Монголия: Эмне үчүн боз үйлөрдөгү бала бакчалардан улуттук насил-наркы сактоону көрүшөт
August 28, 2015, 06:00Ушул жайда Монголияда өлкөдө алгачкы демократиялык шайлоонун 25 жылдыгын кеңири белгилешти. Улан-Батордо ушул окуяга арналган жогорку деңгээлдеги эл аралык конференция болуп өттү жана меймандарга «кызыкчылыктар боюнча программаны» уюштурууга аракет кылышты. Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаева өлкөнүн алыскы булуң-бурчтарында бала бакчаларын уюштуруу жөнүндө сурады, анан ага Улан-Батордон жүз километрден алыс жерде жайгашкан боз үйдөгү бала бакчалары жөнүндө айтып беришти. Делегацияны коштоп жүргөн EBI Institute Вице-президенти Гунсэн Боркхуу айрым убакыттан кийин «Фергананы» – Монголиядагы боз үйдөгү бала бакчалары жөнүндө макаланы жөнөтүп жиберди, ошондо бул тема бизге кызыктуу болуп калды – Борбордук Азияда, өзгөчө Кыргызстанда, алыскы жайыттардагы боз үйдөгү бала бакчалары малчылардын көп балалуу үй-бүлөлөрүнүн турмушун олуттуу жеңилдете алат.
* * *
2015-жылдын 25-июлунда Монголия алгачкы демократиялык шайлоонун 25 жылдыгын белгиледи, мага эл аралык жыйынга катышуу урматы туш келди, ал жерде көптөгөн өлкөлөрдүн өкүлдөрү бул күндү биз менен бирге белгиледи. Көптөгөн көрүнүктүү адамдардын сүйлөгөн сөздөрүн кунт коюп угуп, мага тоталитардык режимден демократияга өтүү, бардык жарандарыбыздын болбосо да, көпчүлүгүбүздүн жашообузду өзгөрттү деген ой аргасыздан келди. Адамдар эмне кылуу, өзүнүн келечегин кандай уюштуруу, өзүн кантип көрсөтүү керектигин өздөрү чечет. 25 жыл өттү, эми Монголиянын ар бир жараны өзүнүн өнүгүү жолун тандоодо эркин – андыктан өлкөнүн өнүгүшүнө каалаганындай катыша алат.
Кыргызстанда (бийик тоолуу алыскы жайыттардагы) жайлоо бала бакчалары жагынан «Роза Отунбаеванын демилгеси» фонду иш алып барууда. Болгону соңку үч жылдын ичинде Фонд 82 бала бакчасын ачты, аларда үч миңге жакын бала кыргыз жана орус тилдерин, математиканы, сүрөт тартууну жана башкаларды үйрөнөт.
Биз жолугушкан алгачкы мүнөттөн тартып эле Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаева Монголия үчүн, ошондой эле Кыргызстан үчүн маанилүү болгон ар кандай тармактардагы өзүнүн терең түшүнүктөрү менен мени арбап алды. Бир кичинекей, бирок өтө маанилүү маселе менен көңүлүмдү абдан бурду: өлкөнүн алыскы булуң-бурчтарындагы бала бакчасы. Мен EBI Institute ыйгарым укуктуу вице-президенти катары ушундай балдар бакчаларынын бирине биздин визитти уюштурдум жана эмне үчүн мамлекет бүткүл Монголия боюнча боз үй балдар бакчаларына күчтүү колдоо көрсөтүп жатканы жагынан өз пикиримди жан дилим менен, кымбаттуу окурмандар, сиздер менен бөлүшүүнү чечтим.
Мыкты билим – кайсы курактан тартып болбосун – адамдын калыптанышына, демек, өлкөнүн жана бүтүндөй алганда бүткүл адамзаттын өнүгүшүнө олуттуу таасир этет. Муундан муунга көчмөн жашоо ыңгайын жүргүзгөн адамдарда өз маданияты жана өзүнүн дүйнө таануу ыкмасы калыптанган. Ушул турмуштук жөндөмдөр жана социалдашуунун өзгөчө формасы жаратылыш шарттарынын таасири жана адамдар дуушарланууга аргасыз болгон кырдаалдардын кысымы астында өнүккөн. Мындай эриш-аркак аракеттенүүнүн көрүнүктүү мисалы – боз үй бала бакчалары.
Мурдагы социалисттик мезгилде монгол малчылары малды жамаат болуп баккан; албетте, ал мезгилде малдын санын партия аныктаган. Ал учурда балдардын төрөлүшү бүгүнкү күнгө салыштырганда жогору болгон, андыктан, мисалы, жети баласы бар көп балалуу үй-бүлө жүз койдон ашпаган малды баккан жана бул анчалык оор болгон эмес.
