Нарындын жана Караколдун жогорку класстарынын окуучулары ИИБде иштөөнү тандашты

November 15, 2015, 06:00

2015-жылдын 11–13-ноябрында Нарын шаарынын жана Каракол шаарынын орто мектептеринин жогорку класстарынын окуучуларынын ортосунда «Устат-3. Тынчтык жана ишеним: укук тартиби жана сот адилеттиги органдарына бирдей жеткииликтүүлүк» долбооруна катышуу үчүн конкурстук тандоолор болу өттү.

 

Аялдардын милициянын катарында кызмат кылуулары эмне үчүн ушунчалык маанилүү?

 

- Аял-милиционер жабыркаган аялдар жана балдар менен (маалыматтар боюнча – жылына 10000ден ашуун жабырлануучу) натыйжалуу иштейт, бул аялдардын жана балдардын үстүнөн болгон зомбулуктун азыркыдай өсүшүндө абдан маанилүү.

- Аялдардын ИИМ катарларында кызмат кылуусу коопсуздук жана укук тартиби органдарына карата болгон калктын ишенимин жогорулатат.

-  Аял-милицинер аялдардын жана өспүрүмдөрдүн кылмыштуулугун алдын алуунун натыйжалуулугун жогорулатат.

 

Кыргызстанда биринчи жолу «Роза Отунбаеванын демилгеси» тарабынан ЭКФ КР ИИМ менен кызматташтыкта жана БУУнун Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (БУУ БКБ) колдоосу алдында Устат-3 уникалдуу долбоору ишке ашырыла баштады, анын максаты милициядагы гендердик жана этностук өкүлчүлүктү жакшыртуу максатында орто мектептердин бүтүрүүчүлөрүнүн арасында кесипке багыттоо жумуштарын жүргүзүү аркылуу милицияга карата болгон ишенимди чыңдоо жана ИИБ кызмат кылуунун кадыр-баркын көтөрүү болуп саналат.

 
 

 

 

 

 

Долбоор тарабынан Каракол шаарынан 140 анкета жана Нарын шаарынан 50 анкета алынган. Долбоордун алкагында ар бир шаардан 6дан кыз тандап алуу пландаштырылган болчу, бирок конкурстук тандоонун жана жогорку класстардын окуучуларынын өздөрүнүн каалоолорунун натыйжасында Нарын шаарынан жогорку класстын 21 окуучу кызы жана Каракол шаарынан 18 окуучу кыз долбоордун катышуучулары болуп калышты.

 

Тандоодон кийин, насаатчылардын жана шакирттердин биргелешкен жумуштары башталат, анын алкактарында жогорку класстардын окуучу кыздары ИИБ кызмат кылуунун өзгөчөлүктөрүн түшүнүшөт, кызмат кылууга талапкерлерге карата коюлуучу талаптар жана КР ИИМ Академиясына кабыл алуунун эрежелери менен таанышышат.

 

Долбоордун эксперттери – Кыргызстандын аял-милиционерлер ассоциациясынын төрайымы, милициянын полковниги Айдаркүл Каана, ИИМ ардагери, милициянын полковниги Черноморец Виктор Викторович өздөрүнүн ИИБ кызмат кылууларынын кесиптик тажырыйбалары менен бөлүшүштү, мүмкүнчүлүктөр жана келечек жөнүндө, ИИМ түзүмү тууралуу, ошондой эле кыргыз милициясынын түзүлүш жана өнүгүү тарых-таржымалы тууралуу айтып беришти.

 

Нарын жана Ысык-Көл облустарынын ИИБ аял-милиционер кызматкерлери долбоордун насаатчылары болуп калышат.

 

Долбоор «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ тарабынан КР ИИМ кызматташтыкта жана БУУнун Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (БУУ БКБ) колдоосу алдында ишке ашырылууда.