«Ар түрдүү чөйрөлөрдөгү АБР»: Музыка боюнча ачык билим берүү ресурстары

October 25, 2015, 06:00

Кымбаттуу достор!

 

Сиздерге музыка боюнча ачык билим берүү ресурстарынын тизмесин сунуш кылабыз.

 

http://dlc.herzen.spb.ru/AContent/home/index.php

 

Бул онлайн китепкана музыка чөйрөсүндө жарыялангандарды кошуп алганда, ар түрдүү темадагы материалдардын ири санын камтыйт.

 

http://rock-catalog.ru/

 

Рок стилиндеги музыканын энциклопедиясы өз ишин 2010-жылдын июлунда баштаган. Ошондон бери сайт өз контентин жыйноодо кыйла ийгиликтерге жетишти. Мында сиздер бүткүл дүйнө жүзүнүн көптөгөн рок-топтору менен тааныша жана музыканын бул жанры тууралуу кыйла кененирээк биле аласыздар. Сайт эң сонун ачык-айкын, альбомдордун мукабаларынын сүрөттөрү, топтордун фото сессиялары бар. Ошондой эле топтордун дискографиялары жана бай глоссарийлер сунуш кылынган, анда рок музыка жанрындагы ар түрдүү терминдерди үйрөнүүгө болот.

 

www.music-theory.ru

 

Music-theory сайты музыка үйрөнүүчүлөргө анын теориясы менен таанышууга жардам берет. Сайт тарабынан сунуш кылынган окутуучу материал жеткиликтүү тилде баяндалат, теориялык бөлүктөгү көптөгөн темаларды козгойт, ал эми “Практика” бөлүмүнүн аркасында теорияда алынган таанымдарды текшере аласыздар.

 

http://window.edu.ru/catalog/resources?p_str=музыка

 

Билим берүү ресурсуна жеткиликтүүлүктүн Бирдиктүү терезесинин бул ресурсунан Сиздер акысыз көчүрө аласыздар же онлайнды жана музыка жана музыка таануу боюнча китептерди каттоосуз окуй аласыздар. Тема боюнча ылайыктуу бөлүмдү тандаңыздар жана аудитория жана ресурстардын тиби боюнча материалдардын рубрикаторун пайдаланыңыздар.

 

http://www.openclass.ru/wiki-pages/50647

 

Бул бет музыка мугалимдери үчүн атайы түзүлгөн. Беттин түзүмү иштин ар түрдүү багыттары боюнча керектүү материалдарды тез таап алууга жардам берет. Бул коллективдүү Вики-статья, ошондуктан ар ким өз салымын кошо алат.

 

http://soulme.org.ru/v-pomoshh-uchitelyu-muyki-poleznye-ssylki-s-uchebnym-materialom

 

Бул сайт музыка таануучулар үчүн жүздөгөн билим берүү ресурстарын: презентацияларды, китептерди, окуу куралдарын, блогдорду жана көптөгөн башкаларды бириктирет. Сайт ар түрдүү аудиторияга: балдардан жана ата-энелерден баштап педагогдорго чейин багытталган.

 

http://www.budusheye.narod.ru/lib/musicstyles.htm

 

Эркин жеткиликтүүлүктөгү музыкалык стилдердин энциклопедиясы.

 

http://eomi.ru/

 

EOMI – бул Интернет түйүнүндөгү музыкалык инструменттердин эң чоң орус тилдүү энциклопедиясы. EOMI аталышы аббревиатура болуп саналат жана Encyclopedia Of Musical Instruments катары чечмелениши мүмкүн.

 

http://www.jazz.kg/

 

Бул Кыргызстандагы джаздык портал. Мында Сиздер Кыргыз Республикасындагы джаздык багыт менен тааныша, джаздын тарыхы жөнүндө жарыялангандарды окуй, ошондой эле видиоматериалдарды жана пайдалуу шилтемелерди көрө аласыздар.


http://www.jazz.ru/

 

Джаз.Ру россиялык жалтырак журналынын онлайн версиясы. Бул 1997-жылдын күзүнөн тартып иштеп келе жаткан джаз жөнүндөгү биринчи жана эң ири орус тилдүү түйүндүк ресурс. Портал джаздык радиго, джаздык билим берүүгө, клубдарга, фестивалдарга, Россиянын, мурдагы СССРдин жана бүткүл дүйнөнүн музыканттарына, джазды баалоочулардын жана тапкычтардын интерактивдүү мамилелерине, джаздык музыкага жаңы аудиторияны тартууга жана башка темаларга арналган көптөгөн ресурстардан турат.

 

http://www.jazzhouse.org/ (англ. яз)

 

JazzHouse джаздык журналисттердин коммерциялык эмес маалыматтык ресурсу. Алардын сайтынан дүйнөлүк джазга тиешелүү кандай гана болбосун маалыматтарды иш жүзүндө табууга болот. Анда бул музыкалык багыттагы чөйрөдөгү ондогон жарыялоолор, макалалар жана актуалдуу жаңылыктар.


http://patefon.knet.ru/ivk/

 

30-40-жылдардагы советтик джазды чагылдырууга багытталган тарыхый портал. Бул беттин материалдары Сиздерге “советтик джаз” деген эмне экендигин билүүгө, белгилүү джаздык аткаруучулардын өмүр баяндары жана алардын дискографиялары менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет.

 

http://www.notarhiv.ru/

 

Ноталардын эң чоң жана сапаттуу архивдерин гана бириктирип турган россиялык электрондук ноталык архив. Мында ар түрдүү инструменттер үчүн ноталар, вокалдык жана хордук чыгармалар, жан-дүйнө музыкасы, джаздык чыгармалар үчүн ноталар берилген, минусовкалоо бөлүмү да бар.

 

http://nlib.org.ua/

 

Бул сайтта ноталардын топтому жана Интернеттин музыкалык ресурстарына шилтемелер сакталат. Сайттын максаты академиялык багыттагы ноталык адабияттардын Интернетин пайдалануучуларга эркин берүү.

 

http://www.lute.ru/library/index.htm

 

Лютнялык жана гитаралык музыканын маалыматтык сайты. Китепкана 200дөн ашык композиторлордун лютна үчүн 4000ден ашык чыгармаларын, ошондой эле классикалык гитара үчүн ноталарды жана шилтемелердин коллекциясын камтыйт.

 

2015-жылдын 23-24-октябрында Бишкек шаарында “Үмүт-Надежда” Балдар реабилитациялык борбору жана Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясы менен бирдикте “Роза Отунбаеванын демилгеси” Фонду тарабынан уюштурулган музыкалык терапия боюнча киришүү маалыматтык семинары өткөрүлөөрүн эсиңиздерге салабыз. Семинардын машыктыруучусу музыкалык терапия боюнча көптөгөн китептердин жана илимий иштердин автору, Европанын белгилүү музыкалык терапевти доктор Ханс-Хельмут Деккер-Фогт жана Гамбургдук доценттер, музыкалык терапевттер Моника Тереза ХугАнтинк, Тина Поссельт болушат.