«Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү, КР Экс-президенти Отунбаева Роза Исаковнанын Ысык-Көл областындагы Жайлоо бала бакчалардын ишмердүүлүгү менен таанышуу иш-сапары болду

August 19, 2015, 06:00

Республиканынын бардык аймактарында жайлоодогу өнүгүү борборлорун уюштуруу демилгесин жайылтып жаткан Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева баштаган топ 17-августта Жети-Өгүз районуна караштуу өнүгүү борборлорунун ишмердүүлүктөрү менен таанышты. Алгач Ак-Таш жайлоосундагы (Чоң-Кызыл-Суу айылы) жана Көк-Жайык жайлоосундагы (Жети-Өгүз айылы) өнүгүү борборлорунун иш аракети менен таанышты. Мында өнүгүү борборлорунун ишмердүүлүгү менен таанышуу менен катар ата-энелер, жайыт колдонуучулар, тарбиячылар үчүн мастер класстар, түшүндүрүү иштери, балдарга керектүү билгичтиктерди, көндүмдөрдү калыптандырууга багытталган ишмердүүлүктөргө катышты. Бул иш чарага КР Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Каптагаев Э.С., «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Кендирбаева Д.Ш., Жети-Өгүз районунун акиминин орун басары Раматов М.С., Жети-Өгүз районундагы «Ак-Жалга» жабык акционердик коомунун – сыр заводдун директору, Ысык-Көл областы боюнча Жайлоо бала бакчаларынын камкорчулар кеңешинин мүчөсү Жүзүмалиева К., Өзгөчө Кырдаалдар Министирлигинин Окуу Борборунун адистери, Ысык-Көл областтык К.Жантөшов атындагы драмтеатрдын директору Абдрахманов К.Б. баштаган “Кумайык” куурчак спектакли, “Билимстан” балдарга билим берүү борборунун педагогдору, Балдар жазуучусу - акын А. Казиев, Б Бейшеналиева институтунун, И.Разаков атындагы политехникалык университетинин студент волонтерлору катышты жана мазмундуу өнүуктүрүүчүлүк мастер класстарды тартуулашты. Жети-Өгүз районундагы жайлоо өнүгүү борборлорунун ийгиликтүү иштөөсүндө жергиликтүү аялдар комитети жигердүү аракеттенип жаткандыгы мактоого арзыйт. Алардын ичинде Чыныбаева Г., Дыйканбаева З., Жумадилова Р. сыяктуу лидерлердин атын атоого болот. Өнүгүү борборлоруна фонддун атынан 147 жомок жазылган флешка менен радиола, кеңсе буюмдар, кепкалар, китептер белекке тапшырылды.


Ата-эненин келечеги баланын колунда – баланын келечеги ата-эненин колунда.


Экс- президент Р.Отунбаева ата энелер менен баарлашууда маанилүү учурларга токтолуп, баланын өнүгүүсүндө ата энелердин ролуна басым жасады.Малчылык учурда айыл жерде жашаган ар жашоочунун туруктуу салттык кесибине жана туруктуу киреше булагы. Өлкөбүздөгү тойканалардын, ашканалардын санынын көбөйүшү- мал этине болгон суроо-талаптын туруктуулугун далилдөөдө. Малдын баасынын жогорулашы, туруктуу керектөө - малдын санынын өсүшүнө өбөлгө болуп, мал баккандардын, жайлоого чыккандардын саны жылдан жылга көбөйгөндүгүн белгиледи. Ансыз да айыл жериндега балага ар кыл кенже курактагы балдарды өнүктүрүү кызматтары жетишсиз. Биздин ата энелердин башкы милдети, балдарыбыздын өнүгүүдөн өксүү болбосуна кам көрүүбүз милдет. Кыргызстанда 10 миллион малыбыз бар, бул жакшы нерсе, бирок адам ресурсу биринчи орунда турат. Жайлоо бала бакчаларын эмнеге ачтык? Балдар кичинекей кезинен сабаттуу болуп өссүн, -деп жатабыз. Япондор адам ресурсун өстүрүп жатышат. Сиздер да аталар, балдарыңар менен кечинде шашки, шахмат, домино ойногула, үйрөткүлө, ар кандай спектаклди үй-бүлө менен аткарып, балдарды жомок дүйнөсүнө кызыктырып, маданиятка аралаштыргыла. Балдардын ой-жүгүртүүсүн кичинекей кезинен өнүктүрбөсөк, чоңойгондо заман талабына ылайык жашай албай кыйналат. Энелер болсо кыздарга бешик ырын үйрөтүп, сайма саюунун, шырдак жасоонун ыкмаларын айтып берип, ар кандай сувенирлерди жасаганды үйрөтүү зарыл. Илимге, билимге сугарылган күчтүү коомдун мүчөсүнүн жетилип чыгышына көмөгүбүздү көрсөтөлү.