Бүгүнкү күндө кырдаал өзгөрдү. Өлкөдө рыноктук экономика, балдардын төрөлүшү азайды, мындан тышкары, Монголиянын ар бир жараны жеке менчигинде чектелбеген сандагы малга ээ боло алат (акыркы маалыматтар боюнча Монголиянын калкынын саны 3 млн адам, ал эми малдын саны 70 миллионго жетти – ред.). Бул эмгек ресурстарынын тартыштыгына алып келүүдө: иштин бардык жүгү үй-бүлөнүн чоң мүчөлөрүнүн мойнуна түшөөрү түшүнүктүү. Ал эми эгерде эки гана чоң киши бар болсо, дагы эки-үч бала мектепке чейинки куракта болсо, эмне кылуу керек?
Малчылар, президенттин же министрдин буйругун күтүп олтурбастан, бүткүл өлкө боюнча боз үй бала бакчаларын өз алдынча уюштуруп, бул маселени өздөрү чечти. Бүгүнкү күндө бул кубулуш бүткүл Монголия боюнча кеңири жайылтылган: ар бир сумда (райондо) (Монголия администрациялык жактан аймактарга (облустар) жана сумдарга (райондор) бөлүнөт, Монголияда бардыгы болуп 315 сум бар – ред.) бери болгондо экиден ушундай бала бакчасы бар. Адегенде боз үй бала бакчаларын түзүү идеясын Дүйнөлүк банк колдоду, ал долбоорду финансылады. Андан кийин гана Монголиянын билим берүү министрлиги мугалимдерин эмгек акысы (ал шаардагыдай эле) боюнча чыгымдарды өзүнө алды, ошондой эле боз үйлөрдүн жана балдар тамак-ашынын акысын төлөйт.
Ата-энелер отун жагынан жардам берет жана мектеп-жазуу буюмдарын сатып алышат, мындан тышкары, алар кээде келип чыккан кошумча чыгымдарды өзүнө алат. Бирок бала бакчасында баланы багуу үчүн ата-энелер акча төлөбөйт.
Отунбаева айым менен биз Улан-Батордон жүз километр аралыктагы – борбор шаарга эң жакын боз үй бала бакчасына бардык.
Чулуут регионунда (Эрдэне суму (району), Тов аймагы (облусу)) боз үй бала бакчасы он жылдан ашык мезгилден бери иштеп келатат. Ага эки жаштан жети жашка чейинки курактагы он сегиз бала барат. Алардын бардыгы бир боз үйдө, бирок сабактар үчүн алар курагы боюнча топторго бөлүнөт. Жалпысынан бала бакчасы эки боз үйдү ээлейт: биринде – ашкана жана тарбиячы (башкы мугалим) менен анын жардамчысы үчүн «үй», экинчисинде – балдар. Бала бакчада балдарды окууга, эсептөөгө үйрөтөт, аларда музыкалык жана дене тарбия сабактары бар. Албетте, алар менен дайыма оюн ойношот.
Боз үй бала бакчасы 5-августтан тартып жабылат, бирок кыш мезгилинде эки мугалим боз үйлөрдү кыдырып, жайында бала бакчасына келбеген балдарга барат.
Бала бакчасы эртең мененки тогуздан кечки бешке чейин иштейт. Балдарга күнүнө үч жолу (эртең мененки, түшкү жана кечки тамак) тамактандырышат, мындан тышкары, негизги тамактын ортосундагы тыныгууларда печенье менен чай же май менен нан беришет. Балдар күндүз бир жарым саат, 13.00дөн 14.30га чейин уктайт.
Бала бакчасынын директору Өлзийсүрэн айым, бизди кучак жайып тосуп алды. Ал боз үй бала бакчасы малчылардын азыркы үй-бүлөлөрүнө жардам берип гана тим болбостон, ошондой эле Монголиянын улуттук насил-наркын жана маданиятын сактоого түрткү берет деп айтты.
Өлкөнүн же адамдын өнүгүшү ойдогудай жүрбөгөнү маанилүү эмес. Бүгүнкү күндө Монголияда демократия жана бизде келечегибизди кандай курууну эркин тандоо мүмкүнчүлүгү бар экендиги маанилүү.
Гунсэн Боркхуу, EBI Institute аткаруучу вице-президенти, Улан-Батор, Монголия – атайын «Фергана» үчүн
«Фергана» эл аралык маалымат агенттиги