14 октябрда «Шаардык сүйлөшүүлөргө» «Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ өкүлдөрү катышышты

October 26, 2015, 06:00

Бишкекте 28 муниципалдык китепкана бар – бул шаардын теңинен көбүн камтыган бүтүндөй түйүн. Сөз жакшы абалда болгон жана жетишээрлик белгилүү борбордук китепканалар (Баялинов атындагы китепкана, Улуттук китепкана) жөнүндө эмес, дал райондук китепканалар жөнүндө болуп жатат. Алар шаардык бюджеттен каржыланат жана бүгүнкү күндө көпчүлүк шаардыктар алардын иштеп жаткандыгы тууралуу биле беришпейт жана алардын кызматтарын андан да аз пайдаланышат. Жолугушууда алардын потенциалы талкууланды, азыр китепканалар түйүнү толук пайдаланылбайт жана туруктуу алмашып турган шаардык чөйрөдө китепканаларга алар ким үчүн жана эмне үчүн иштеп жаткандыгын жана иштин жаңы моделин кантип табуу керектигин түшүнүүсү зарыл.

 

Уюштуруучулар китепканаларга шаарды өнүктүрүүнүн, жаңы технологиялардын, шаардык маданияттын жана шаардыктардын керектөөлөрүнүн контекстинде кароону сунуш кылат. Иш-чарада төмөнкү маселелер талкууланды:

- шаарда китепкананын орду кандай?

- китепканалар кимдер үчүн иштеп жатат?

- китепкананын жана бардык системанын ишинде кандай өзгөрүүлөр керек?

- китепканалар жаңы коомдук мейкиндик боло алышабы?

 

Жолугушууда “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Кендирбаева Догдуркүл Шаршеевна сөз сүйлөдү:

“Китепканалардын жайларын натыйжалуу пайдалануу. Ал болууга тийиш, ал керек! Анткени бизде чыгуулар өтө көп болот, чыгууларда биз окууга карата маданиятты калыптандырууну мобилизациялоо максатында “Жылдыздар балдарга окушат” долбоорунда өткөрүлүп жаткан UNICEF бардык ресурстук китепканаларына барабыз. Мындан тышкары биз китеп жазуу жана китеп чыгаруу боюнча эл аралык эксперттерди тартабыз, аларда китеп чыгаруучулардын өздөрү иш-чараларды чогуу өткөрөт. Бул “Бампер” долбоорунун жетекчиси А.Тихомиров. Бул чыгуу китепканасы бизге да келе алышы мүмкүн. Бирок өнөкөт башкада, караңыздарчы канчалаган мечиттер пайда болду, классикалык жана салттуу баалуулуктар бурмаланууда, руханий боштуктун коркунучу чоң. Бул боштукту диний агымдар толтурууда. Азыркы убакта бир вариант бар, жолугушуулардын орду үчүн акы төлөө орундары бар. Бизде Кыргызстанда балдарга билим берүү кызматтары, балдардын билим берүү борборлору, балдар бакчалары жетишпейт, Кыргызстанда балдардын 7 пайызы, ал эми шаардык жерлерде 12 пайызы билим берүү кызматтары менен камтылган. Бизде эл аралык тажрыйбаны үйрөнүүгө жана тартууга мүмкүнчүлүк бар экендиги жакшы. Чындыгында бүгүнкү күндө китепканаларга финансылык планда гана эмес, башка бардык колдоолор да керек. Эгерде ички каалоо болбосо, анда бул проблеманы чечүү мүмкүн эмес. Эгерде китепканачынын гана эмес менеджерлердин иши натыйжалуу болсо, анда бизде инвестиция тартууга мүмкүнчүлүк болот. Биз ушуну көрсөтүшүбүз, баарынан башкысы туруктуулукту далилдешибиз керек. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын колдоосу болууга тийиш, же болбосо бул жергиликтүү маанидеги проблема, эгерде депутаттар колдосо, анда бул проблеманы чечүүгө болот.”.

 

Эл аралык фонддун аткаруучу директору Кендирбаева Догдуркүл Шаршеевна төмөндөгүлөрдү да белгиледи: “Бүгүнкү күндө китепканалар жандуу жана жигердүү иштерди жүргүзүүгө тийиш. Биз китепканаларды сактап калгандыгы үчүн мамлекетке ыраазычылык билдиребиз, бирок маалыматтык агымдын өсүү шартында окуу маданиятын жогорулатуу үчүн маалыматты туруктуу жаңылап туруу керек.”.


Калк арасында окууну алдыга жылдыруу үчүн “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык фонду демилгелерди ишке ашырууда жана ар түрдүү эксперттерди чакыруу менен тажрыйба алмашууда. Мисалга алсак, “Жылдыздар балдарга окушат” жана “Ачык билим берүү ресурстары” долбоорлорунун алкактарында “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык фондунан Кендирбаева Догдуркүл Шаршеевна “Современная Польша” фондунун Президенти, Польшадагы АБР Коалициясынын жетекчиси Ярослав Липшиц жана “ABCXXI - Вся Польша читает детям” Фондунун төрагасы менен жолугушту. Жолугушуулардын убагында Ачык Билим берүү Ресурстарын (АБР), балдарга, уландарга, үй-бүлөлөргө арналган окууларды алдыга жылдыруудагы Польшанын тажрыйбасы жана кызматташуу маселелери талкууланды.