Лондондун «Глобус» театрынын Бишкекке келиши - демейдегиден башкача маданий окуя!
November 4, 2015, 06:00Роза Отунбаева, «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун негиздөөчүсү:
Лондондун " Глобус" театрынын Бишкекке келиши – демейдегиден башкача маданий окуя! Бир кездерде Статфорд-апон-Эвонго Шекспир фестивалына биздин эң белгилүү актерубуз, өткөн кылымдын 60-жылдарында Кыргыз драма театрынын сахнасында Отеллонун жана Король Лирдин ролдорун ойногон Муратбек Рыскулов барганын эстеп, глобустун "Гамлетин" биздин көрөрмандарыбыз сахнасынан көрө турган Кыргыз театры да кыргызстандыктар үчүн дүйнөлүк драматургиянын чыгармаларын кое баштайт деген үмүт бар! Глобус Британиянын өкмөтү тарабынан финансыланбайт, көп миллиондуу метрополис болгон Лондондун казынасынан бир да тыйын албайт, ал өзү жылына 21 миллион фунт стерлингге чейин каражатты иштеп табат. Белгилүү англис актрисасы Джуди Бенч айткандай, Уильям Шекспир бир нече кылымдан бери актерлордун, режиссерлордун, оюн коюучулардын бүтүндөй классын багып келатат, ал бүгүнкү күндө да бүткүл дүйнө жүзү боюнча миңдеген театрларга иш берип жатат.
"Глобус" театрынын бүткүл дүйнөнү кыдыруу жана планетанын көрүүчүлөрүнө Шекспирди сунуш кылуу долбоору, менин көз карашым боюнча азырынча маданият жана билим берүү жагынан бирден бир жана чечкиндүү жана новатордук долбоорлордун бири, театр көркөм өнөрүн глобалдаштыруунун сынак долбоору, опералык, көркөм өнөрүндө, живопистин, скульптуранын алмашуу көргөзмөлөрүндө бул эчактан бери өкүм сүрөт, артисттер бир өлкөдөн башка өлкөгө, бир континенттен башкасына барат, бирок, эреже катары, театрларга бардык декорациялары менен көчүп жүрүү дайыма татаал. Бүгүнкү күндө 3Д технологиялары спектаклдердин оригиналдуу декорацияларын бүткүл тереңдигинде, бийиктигинде кайрадан жаратууга, сахнанын бүткүл фонун жана тереңин, боектун бардык түрлөрү менен көрсөтүүгө мүмкүндүк берет, буларды алыскы аралыктарга ташып жүрүү чындыгында эле татаал. Британиянын Глобус театрынын глобалдык эки жылдык долбоору “Гамлет” спектакли менен ЮНЕСКОнун колдоосу аркасында 135 өлкөнү, анын ичинде Конго Демократиялык Республикасы, Руанда, Эритрея жана Эфиопия, Сомали, Судан, Афганистан сыяктуу татаал өлкөлөрдү кыдырды. Этностор аралык жаңжалдардан жана согуштардан улам бөлүнүп калган, качкындар толуп кеткен, радикалдуу экстремисттер жана киши өлтүргүчтөр тарабынан коркуп-үркүп турган дүйнөдө бул топ алып жүргөн жакшылык, сабырдуулук, акыл-эстүүлүк идеялары – булар ойдогудай жашоонун кырында тургандардын бардыгы үчүн тийип турган жарык сыяктуу. “Глобустун” артисттери өз өлкөсүнүн патриоттору гана, театр көркөм өнөрүнүн берилген жактоочулары гана болбостон, ошондой эле азыркы цивилизациянын мыкты элчилери экендиги айкын! Төлөмүш Океевдин 80 жылдыгынын ушул жылында анын ХХ кылымдын 70-жылдардагы областтык театр жөнүндө “Нарын жылдыздары” деген сезимди козгогон документалдуу фильмин көрүүгө туура келди. Артисттер дүйнөлүк классиканын спектаклдери менен эски автобуста тоолуу областтын алыскы айылдарына жана жерлерине баргандыгы да өткөндөгү кыргыз интеллигенциясынын кайратман агартуу ишинин катарына кирет, ал эми ошол учурда эле артист болуу, өзгөчө аялдардын артист болушу оңой болгон эмес!
