С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетининде «Жайлоо шартында балдарды ар тараптуу өнүктүрүү жолдору» аттуу Республикалык семинар өттү.

August 14, 2015, 06:00

2015 жылдын 7-8августунда аймактардагы жогорку окуу жайлардын (ЖОЖ) педагог-профессорлору С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде жана Солтон Сары жайлоосундагы “Эдельвейс” эксперименталдык бала бакчасында өткөн “Жайлоо шартында балдарды ар тараптуу өнүктүрүү жолдору” аттуу Республикалык семинарга катышышты. Семинардын максаты жайлоо шартында балдардын ар тараптуу өнүгүүсү үчүн өнүгүү борборлорун уюштуруудагы жогорку окуу жайынын аткара ала турган ишмердүүлүктөрүн НМУ нун мисалында таанышуу. Жайлоо шартында балдардын ар тараптуу өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн тарбиячылардын, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн, жайыт комитеттеринин ата-энелердин кызматташтыгын камсыздоо. Жайлоодогу өнүгүү борборлорунун ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, демилгелерди колдоого алуу.


Иш сапардын катышуучулары: Орузбаева Т., Тентиева Э. (И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университети), Боронбаев А. (Ош Мамлекеттик Университети), Жыпаргүл Ш., Сатыбалдиева Ж.К. (Ош Мамлекеттик Педагогикалык Институту), Кадыров А. (Баткен мамлекеттик университети), Ажыбаева З., Турдубаева Б. (Жалал-Абад мамлекеттик университети), Атыгаев Б., Сатышева Г. (К. Тыныстанов атындагы Ыссык-Көл мамлекеттик университети), Нукешов С., Умарбекова А. (Талас Мамлекеттик университети), Сулайманова Р. (Ж.Баласагын ат.Кыргыз Улуттук университети).


Семинар эки күнгө созулду. Биринчи күнү семинардын катышуучулары С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин жетекчилиги жана жана окумуштуу-педагогдору менен жолугушту. Алар университет туралуу презентация жасашып, иштеп жаткан ресурстук, тил жана маданият борборлору (немис, араб, кытай), Американистика жана Батышты изилдөө борбору жана С.Нааматов атындагы музей менен тааныштырышты.




Ушул эле күнү жайлоодогу өнүгүү борборлорун ачууда өнөктөш болгон №15 бала бакчанын ишмердүүлүгү менен таанышышты. Бала бакчанын директору Бейшебаева Жанымгүл балдар менен иштөөдө борбордоштуруп окутууга көңүл бурула тургандыгын, педагогдордун интерактивдүү ыкмалар менен иштей тургандыгын баса белгиледи.



Семинардын экинчи күнү Солтон Сары жайлоосундагы С.Нааматов атындага НМУнун “Эдельвейс” жайлоо бала бакчасында өттү. Бакчада төмөнкү темаларда презентациялар жасалды:


-“Жайлоо шартында бала бакчанын жаралуу тарыхы” Өмуралиева Д.К, жана Бейшебаева Ж. (С.Нааматов атындага НМУ);

- “Жайлоодогу өнүгүү борборлорун уюштуруудагы ийгиликтер, мүмкүнчүлүктөр” Жоодонбеков А.А. (“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду)

- “Жайлоо бала бакчалары” тажрыйба менен тааныштыруу. Атабаев А.А. (Кыргызстандын тоолуу аймактарын өнүктүрүү программасы, Ага Хан Фонду).


Жайлоо бала бакчаларынын тарбиячылары, Макелова Р. жана Рысбекова А., балдар менен көрсөтмө сабактарды өткөзүштү. Макелова Рыскүл кенже курактагы балдарга роза, ромашка жана шылдыран гүлдөрүнүн айырмачылыктарын айтып, теманы калыптандыруу иретинде сүрөт тарттырып, гүлдөрдүн бөлүкчөлөрүн чогултуу оюнун өткөздү. Чон курактагы тайпасы менен Рысбекова Айжан иштеди. Айжан балдарга «Жер жөнүдө түшүнүк» аттуу темада сабак өттү. Ал балдарды командаларга бөлүштүрүп өткөн тема боюнча сүрөт тарттырып, дил баян жаздырды.


Көрсөтмө сабактар балдар менен гана өткөрүлбөстөн ата-энелер менен дагы өттү. Энелер үчүн тарбиячы, Тентимишова Гүлбүбү, кийизге ою түшүрүү мастер-классын өткөздү. Энелер бул ишке кызыгуу менен катышышты. Биринчи жолу жасагандарына карабастан аягында кооз кийиз буюмдар жасалды. Өз учурунда аталар “Жети ата түшүнүгүн балдарга кантип үйрөтсө болот” –деген темада топтук тапшырма аткарышты. Алар бул тапшырманы ватманда аткарышып, өздөрүнүн чыгармачылыктарын көрсөтүштү. Ата-энелер үй шартында балдар менен мындай тапшырмаларды аткарып, балдарды ар тараптуу өнүктүрүүгө боло тургандыгын белгилешти.


Ибраева Н.И. (С.Нааматов атындага НМУнун доценти, биология имлимдеринин кандидаты) “Экологиялык тарбия берүүнүн жолдору” темасында балдар менен интерактивдүү сабак өткөрдү. Өзүнүн сабагында ал үйдө жана талаада өскөн гүлдөрдүн түрлөрүн, айырмачылыктарын түшүндүрүп берди. Балдардын жүздөрнүнөн аларга сабак кызыктуу болгондугу байкалды.


Беш күндүн аралыгында волонтер, Момуналиева Шаадат (шахмат оюндары спорт чебери), балдарга шахмат боюнча мастер-класс өткөрдү. Балдар шахматтын негизги жүрүштөрүн, фигуралардын аталыштарын гана билбестен, балдар менен жакшы мамиле түзө билгендиги көңүлдү бурду. Шаадаттын мөөнөтү аяктап, Бишкекке аттанып жатканда балдардын жибергиси келбей жаткандыгын педагодун ишинин ийгилиги катары кароого болот.


Өтүп жаткан иш чаралардын тыныгуулары Мин-Булак жайыт комитетинин башчысы, Нурмамбетов Кенжебек, тарабынан уюштурулган “кымыз-брейк” менен коштолду.


Семинардын катышуучулары, С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин мугалимдери, ата-энелер, балдар биргеликте улуттук аркан тартыш оюндарын ойноп, кара жорго бийин бийлешти.


Эки күндүк семинардын жыйынтыгы катышуучулардын жана уюштуруучулардын жалпы талкуусу менен аяктады. Семинардын катышуучулары аларга семинар пайдалуу, мазмундуу жана баалуу болгондугун белгилешип уюштуруучуларга өз ыраазычылыгын билдиришти. Катышуучулар жайлоо бала бакчаларына бирдиктүү окуу жана методикалык куралдарды иштеп чыгуу, ЖОЖ дордун ортосунда тажрыйба алмашуу, ата-энелердин педагогикалык маданиятын көтөрүү, этнопедагогиканын баалуулуктарын колдонуу багытында кызматташууну талкуулашты.


Семинар С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университеттин жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун тарабынан уюштурулду.