Бишкекте «Балдар үчүн гүл бакча» лекциясы өттү

September 27, 2015, 06:00

23-сентябрда Алматыдагы «Гулистан» питомник бакчасынын негиздөөчүсү Гозел Кулжабаева менен жолугушуу болуп өттү. Гозел Кулжабаева айткандай, бакчаны негиздөө идеясы анын эңсеген максаты болгон. Жайдак жерде мыкты бакча өсүп чыкты, анда дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн алып келинген бактардын, бадалдардын жана гүлдөрдүн жүздөгөн түрлөрү өсөт.

 

Алматынын жана Казакстандын башка шаарларынын ондогон мектептеринен «Гулистанга» экскурсияга, эс алууга келишет. Илимий-билим берүү ишмердиги үчүн Гозел Кулжабаевага ЮНЕСКОнун сыйлыгы тапшырылган. Гүлдөрдүн жана бадалдардын көчөттөрү ошондой эле «Гулистандан» белек катары мектептерге таратылат. Бул иштин максаты – мүмкүн болушунча көп сандагы чоң кишилерди жана балдарды жашылдандыруу идеясына тартуу, мүмкүн болушунча көп аянттарды жашылдандыруу. Казакстан өсүмдүктөрү аз болгон талаа зонасында жайгашкан, ошондуктан жашылдандыруу өсүмдүктөрдүн тукумун көбөйтүү жана экологияны жакшыртуу үчүн маанилүү роль ойнойт.

 

Питомник бакчаны өстүрүүдөн тышкары, Кулжабаева айым ошондой эле кесиптештери менен бирге көп сандагы балдар адабиятын – өсүмдүктөр жөнүндө китептерди, боелуучу китептерди, өсүмдүктөрдүн жана бактардын казак тилиндеги аталышы бар кооз сүрөттөрдү басып чыгарат. Лектор казак, ошондой эле кыргыз тилдеринде белгилегендей, өсүмдүктөрдүн аталыштарын орус же латын тилдеринен казак тилине которуу боюнча иш, ошондой эле унутулуп калган казакча аталыштарды калыбына келтирүү боюнча иш зарыл.

 

Лекциянын бардык катышуучулары – Бишкектин жана Нарындын ЖОЖдорунун биология кафедраларынын өкүлдөрү, ботаникалык бакчанын кызматкерлери, мектептердин жана балдар бакчаларынын педагогдору, журналисттер – «Гулистан» бакчасына барууга чакырууларды алды.

 

Өз кезегинде, жолугушууну уюштуруучу катары, «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду казак коңшулардын ушундай тажрыйбасы кала берсе жалгыз адам да өз колу менен мыкты бакчаны түзө ала тургандыгынын, бакча же сейил бак адамдар көп келген жана мектеп окуучулары менен балдар, чоң кишилер барып туруучу белгилүү жер болушу мүмкүн экендигинин айкын үлгүсү болот деп үмүттөнөт.