунбаева Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Теодор Герцендин 80 жылдык мааракесине арналган конференцияны саламдашуу сөзү менен ачты. Конференцияда эл сүрөтчүсү К.Ю. Шигаев; КР Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Ж. Казакбаев, көркөм өнөрдү таануучу, Көркөм сүрөт академиясынын профессору Г. Токтосунова, Германиянын КРдагы элчилигинин экинчи катчысы Вольфганг Ханс Эмингер, Талас областынын немец диаспорасынын өкүлү В.Б. Рифель сөз сүйлөдү. Мугалимдер, мектеп директорлору, айылдык жана райондук кеңештердин депутаттары, райондордун жетекчилери, айылдык интеллигенция чогулган сүрөтчүнүн мекенинде Герцендин бийик көркөм өнөрү жөнүндө, анын Кыргызстандын көркөм өнөрүнө кошкон эбегейсиз зор салымы жөнүндө ыраазычылык менен айтышты. «Манас» эпосунун баа жеткис иллюстрациялары, карапайым адамдардын, Талас өрөөнүнүн жаратылышынын живопись сүрөттөрү, Герцен ата-баланын демилгеси, күч-кубаты менен дээрлик 30 жыл мурда музейди куруу фактысынын өзү Кыргызстан калкынын эсинде өлбөс-өчпөс из калтырды, алар бүгүнкү күнгө чейин бүткүл дүйнөдө биздин өлкөнүн көркөм өнөрүнүн даңкын жана брендин билдирет.

 

Ошол эле күнү Талас шаарынын А.Огомбаев атындагы балдар музыкалык мектебинде «Немецтер Кыргызстандын тарыхында» көчмө көргөзмөсүнүн финалдык иш-чаралары болуп өттү, ал «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан Кыргызстан немецтеринин элдик кеңешинин, Германиянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин, Гёте-Институтунун, К. Аденауэр Фондунун жана «Интергласс» компаниясынын колдоосу менен уюштурулду. Көргөзмө бир жыл бою Бишкекте, Ошто, Жалал-Абадда, Бакай-Ата районунда иштеди жана эми Талас шаарына келип жетти. Ал удаалаш эле Берлинде жана Детмольддо (Германия) ачылды. Меймандар ошондой эле музыкалык мектептин имаратында көркөм сүрөт өнөрүнүн келечектеги областтык галереясынын негизин түзгөн көргөзмөдө сүрөттөрдүн экспозициясын көрүп чыгышты.

 

19-ноябрда Талас мамлекеттик университетинде «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду билим берүү потенциалын күчөтүүгө багытталган өзүнүн бир катар долбоорлорун жана демилгелерин сунуш кылды.

 

Кыргыз тилиндеги "Менин атам Ден Сяопин маданий ыңкылап жылдарында" китебинин презентациясында Р.Отунбаева жана бул китептин котормочуларынын бири, профессор Т.Чоротегин сөз сүйлөдү.

 

Сорос Фондунун колдоосу менен Фонддун Ачык билим берүү ресурстары (АБР) долбоорун студенттерге АБР боюнча Коалициянын мүчөсү, Википедиянын кыргыз бөлүгүнүн жетекчиси Чоро Сааданбеков сунуш кылды. Кыргыз тилиндеги Википедия жөнүндө Т.Чоротегин да айтып берди. Талас университетине бул долбоорго кошулууга чакыруу кабыл алынды жана бул байланыш ишке ашырыла турган форма иштелип чыкмакчы.

 

Университеттин доценти Мээрим Имаш кызы «Аялдар техникада жана илимде» (STEM) долбоору жөнүндө айтып берди, анын идеясы илимий жана техникалык адистиктерге көп сандагы кыздарды тартуу.

 

Милицияда гендердик жана этностук өкүлчүлүктү жакшыртуу максатында орто мектептердин бүтүрүүчүлөрүнүн арасында кесипке багыт берүү ишин жүргүзүү аркылуу милицияга ишенимди чыңдоого жана ИИОдо кызмат өтөөнүн кадыр-баркын жогорулатууга багытталган «Устат-3» долбоору боюнча төмөнкүлөр сөз сүйлөдү: ИИ министринин гендер боюнча кеңешчиси Асель Осмонова, КР ИИМ Академиясынын зардалы Адылбек Бийбосунов, Талас областынын ИИБ зардалы Адылбек Капалов, Кыргызстандын милиционер аялдарынын ассоциациясынын башкармалыгынын төрагасы Айдаркул Каана. Өз сөздөрүндө алар кыздарга ички иштер органдарындагы аялдардын ролу жана маанилүүлүгүн, ИИОдо кызмат өтөөнүн келечектери, ошондой эле кыргыз милициясы калыптанышынын жана өнүгүшүнүн тарыхы жөнүндө айтып берди. Иш-чарага Талас шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү катышты. Бул жолугушуунун алкагында шакирттерди конкурстук тандоо өттү, ал жерде 18 кыз тандап алынды, алар өз насаатчыларынын – устаттардын (Талас областынын ИИБ кызматкер айымдары) жетекчилиги астында кызматка талапкерлерге коюлуучу талаптар жана КР ИИМ Академиясына кабыл алуунун эрежелери менен таанышат.

 

Түштөн кийин «Кырк Чоро» кинотеатрында Р.И. Отунбаева ЭКФнын алкагында диаспоралардын потенциалын чыңдоо жана алардын өкмөттүк түзүмдөр менен коммуникациялары үчүн аянтчаны түзүү боюнча чет өлкөлөрдө жашаган мекендештердин салымы жөнүндө «Мекендештер: Кыргызстандын келечегине салым» китебин презентациялады. Китепке чет өлкөдө жашаган, Кыргыз Республикасын өнүктүрүүгө, атап айтканда, жолдорду, мектептерди, балдар бакчаларын оңдоого, көпүрөлөрү курууга, ондогон шаарчаларга жарык өткөрүүгө, өлкөнүн муниципалдык мекемелерин техника менен камсыз кылууга салым кошкон 14 кыргызстандык жөнүндө таржымалдар кирди.

 

Өз сөзүндө Роза Исаковна Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө мекендештердин салымынын маанилүүлүгүн белгиледи. КР Өкмөтүнүн маалыматтары боюнча, мекендештердин эле салымдары бүгүнкү күндө жыл сайын 2 млрд сомдон ашык деп бааланат, интеллектуалдык салым, өз кезегинде, эске алынган эмес. Биз ийгиликтүү практикалар жөнүндө китептерди жарыялоо аркылуу окурмандарыбызды мекендештердин салымы менен тааныштырууга тийишпиз. Китепте мекендештердин жаңы үлгүлөрү, моделдери, образдары чагылдырылган, алардын негизинде мамлекетке жардам көрсөтүүнүн жаңы деңгээлине чыгууга болот. Биз Кыргызстан күч жумшоого жана өнүгүүгө даяр экенин уккубуз келет.

 

Китептин презентациясынан кийин Талас областынын спортто айырмаланган балдарына спорттук форманын 50 комплектин берүү аземи болуп өттү. Бул аземди биздин мекендешибиз Шырдаков Нурболот жана мурдагы КР эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов аркылуу Талас областынын Грек-рим күрөш Федерациясы уюштурду.

 

Аземдин алкагында сергек жашоо ыңгайын пропагандалоонун, спорттун командалык, интеллектуалдык түрлөрүн, анын ичинде кыздар үчүн волейбол, теннис, шахмат сыяктуу жана башка түрлөрүн өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү айтылды.