30-сентябрда кыргыз тилине которулган «Менин атам Дэн Сяопин маданий ыңкылап учурунда» китебинин презентациясы болуп өттү

October 6, 2015, 06:00

30-сентябрда “Хаятт” отелинде кыргыз тилине которулган "Менин атам Ден Сяопин маданий ыңкылап жылдарында" китебинин презентациясы болуп өттү. Китепти Дэн Сяопиндин кенже кызы, Маомао деген чыгармачыл псевдоними менен белгилүү болгон Дэн Жун жазган. Орус тилинен кыргыз тилине котормону белгилүү лингвисттердин жана илимпоздордун тобу – Абибилла Пазылов, Тынчтыкбек Чоротегин жана Эсенбай Нурушев аткарды.

 

Кытайдын Улуттук күнүнөн мурда презентациялоо башталаар алдында музыкалык арноо болду. Бишкек гуманитардык университетинин Конфуций Институтунун волонтеру Ван Хуан Дэн Сяопинге арналган «Улуу кытай дубалы» күүсүн улуттук аспапта аткарды. Андан соң Кулжа шаарынын (Кытай) тургуну, азыркы К.Молодобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын студенти Үсөн уулу Жоломан КР эмгек сиңирген артисти Айканыш Текенованын коштоосунда эки ырды аткарды. Ал кытай тилинде «Мен жана менин Мекеним» ырын, ал эми кыргыз тилинде «Кыргыз жери» ырын ырдады.

 

Презентацияда КР экс-президенти Роза Отунбаева саламдашуу менен сөз сүйлөдү, китептин котормосу анын демилгеси боюнча аткарылды. Өз сөзүндө ал дүйнөнүн ири державасы болгон Кытайдын калыптанышында Дэн Сяопиндин ролу жөнүндө айтып берди. Бул дүйнөнүн экономикасынын көлөмү боюнча экинчи өлкө, ааламдык саясатта маанилүү фактор. Биздин дээрлик 1000 км чек арабыз болгон, аны менен мамилелер бүгүнкү күндө стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чыккан биздин коңшубуз менен ШКУнун алкагында Улуу Жибек жолунун Экономикалык тилкеси идеясынын базасында көп сандаган долбоорлорду ишке ашырып жатабыз. Ден Сяопин азыркы Кытайдын архитектору болуп саналат, 2049-жылга чейин (КЭРдин 100 жылдыгы) Кытайды өнүктүрүү программасынын автору. Бүгүнкү күндөгү Кытай – анын идеяларынын ишке ашырылышы. Бирок биринчи кезекте Кытай жөнүндө кыргыз тилиндеги маалымат бизде дегеле жетишсиз, алар таптакыр жок. Ушундан улам Кыргызстанда Ден Сяопин жөнүндө китептин чыгышы жаңылык жана өтө актуалдуу. Ал ошондой эле китептин автору Ден Жун жөнүндө кеп кылды. Китепти басып чыгаруунун демөөрчүсү – "Yema" кытай компаниясына, котормочуларга ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле китеп республикалык жана облустук китепканаларга, ошондой эле өлкөнүн ондогон университеттеринин китепканаларына жөнөтүлөөрүн белгиледи.

 

Бул китептин чыгышы менен, деп белгиледи Р.Отунбаева, биздин Фонд ааламдык масштабдагы улуу адамдардын өмүрү жөнүндө кыргыз тилинде «Өмүрү өрнөк инсандар» сериясын чыгарууну баштайт. Азыр Махатма Гандинин өмүр баяны которулуп жатат.

 

Өз сөзүндө Кытай Эл Республикасынын Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ци Даюй кыргыз тилинде Ден Сяопин жөнүндө китепти басып чыгаруунун демилгечилерине ыраазычылык билдирди жана Кытайдын, анын саясий ишмерлеринин тарыхына кызыгуу, кала берсе Бишкектеги чоң көчөлөрдүн бири үчүн Дэн Сяопиндин ысмын алып жүргөндүгү үчүн ырахмат айтты. Ал кытай лидеринин башына КЭРдин өнүгүшүндө өтө татаал «саясий жана экономикалык оорчулуктар» туура келгенин, бирок аларды зор ийгилик менен аткара алганын белгиледи. Китепти которуу, деп белгиледи элчи, Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы бекем достук мамилелерди андан ары да чыңдоого жардам берет.

 

Презентацияда ошондой эле Коомдук саясат институтунун (IPP) Президенти, КР премьер-министринин коомдук негиздеги кеңешчиси Муратбек Иманалиев, тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов, Улуттук илимдер академиясынын президенти академик Абдыганы Эркебаев, Мамлекеттик тил боюнча республикалык комиссиянын төрагасы Эгемберди Эрматов, Кыргызстандын Социологиялык Ассоциациясынын президенти, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин социология бөлүмүнүн башчысы Кусеин Исаев, Кыргыз тарых коомунун президенти, тарыхчы окумуштуу, публицист жана журналист Тынчтыкбек Чоротегин, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жазуучу Жусупов Кеңеш, КР коомдук ишмери Сооданбеков Жумагул сөз сүйлөдү. Презентацияга коомдук, мамлекеттик ишмерлер, илимпоздор, жазуучулар, журналисттер, бизнестин өкүлдөрү, ЖОЖдордун профессорлору, бардыгы 150 адам чогулду.

 

Дээрлик бардык ораторлор өз сөздөрүндө белгилегендей, көп сандаган адабияттарды кыргыз тилине которуу керек, ааламдашуу жана түп тамырынан өзгөрүү доорунда шаарлардагы жана айылдардагы кыргыз окурманы маанилүү маалыматка муктаж. Муну ушул презентациялоо ырастагандай, жаңы китептерди талкуулоо пикир алышуу, илимпоздордун, интеллигенциянын өкүлдөрүнүн ортосундагы диалог үчүн пайдалуу жана кызыктуу майдан боло алат. Ден Сяопин жөнүндө китептин чыгышы, деп баса белгилешти сөз сүйлөгөндөр, соңку 20 жылдын ичинде өлкөдөгү даңктуу маданий окуя болуп саналат.