Мадридде масштабы боюнча эң чоң глобалдык форум болуп өттү
November 1, 2015, 06:00Роза Отунбаева, Кыргызстандын мурдагы президенти, Мадрид Клубунун мүчөсү:
Мадридде 27-28-октябрда масштабы боюнча эң чоң глобалдык форум өттү, ал күндүн “Мадрид плюс 10: зомбулуктуу экстремизмдин алын алуу жана ага каршы күрөшүү” деген орчундуу темасына арналды. Бул жерге саясатчылар, илимпоздор, өкмөттүк эмес уюмдар, Мадрид клубунун 40тан ашык мүчөсү – мурдагы мамлекет жана өкмөт башчылары чогулду. Форумда Испаниянын королу Филипп, БУУнун Башкы катчысы Пан Ги Мун, Испаниянын министрлери, Мадриддин мэри сөз сүйлөдү.
2004-жылдын 11-мартында поезддерди террористтик жардыруулардын натыйжасында 191 киши курман болгон жана 1800 адам жарадар болгон Мадриддеги эбегейсиз зор кырсыктан бери он жыл өттү, дүйнөдө компелекстүү, куч-кубаттуу чаралар көрүлдү, бирок, соңку декадада дүйнөлүк өнүгүү көрсөтүп тургандай, терроризм кол куушуруп тим болбостон, тескерисинче активдешип, эркин коомдор берген бардык эркиндиктерди пайдаланып, жаңы технологиялар аркылуу зомбулук идеяларын таратып, согуш аракеттери үчүн аялдар (согушка тартылгандардын арасында 30 пайызга чейинкиси) сыяктуу демейдегиден башкача катмарларды өз кучагына тартып, жаштардын акыл-эсин ээлеп алууну улантып жатат. Да' еш же ИГИЛ, Аль Шабааб, Боко Харам сыяктуу топтордун аракетинен дүйнөнүн ээси ооп жатат.
Эл аралык уюмдар, улуттук өкмөттөр террористтердин болуп көрбөгөндөй кысымына жооп бере турган саясатты иштеп чыга алган жок, адамдар өз коомдорунда эмне кыларын билбей калды, баардыгы өз-өзүнчө аракеттенип жатат. Дүйнөдө экстремизм жана зомбулук саясатына каршы күрөшүүнүн ийгиликтүү, таасирдүү тажрыйбасы бүгүнкү күндө таптакыр эле жетишпей жатат.
Форумда зомбулуктуу экстремизмдин дин, идеология, улут менен эч кандай жалпылыгы жок, аларды чаташтырууга жана бирин башкасы менен түшүндүрүүгө болбойт, деп баса белгиленди. Бул башкалар үчүн болуп жаткан кырсыктарды түшүндүрүү үчүн болгону шылтоо. Экстремизм – бул кырсыктардын симптому, бирок себеби эмес. ИГИЛ региондо диктатордук режимдерге көп жылга – 20 жалдан 42 жылга чейин созулган реакция катары келип чыкты. Бул болсо өтө амалкөйлүк менен аракеттенген, мыкты уюшулган, өзүнүн согуш аракеттерин дегеле арзан эмес тартипте билгилик менен финансылаган согуштук машина. Бүткүл дүйнө – Батыштын өнүккөн жана начар өнүккөн өлкөлөрү да – эмне кылаарын билбей калды, жаштардын Сирияга активдүү рекрутментине таасирдүү каршы кадамдарды таба албай жатат. Жаштарды, кичинекей балдары бар аялдарды джихаддын фронтторуна барууга эмне түрткү болуп жатат? Аларды өтө бай эмес болсо да өз үйлөрүн таштап, адамдар курман болуп, сириялыктар өлкөнүн чегинен тышкары массалык түрдө кетип жаткан согушка, тааныш эмес жерлерге барууга эмне мажбурлап жатат? Сириянын адамдарынын кайгы-муңу таң каларлык: 4 млн качкын, 6,5 млн өлкөнүн ичинде орун которуп жүргөндөр, бир гана Түркияда 2 миллионго жакын сириялык качкын, Ливанда1,1 миллиондон ашык качкын бар, Иорданияда 700 миң, Европага 700 миңден ашык адам агылып барды. Европа Экинчи Дүйнөлүк согуш учурунан бери качкындардын эң чоң кризисин башынан өткөрүп жатат. UNHCR өкүлү айткандай 28 өлкө бүгүнкү күндө Сириядан келген качкындарды жайгаштыруунун өз пландары жөнүндө ырастады. Бирок эске тутуу керек, турмуш шарттары өтө кысталышка алып келген адамдардын дээрлик 90 пайызы кедей болсо да өздөрүнүн өлкөлөрүндө калып жатат. БУУнун Качкындар боюнча уюму ушундай ири кризистин учурунда өзүндө зарыл болгон фонддордун бар болгону 42 пайызына ээ болгондугу да өкүнүчтүү.
Качкындардын арасынан жаштарды көрүүгө, аялдарды бөлүп көрсөтүүгө болот, деп айтылды Форумда. Качкындар кризисти гана алып келген жок, алардын эбегейсиз зор потенциалы бар, деп айтылат көп учурда сириялык качкындардын билиминин мыкты деңгээли жөнүндө. Жаштарга карата мамилени тандоо өзгөчө маанилүү: жаңы технологиялар менен жабдылган дүйнөдө бүгүнкү күндө жаштардын ролу жана орду кескин өстү. Социалдык тармактарда массалык горизанталдык коомуникациянын учурунда улуулар-кичүүлөр, ата-энелер-балдар вертикалы жөн эле кыйрап калды. Эл аралык финансылык уюмдарда, БУУда да жаштар менен иштөө стратегиясы жок, деп айтышты Форумдун катышуучулары. Буга БУУнун Башкы катчысы жакынкы учурда глобалдык, региондук, улуттук жана жергиликтүү деңгээлдерде башкы кыймылдаткычтарды көрсөтүү менен зомбулуктуу экстремизмдин алдын алуу боюнча аракеттер Планын сунуш кылат деп жооп берди. Анда жаштарга өзгөчө орун берилет.
Зомбулукка жана экстремизмге каршы биргелешкен күчтөр менен көп пландуу түрдө, укук принциптерине таянуу менен гана күрөшүүгө болот. Жамааттарга таянып, диний лидерлер менен биргелешип, өкмөттүк эмес уюмдардын жигердүү ролу менен – ийгиликтин өзөктүү элементтери ушулар.
Европалык Союз, ОБСЕ, бир катар өкмөттөр зомбулуктуу экстремизмди жана радикализацияны четтетүү жана ага каршы күрөшүү боюнча жер-жерлердеги долбоорлорду турмушка ашырууну колдойт.
Биз кошула ала турган долбоорлордун бир нече дареги төмөнкүлөр:
- Global Community Engagement and Resilience Fund, борбору Женевада болуу менен Швейцариялык Жекече Фонд тарабынан жарым жартылай финансыланат, www.gcerf.org
- the Hedayah International Center of Excellence for countering violence extremism ОАЕдеги борбору менен, web: www.hedayah.ae
- the KAICIID International Dialogue Centre, www.kaiciid.org
- the United Network of Young Peacebuilders, www.unoy.org