Бишкекте «Устат-3» насаатчылык долбоорунун ачылышы болду

October 30, 2015, 06:00

2015-жылдын 29-октябрында Бишкек шаарында «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду БУУнун Баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын колдоосу менен ишке ашырып жаткан «Устат-3» насаатчылык долбоорунун расмий ачылышы болуп өттү.

 

«Устат-3» «Устат-1» (Башкы прокуратурадагы, Жогорку соттогу, КРУБдагы жана башкадагы жогорку даражалуу жетекчи аялдар насаатчы болуп калган жаш адистер үчүн) жана «Устат-2» долбоорунун (Бишкек шаарынын жаңы конуштарындагы жогорку класстардын окуучу-кыздары үчүн, ал жерде насаатчылыктык билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү тажрыйбалуу адистер жүзөгө ашырды) уландысы болуп саналат.

 

«Устат-3» долбооруна ички иштер органдарынын тажрыйбалуу кызматкерлери, анын ичинде Кыргызстандын Милиционер аялдарынын ассоциациясындагы офицер-айымдар катышат, алар долбоордун 7 пилоттук шаарларынан тандалган 9-11-класстардын 60 окуучу кыздары үчүн насаатчы болуп калат.

 

Устат-3» долбоорунун расмий ачылышы эки бөлүктөн турду. Биринчиси – расмий, экинчи бөлүк – ментор/насаатчылар үчүн жол көрсөтүүчү тренинг, ал 30-октябрда да улантылат.

 

Долбоорду КР ИИМдин Академиясынын окутуучусу, насаатчы Раул Дементьевдин аткаруусундагы ыр ачты, андан соң Кыргызстандагы Балкар диаспорасынын «Лезгинка» бийи улантты.

 

Андан кийин «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун аткаруучу директору Догдуркүл Кендирбаева, БУУ БКБнын долбоорунун эл аралык координатору Кун Маркверинг, ички иштер министринин кеңешчиси Асель Осмонова жана Кыргызстандын Милиционер аялдарынын ассоциациясынын башкармалыгынын төрайымы Каана Айдаркул жана КР ИИМдин ардагери Виктор Викторович Черноморец саламдашып сөз сүйлөдү.

 

Сөз сүйлөгөндөр жана иш-чаранын меймандары этностук азчылыктардын жана аялдардын укук коргоо органдарындагы өкүлчүлүгүнүн маанилүүлүгү жөнүндө белгиледи.

 

Долбоор расмий ачылгандан кийин, тажрыйбалуу машыктыруучулар уюштурулган эки күндүк тренингде насаатчыларды окутууну өткөрдү. Тренингдин учурунда катышуучулар насаатчылыктын принциптери, формалары жана методдору жөнүндө, мамлекеттик гендердик жана этностук саясатты ишке ашыруунун, ички иштер органдарын реформалоонун жана милицияга калктын ишенимин жогорулатуунун контекстинде ментордук программанын мааниси жөнүндө биле алды. Мындан тышкары, өзүнүн потенциалын жогорулатуу (сын көз менен ой жүгүртүү, лидерлик жана баарлашуу жөндөмдөрү) үчүн менторлорго зарыл болгон жөндөмдөрдү жакшыртты. Тренингдин аягында катышуучулар ментордун шакирттер менен ишинин жекече планын иштеп чыкты.