Ак-Таш жайлоосундагы “Ананайка” жайлоо өнүгүү борбору


Чоң-Кызыл-Суу айылынан өйдө жерде жайгашкан Ак-Таш жайлоосундагы “Ананайка” жайлоо өнүгүү борборунда балдар жазганды, окуганды уйрөнбөстөн, ар кандай гүлдөрдү, жүндөн сөйкө, билерик, жүндөн сүрөт жасаганды, пластилинден ар кандай жаныбарларды үйрөнүп жаткандыгына күбө болдук. Эң башкысы ар бир бала бакчада тарбиячылар үчүн усулдук, методикалык пособиелер, дидактикалык материалдар кенен экен. Балдар үчүн керектүү кеңсе буюмдары, ойногонго оюнчуктары да бар экенин көрдүк. Маселен, “Ананайка” бала бакчасынын тарбиячысы Шаршеева Жеңишкүл балдарга ат оюндарын уюштуруу үчүн балдарга атайын ат жасап, балдар ал аттар менен балдар көк-бөрү, кыз куумай оюндарын ойноп жатышкандарына күбө болдук. Дагы бул тарбиячы көрпөгө ар кандай топчуларды, крышкаларды тиктирип кооз көрпөлөрдү жасаганына күбө болдук. Бул бакчанын сыртында чоң селкинчеги бар экен, ал жерде балдар селкинчек тээп кубанышууда.


Мындан тышкары бул бакчага Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин өкүлдөру, өзүнүн графиги боюнча келип балдарга коопсуздук боюнча мультфильмдерди коюп, ал мультфильмдерден балдар эмне түшүнгөнүн сүрөт тартуу аркылуу алып атышты. Бул бакчага Ысык-Көл областтык К.Жантөшов атындагы драмтеатрдын директору Абдрахманов К.Б. баштаган “Кумайык” куурчак спектакли келип балдарды куурчактар спектакли менен кубантты.


Бул бала бакчага Бишкектин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Исскуство Институтунан жана И. Разаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинен келген студенттер дагы мастер-класстарды көрсөтүштү.


“Билимстан” балдарга билим берүү борборунун адистери балдарга пластилинден ар кандай жаныбарларды жасаганды, чий куурчак жасаганды үйрөтүштү.


Көк-Жайыктагы “Арча” жана “Келечек” өнүгүү борборлору


Андан аркы сапарыбыз Жети-Өгүз курортунан өйдө жайгашкан Көк-Жайык жайлоосундагы “Арча” жана “Келечек” бала бакчасына жол тарттык.


“Арча” жайлоо бала бакчасындагы балдарга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Окуу борборунун адистери балдарга атайын коопсуздук боюнча мультфильмдерди көрсөтүп, сүрөт тартырышты. Бул бакчадагы балдарга Роза Отунбаева табышмак окуп, балдар болсо жандырмагын айтып жатышты. Асек Казиев дагы өзүнүн чыгармаларынан балдарга окуп жатты. Мындан тышкары “Роза Отунбаеванын Демилгеси” эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору балдарга ар кандай оюн ойнотуп, балдарга жомок окуп берди.


Бул бакчада башка улуттун дагы балдары бар болгону кызыктырды. Казакстандан келген туристер балдарын бакчага коюп коюп өзүлөрү тоого чыгып келишет экен.


Ал эми экинчи “Келечек” жайлоо бала бакчасында Ысык-Көл областтык К.Жантөшов атындагы драмтеатрдын директору Абдрахманов К.Б. баштаган “Кумайык” куурчак спектакли келип балдарды куурчактар спектакли менен кубантты.


Мындан тышкары бала бакчага Бишкектин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Исскуство Институтунан жана И. Разаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинен келген студенттер дагы жүндөн ар кандай жасалгаларды жасап комуз черткенди үйрөтүштү.


“Билимстан” балдарга билим берүү борборунун адистери балдарга пластилинден ар кандай жаныбарларды жасаганды, чий куурчак жасаганды үйрөтүштү.


Башка бакчадан өзгөчөлөнүп бул бакчада пианинонун бар болгону. Бул бакчанын тарбиячысы Мисиралиева Съездгүл балдарды музыкага шыктандырып, пианино чертип балдарды ырдатканы аябай бир сонун көрүнүш.


Бул бакчаны өз күчү менен ачкан Жумадилова Роза, бул саамалыктын абдан маанилүү экендигин баса белгиледи. Бала бакчаынын тарбиячысы Сьездгүл эжей менен биргеликте балдарды ар тараптуу өнүктүрүү үчүн жигердүү аракеттенип жаткандыгы кубандырат.



Кошумча маалымат үчүн www.roza.kg сайты же 0312 66 03 68, 0556 54 91 54 телефондору аркылуу кайрылыңыздар.