Экс-Президент Р.И.Отунбаева - ООНдун Коста-Рикадагы Университетинин Кеңешинин мүчөсү

August 28, 2015, 06:00

2015-жылдын 19-октябрында ООНдун Башкы Ассамблеясынын 4-комитетинде ООНдун Тынчтык университетинин үч жылдык баяндамасы сунуш кылынат. ООНдун Башкы Катчысы Пан-Ги Мун Бириккен Улуттар Уюмунун Билим, илим жана маданият маселелери боюнча Башкы директору Ирина Букова менен консультациянын негизинде Башкы катчынын Канцеляриясынын Начальнигинин Башкармалыгынын (Аппаратынын) азыркы директору Фернандо Бласко мырзаны (Аргентина) ООНдун Университетинин Кеңешинин мүчөсү катары атоону чечти.

 

Кеңештин азыркы курамы төмөнкүдөй (2012-2015-жылдар үчүн Тынчтык Университетинин Башкы катчысынын Отчетунан алынды):

Тынчтык Университетинин Кеңеши 17 мүчөдөн турат, алардын ичинен 10у Башкы Катчы тарабынан дайындалат жана 7 мүчө кызмат орду боюнча. Азыркы учурда Кеңештин Башкы Катчы тарабынан дайындалуучу мүчөлөрү болуп төмөнкүлөр саналат: Аристид Ройо мырза (Панама), Кеңештин Төрагасы; Хэл Клепак мырза (Канада), Кеңештин Төрагасынын орун басары; Жан Арно мырза (Франция); Алисия Барсена айым (Мексика); Жан-Жак Грасс мырза (Бельгия); Вакака Хиронака айым (Япония); Моника К. Джума айым (Кения); жана Роза Отунбаева айым (Кыргызстан); жана Фернандо Бласко мырза (Аргентина), ошондой эле төмөнкү мүчөлөр кызмат орду боюнча: Франсиско Рохас Аравена мырза (Чили), Тынчтык Университетинин Ректору; Джуди Чэн-Хопкинс айым (Малайзия), Канцлер (Университеттин номиналдык Президенти); Пилар Альварес-Ласо айым (Мексика), ЮНЕСКОнун Башкы Директорунун Өкүлү; Дэвид Мэлоун мырза, Бириккен Улуттар Уюмунун Университетинин Ректору; Хуани Гузман айым (Коста-Рика), Коста-Риканын Өкмөтүнүн Өкүлү; жана Мерседес Пеньяс айым (Испания), Коста-Риканын Өкмөтүнүн Өкүлү жана Коста-Риканын Биринчи Ледиси.

 

 

Маалымкат: Тынчтык Университети (англ. University for Peace) Коста-Рикада 1980-жылы «адамзатты тынчтык маселелери боюнча эл аралык жогорку окуу жайы менен камсыз кылуу үчүн жана бардык адамдардын ортосунда өз ара түшүнүшүү, сабырдуулук ыңгайын чыңдоо жана элдердин ортосундагы кызматташтыкты кубаттоо жана Бириккен Улуттар Уюмунун Уставында жарыя кылынган асыл максаттарга ылайык эл аралык тынчтыкка жана прогресске тоскоолдуктарды жана коркунучтарды азайтууга көмөктөшүү үчүн тынчтыкта бирге жашоо максатында» негизделген.