7-октября «Аракет» - «Мекендештер» дискуссиялык клубунун кезектеги жолугушуусу болду

October 8, 2015, 06:00

7-октябрда «Аракет» - «Мекендештер» дискуссиялык клубунун кезектеги жолугушуусу болду. Дизайнер, "Chapan HM" брендин түзүүчү Жумагуль Сариева спикер болду. Жолугушуу "Мода чебери 2015" көргөзмө фестивалынын алдында уюштурулду, ал 21-22-ноябрда "Таш-Рабат" ТРКда өтөт.

 

Жумагуль эжени өз брендин түзүүгө жана кыргыз улуттук кийимдерин кайрадан калыбына келтире баштоого апасынын чапан жөнүндө, анын чоң энеси менен чоң атасы ушундай кийимдерди кийгендиги жөнүндө айткандары түрткү болду. Али бешикте кезинен тартып кыргыздардын байыркы маданиятын жана өз апасынын чапан жөнүндө кереметтүү сөздөрүн сиңирип алган Жумагуль эже биздин көчмөн салттуу кийимдерибиз жөнүндө жакшы сезимин жана жадында калгандарды өзүнүн жүрөгүндө сактап келди. Биздин киймибиз өзүнүн турпаты боюнча кайталангыс, биздин көчмөн жана жоокердик жашоо ыңгайыбызга так ылайыктап тигилген, ыңгайлуу, функциялуу, биздин ата-бабаларыбыздын турмуш шарттарынын бардык талаптарына жооп берет. Ал жайлоого көчкөн учурда ыңгайлуу, турмуш-тиричиликте ыңгайлуу, кышкысын жылуу, жайкысын салкынды кармаган, сактоо учурунда бырышкан эмес, эркектер үчүн, ошондой эле аялдар менен балдар үчүн жайлуулукту, ыңгайлуулукту камсыз кылууга тийиш болгон. Чоң энесинин анын чоң атасын кулакка тартып жана Сибирге айдаган учурда чапан чоң атасына сактагыч катары кызмат кылгандыгы, анткени чоң энеси чапандын бүктөлгөн жерлерине айрым суммадагы акчаны катып бергендиги, алар кийин чоң атасына пайдасы тийгендиги жөнүндө айткандары эженин эсинде сакталып калган. Бул айтылгандар Жумагуль эженин эсинде дайыма турган.

 

Биздин күндөрдө кабып тигилген кийим унутулуп баратат, ошондуктан Жумагуль эже салттуу кийимди калыбына келтирүү, аны бүгүнкү күн үчүн ылайыктуу кылуу, алардын алгачкы функциялулугун сактоо, бул эстегилерин жарандарыбыздын кийинки муунуна өткөрүп берүү жана эң башкысы ал өлкөбүздүн ар бир жаранынын гардеробунда өзүнүн татыктуу ордун ээлеши үчүн мекендештертерге чапанды кайра жаратууга дем берүү милдетин өзүнө тандап алды. Кыргыз кийиминин философиясы эбегейсиз зор, гардеробдун ар бир буюмунун өз мааниси, коду бар. Чапандардын алгачкы партиясын жасаган соң, Жумагуль эжеде алга карай илгерилөө башталды. Көргөзмөлөр, ярмаркалар, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнө сапарлар жана мода көрсөтүүлөргө катышуу өз таасирин тийгизбей койгон жок, Жумагуль эженин таланты жөнүндө, кыргыздардын салттуу кийими катары чапан жөнүндө бүткүл дүйнө билди. Россиядагы жогорку Мода жумалыгында Вячеслав Зайцев Жумагуль эженин чапандарынын сапатын жогору баалады, сапат үчүн ыраазычылык билдирди жана мактады, мында өзүнүн кабып тигилген кийимдеринин коллекциясына караганда эженин продукциясы алда канча сапаттуу экенин белгиледи. Анын продукциясынын сапатын ЮНЕСКОдо да белгилеп, ЮНЕСКОнун Сапат белгисинин жогорку сыйлыгы менен сыйлады.

 

Жыйынтыгында Жумагуль эже буларды айтты: «Элдин турмушундагы ушул кыйчалыш учурларда, мамлекетибиз жашоону кайрадан курууга аракет кылып жаткан мезгилде, биз өз тарыхыбызды, салттарыбызды жана турмуш-тиричилигибизди унутуп калбашыбыз үчүн мен бардыгына чапан кийгизүүгө ниеттенип жатам. Кийим аркылуу кыргыздардын рухун берүүгө болот!»

 

Жумагуль эже биз бардыгыбыз Сизге андан аркы ийгиликтерди жана алдыга койгон бардык максаттарыңыз аткарылышын каалайбыз!

 

Убакыт таап, биздин жолугушууга келгендердин бардыгына ыракмат, силерге өтө кызыктуу жана сабак болду деп ойлойм.


Бакыт Дегенбаев