«Аракет» - «Мекендештер» дискуссиялык клубунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү

September 27, 2015, 06:00

23-сентябрда «Аракет» дискуссиялык клубунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Спикер энергетика жагынан дүйнөлүк иш тажрыйбасы бар супер-кесипкөй Эльвира Боромбаеваны чакырган. Эльвиранын иш тажрыйбасынын тизмеси Баку-Тбилиси-Джейхан нефть түтүгүн (Түркия), Набукко газ түтүгүн куруу боюнча долбоордогу иштен тартып газ жана нефть боюнча "Боташ" эң ири түрк мамлекеттик компаниясынын кеңешчисине чейин өтө зор.

 

Жолугушуу мазмундуу, үзүрлүү болду. Кыргыз Республикасынын гидроэнергетикалык мүмкүнчүлүктөрү эбегейсиз зор. Чакан ГЭСтерди куруу жана бардык жерлерде өнүктүрүү демейки ГЭСтерге караганда бир катар артыкчылыктарга ээ. Бул – курулушка, экологияны сактоого жана регионду туруктуу өнүктүрүүгө каражаттарды үнөмдөө, зор аймактарды сууга чөктүрүүнүн кереги жок, алыс аралыктарга электр берүү линияларын куруунун кереги жок, чакан ГЭСтер өлкөнү электр энергиясы менен 100%га камсыз кылуу жагынан олуттуу көйгөйлөрдү чечет. Беш-Күнгөй айылынын мисалы келтирилди, ал Бишкектен 5 километр аралыкта турат жана ага дайыма электр кубаты жетишпейт. Эми Баткенди жана башка бардык алыскы региондорду элестетип көргүлө, аларга жарык дегеле жетишпейт, ал эми мунун айынан калк жапа чегип жатат, түпкү калк алда канча ыңгайлуу жана башка аймактарга келип жатат. Чакан ГЭСтер – булар жаңы жумуш орундары, жер-жерлерде социалдык оорчулукту алып салуу, өнөр жайды жана кайра иштетүүнү өнүктүрүү, кол өнөрчүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү. Мында Норвегиянын мисалы көрсөтмөлүү. Энергиянын 99%ы чакан ГЭСтерде өндүрүлөт!, мында Норвегия Европанын жармын электр энергиясы менен камсыз кылууга жетишет, ошол эле учурда жаратылышты кол тийбеген түрдө сактайт жана мисалы, ошол эле АЭСтерди куруу жөнүндө ойлонбойт. Чакан ГЭСтер – булар акылга сыярлык, прагматикалуу, натыйжалуу, заманга шайкеш, ылайыктуу. Мындай системадан экономика да, өлкөдө жашаган жарандар да өнүгөт. Энергиянын альтернативдүү булактарын өнүктүрүү жөнүндө мыйзамыбыз бар туруп (жакынкы учурга чейин КМШда жападан жалгыз!!!) биз ал иштебей калышы үчүн мүмкүн болгондун бардыгын жасайбыз. Кайрадан эле мамлекеттик чиновниктер тарабынан коррупциялык элементтер, өзүм билемдик жана мыйзамдын көптөгөн пункттарын өзү билгендей чечмелөө орун алган, булар чакан ГЭСтерди өнүктүрүүгө тоскоолдук кылат, мисалы, өзүн-өзү актай турган мөөнөт азайтылат, мунун айынан өтө көптөгөн ири инвесторлор биздин өлкөдөн оолактайт. Узак мөнөттүү жана арзан каражаттардын жоктугу, бул да чакан ГЭСтерди өнүктүрүүгө сокку. Чакан ГЭСтер өнүгөт деген үмүт бар. Эгерде буга жетишсек, анда бүткүл экономика жана бүтүндөй алганда өлкө гүлдөп-өнүгөт. Потенциал бар, мүмкүнчүлүктөр эбегейсиз зор, бизнес ушулардын бардыгын өнүктүрүүгө кызыкдар. Мамлекет тарабынан мыкты колдоо керек. Эгерде бардыгын ойдогудай жасасак, өзүбүз Сингапур үчүн үлгү болуп калабыз. Ушундай ой жүгүртүүгө убакыт жетти!

 

Бакыт Дегенбаев