Театр жайгашкан Темзанын жээгинде Лондондон сиздер эски имаратты көрөсүздөр, ал өрттөнүп кеткенге чейин 1599-жылдагы чиймелердин дал өзүндөй кылып жасалган жана 1613-жылы кайрадан калыбына келтирилген. Театр жыгачтан курулган, ал актерлор гильдиясынын жеке менчиги болгон, анын ичинде Шекспирдин анда өз акцияларынын 8 пайызы болгон. Ал бүгүнкү күндө качандыр бир учурда анда Шекспир ойногон кездегидей, ал жаңы оюндар үчүн өз пьесаларын жазган кезиндегидей абалда. Англис эменинен тегерек формада курулган бул имаратта 3 кабаттуу орундуктар болгон, ал жерде өткөн мезгилде бай көрүүчүлөр отурушкан, ал жерде бүгүнкү күндө да билеттер кымбат турат. Бирок залдын ортосунда айлана бар, анын үстүндө чатыр жок, ал 700гө чейинки адамды батырат, алар оюнду тикесинен туруп гана көрөт, бул жерде өткөн мезгилде карапайым адамдар тикесинен турган. Бүгүнкү күндө да сиз 5 фунт төлөп келип жана спектаклде тик туруп, кээде узак 3 саат туруп, бирок чыныгы Шекспирди көрүп жана уга аласыз!
Америкалык актер, Шекспирдин чыгармачылыгын жан-дили менен улантуучу Сэм Уанэмейкер 1970-жылы ушул жерде турган театрды толук калыбына келтирүүнүн шыктандыруучусу болуп калды, ал ишенимдүү фондду түздү, куруу үчүн кайрымдуулуктарды чогулта баштады жана иш жүзүндө Шекспирдин чыгармачылыгын, идеяларын дүйнө жүзү боюнча таратуунун баш кошкон, уюшулган кыймылын баштады. Бүгүнкү күндө “Глобус” театрынын бүтүндөй тармагы Лондондо гана эмес, ошондой эле бүткүл дүйнө боюнча иштеп жатат, алардын сахналарында өздөрүнүн спектаклдери гана коюлбастан, бүткүл дүйнө жүзүнөн гастролдук спектаклдер жүрүп жатат. Германиянын, Канаданын, АКШнын, Аргентинанын, Нидерланддын, Финляндиянын жана башк өлкөлөрдүн кимисинин болбосун ушул белгилүү сахналарынын биринде спектаклди көрсөтүү үчүн ушундай деңгээлге чейин жетүү, мындай спектаклди коюу керек!
Театр 1997-жылы кайрадан түзүлгөн, реконструкцияланган, дал ошол жылы биз Улуу Британияда Кыргызстандын биринчи элчилигин ачканбыз. Ал жерге барганда өзүңдүн мектептеги жылдарыңды, өзүңдүн мектеп театрыңды эстейсиң. Азыр алар бизде жетишпей жатат! Шекспир универсалдуу, Шекспирди билсең – көркөм өнөрдүн ар кандай түрүндө: кинодо, музыкада, театрда өзүңдү ишенимдүү сезесиң. Бул жаңы глобалдашкан дүйнөдө дөөлөттөрдүн, философиянын, ар бир адамдын адептүүлүгүнүн алиппеси. Бүткүл адамзат: Шекспирдин каармандары сүйлөгөн бул тил, алардын тексттери, алым-сабактары, чыгарманын линиясы таанылып турат, бардык өлкөлөрдүн адамдарына түшүнүктүү. Британияда бир жылда Шекспирди, өткөн кылымдарга анын салымын эске албаган күндө да, инвестициялык өлчөө канчалык астрономиялык цифрага жетерин билбейм. Салыштырып көргүлө, жакында эле “Титаникте” башкы ролду ойногон англиялык актриса Кэти Винслет өз өлкөсүнө инвестициялык салым кошту деген кабар тарады, 2014-жылдын жыйынтыктары боюнча 60 млн фунт стерлинг деп бааланууда! Көркөм өнөрдүн, маданияттын, адабияттын, кинонун жеңил күчүнүн “кубаттуулугу” ушундай – аны британиялыктар эчак эле аңдап түшүнгөн, дал аларда бүткүл дүйнө боюнча сатылуучу музыкалык чыгармаларды ар кандай формада чыгаруудан түшкөн пайда дайыма көлөмү боюнча болотту өндүрүүдөн ашып турган... Эмне үчүн Маданият министрлиги биздин улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун Үй-музейин ойдогудай татыктуу түрдө иштетилбей жатканын алиге чейин түшүнбөйм, анткени ал ачууга эчак эле даяр! Ал тез арада эле бүткүл дүйнөдөн жазуучунун чыгармачылыгын аздектеген жүз миңдеген адамдар сыйынуучу жер болуп калаарына шек жок.
