Бишкекте бүгүн, 24-ноябрда «Музыка - элдин дили» аттуу музыкалык билим берүү программасынын алкагында республикабыздын аймагында жашаган тажик элинин маданияты көрсөтүлдү

November 24, 2015, 06:00

Бишкекте бүгүн, 24-ноябрда "Музыка - элдин дили" аттуу музыкалык билим берүү программасынын алкагында республикабыздын аймагында жашаган тажик элинин маданияты көрсөтүлдү.


Иш-чара "Роза Отунбаеванын демилгеси" фонду тарабынан уюштурулуп, анда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жашаган тажик эли улуттук каада-салтын, маданиятын көрсөттү.




Көргөзмөгө улуттук баш кийимдер, музыкалык аспаптар коюлду.


Келген коноктор улуттук кийимдерди кийип көрүп, алар тууралуу маалымат алышты.


 


 



Концерттик программаны Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагында жашаган тажик улутунун өкүлдөрү музыкалык чыгарма менен ачып беришти.


 


Кечеде тажик бийинин бир нече түрү аткарылды.


 


Лейлек районунун Андарак айылынан келген эң кичине катышуучу бала кыргыз жана тажик тилдеринде "Кыргызстан" аттуу чыгарманы аткарып, көпчүлүктүн сүймөнчүгү болду.




  Улуттук музыкалык аспапта тажик тилинде ырлар аткарылганы менен, аны бардык көрүүчүлөр түшүнгөндөй туюлду.




Улуттук кийимдердин көргөзмөсүнөн кийин Кара-Суу районунан келген Гулирабо аттуу кыз "Зим-зим" бийин аткарды.


 


Бишкектеги ЖОЖдордо окуган кыздар Памир бийин аткарып жатышат.




 Тажик тилинде махабат тууралуу ырлар көп аткарылды.




Ыр-бийден сырткары куда түшүү, сөйкө салуу жана кыз узатуу салттары көрсөтүлдү.


 


Келинди жүгүнтүү салтын аткарып, бата беришти.


 


"Жар-жар" ыры ырдалып, келин жүгүнүп жатканда көзүнө жаш алгандар да болду.





Ал эми Лейлек районунан келген жаштар келинди үйдөн алып кетүү салтын көрсөтүп беришти. Үйлөнө турган бала колуктусун алып кетүү үчүн достору менен келет. Ырдап, бийлеген соң бир нече каада-салттарды аткарышат.




Жашоосунун таттуу болуусу үчүн жубайлар бири-бирине бал жедиришет. Кийинки жашоосу кандай болорун билүү үчүн бирге күзгү карашат. Кызыгы, жубайлардын кимиси биринчи жарынын бутуп тепсесе, ошол үйдү башкарат деп билишет.




Кыз ата-энеси менен коштошуп, атасы бата берген соң күйөө бала келинчегин алып кетет.




Тажик элинин каада-салты, үйлөнүү тойду өткөрүүдөгү үрп-адаттары жакшы маанай тартуулоо менен бирге катышуучуларга кызыктуу маалыматтарды бере алды.




Фото: Айпери Ганыжан кызы

Автор: Айпери Ганыжан кызы

http://www.super.kg