Музыкалык терапия боюнча семинарга угуучуларды топтоо ачылды

October 8, 2015, 06:00

Музыкалык терапия боюнча семинар

 

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду 2015-жылдын 23-24-октябрында Бишкекте «Үмүт -Надежда» балдар реабилитациялоо борбору жана Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясы менен бирдикте музыкалык терапия боюнча киришүү маалыматтык семинары өткөрүлө тургандыгы жөнүндө маалымдайт. Семинардын машыктыруучусу Европанын белгилүү музыкалык терапевти, музыкалык терапия боюнча көптөгөн китептердин жана илимий иштердин автору доктор Ханс-Хельмут Деккер-Фогт, Гамбургдан келген доценттер, музыкалык терапевттер Моника Тереза ХугАнтинк, Тина Поссельт болот.

  

Бардык психологдорду, педагогдорду, музыканттарды чакырабыз.


Угуучуларга талаптар – музыкалык аспапта ойной билүү же вокалдык жөндөм.


Эки күндүк семинар үчүн акы - 2000 сом. Алдын ала акы төлөгөн учурда жазылуу 500 сом өлчөмүндө.


Маалымкаттар жана суроолор төмөнкү телефондор боюнча: 49 19 55 (Кристина), 66 03 84 (Асель)

  


Музыкалык терапия деген эмне?


Музыканы максатка багыттап пайдалануунун аркасында медицина жагынан (мисалы, онкологияда, эс-учун билбей жаткан пациенттерде, жүрөккө операциядан кийин, ара төрөлгөн балдарда жана башкаларда), ошондой эле психотерапия, реабилитациялоо жана олигофренопедагогика жагынан таң калычтуу натыйжаларга жетишилет. Нейро-психология жагынан мээни учурдагы изилдөө көрсөтүп тургандай, адамдын ден соолугуна жана психикалык абалына ушул күчтүү аракеттер ага «Мээде биздин угуучу клеткаларыбыз териге тийген учурда зарыл болгон кыжырды келтиргиктердин кубатынын массасына караганда күч-кубатынын саны 10 миллион эсе аз болгон тышкы кыжырды келтиргиктерге реакция кылат» деп баа берүүгө болот. (Ханс-Хельмут Декер-Фогт, „Aus der Seele gespielt“, Вильгельм Гольдманндын 2000-жылдагы басылмасы. 41-бет). Ошондой эле нейро-физиологиялык изилдөөлөрсүз эле ооруканаларда музыкалык-терапевттик процедура учурунда, кала берсе эс-учун билбей жаткан пациенттерде музыка организмдин айрым функцияларына күчтүү таасир этет деп белгиленген. Мисалы: дем алуу, пульс, теринин нымдуулугунун деңгээли жана кан басымы.


Ошондуктан көпчүлүк европа өлкөлөрүндө музыкалык терапия психиатриялык, медициналык, билим берүү жана реабилитациялоо тармактарында терапия катарында колдонулат. Музыкалык терапевттерди окутуу Болон модели боюнча өтөт, бакалавриат жана магистратура даражасы. Германияда музыкалык терапевттерди окутуу мамлекет тарабынан таанылган жана окутуу мамлекеттик гана эмес, ошондой эле жеке университеттерде өткөрүлөт.



Лекторлор жөнүндө маалымат


Кыргызстанда музыкалык терапия боюнча киришүү семинарынын доценттери төмөнкүлөр болот: Prof.Dr.Dr.h.c. Доктор Ханс-Гельмут Декер-Фогт (Hans-Helmut Decker-Voigt, 1945-жылдын 17-марты, Целле, Германия) — немецтик психотерапевт, музыкалык терапевт, жазуучу, публицист, Гамбургдун Жогорку музыка жана театр мектебинин Музыкалык терапия институтунун Директору, Берлиндеги Герберт фон Караян Фондунун Дипломдон кийинки окутуу академиясынын президенти. Виолончелист Растропович менен бирдикте Оренбургда Жогорку музыка мектебин түзгөн. Венгрия, Россия, Кытай, Эстония жана Тайвань сыяктуу өлкөлөрдө музыкалык терапия боюнча профессор катары лекция окуйт. Доценттер Моника Тереза Хуг-Антинк жана Тина Поссельт Гамбург университетинин музыкалык терапевттери болуп саналат.



2015-жылдын 23-октябрына программа


9:30-11:00 Лекция

11:00-11:15 Кофе-брейк

11:15-13:00 Мастер класс, практикалык сабак

13:00-14:00 Түшкү тамак

14:00-15:30 Мастер класс, практикалык сабак

15:30-15:45 Тыныгуу

15:45-17:00 Лекция


2015-жылдын 24-октябрына программа



9:30-11:00 Лекция

11:00-11:15 Кофе-брейк

11:15-13:00 Мастер класс, практикалык сабак

13:00-14:00 Түшкү тамак

14:00-15:30 Мастер класс, практикалык сабак

15:30-15:45 Тыныгуу

15:45-17:00 Лекция

17:00-18:00 Жалпылоочу лекция