Сиз билген театрдын аянтына кирүүчү эшигинен тартып жээкке чейин таш плитасы менен төшөлгөн, ар бир плитада донордун аты жазылган, аны төлөгөн ар бир адам полдон өзүнүн жумуру жыгачын сатып алган. Бүгүнкү күндө сиз өз табличкаңызды батыра албайсыз, орун жок! Өз учурунда ушул тарыхый кайталангыс театрды реконструкциялоо боюнча чакырыкка, ыктыярдуу кайрымдуулуктарды чогултууга бүткүл дүйнө боюнча он-жүз миңдеген адамдар үн кошкон. Мен бул театрдан да, башка театрлардан да креслолор донорлордун каражаттарына сатып алынганын көрдүм, алардын ысымдары креслонун арткы бетине бекитилген. Биз дагы ушундай асыл практиканы пайдаланышыбызга, өлкөнүн жарандары коомдук жайлардын мыкты көрктүү залдарына, театрлардын креслолоруна, скверлердеги жана сейил бактардагы отургучтарга өзүнүн колунан келген салымын кошуусуна эмне үчүн болбосун. Көп учурда буларды Британияда өзүнүн көзү өтүп кеткен жакындарын эскерүү үчүн жасашат, бул акчаны сарамжалдуу чыгымдоо, шаар ушинтип өсөт, мамлекет ушинтип кошо өсөт! Лондон менен Париж, Москва менен Берлин бир күндө курулган эмес! Ушул шаарлардын музейлерине кириңиздер жана сиздер өткөн мезгилде канча бай меценаттар, канчалаган саякатчылар бардык мезгилдерде, илимпоздор жана коллекционерлер, бул өлкөлөрдүн жөнөкөй эле жарандары мамлекеттик музейлерге көркөм өнөрдүн чыгармаларын, баалуу буюмдарды бергенин, жумшаганын, тартуулагынын, арнаганын, мураска калтырганын көрөсүздөр, дүйнөнүн атактуу музейлеринин бүгүнкү күндө баа жеткис, кайталангыс коллекциялары ушундайча топтолгон.
Сиз Лондон Глобусунун “Гамлет” спектаклине барууга камданып жатасызбы, бул унутулгус көрүнүш. Сиз Шекспирдин учурундагы эле мектептин жаш актерлорунун оюнун көрөсүз, сиз чыныгы сонун англис тилин угасыз. Шекспирдин тилинен ыракат аласыз. Ооба, сиз “Сүйүп калган Шекспир” фильминен улам даярсыз! Бирок спектаклге барардан мурда Гамлет жөнүндө пьесаны дагы бир жолу барактаңыз, текстти аңдан түшүнүңүз, сиздин эсиңизде калган саптарды табыңыз. Глобус театрында бүткүл дүйнөдөн келген адамдарды жана колуна тексти кармап алып, сахнадагы окуялардын өнүгүшүнө көз салып турганын көп көрүүгө болот.
Сиз улуу Шекспир менен, бүткүл адамзаттын акыл-эсинен жана жүрөгүнөн түнөк тапкан адам менен жолугушууга тамшанасыз. Бизде, Жердеги адамдарда бизди соңку беш жүз жылкы мурда билдирген жазуучубуз бар, ал бүгүнкү күндө да бизди билдирет, ушул дүйнөдөн жашоого жана күн көрүүгө жардам берет.