Жайлоодогу өнүгүү борборлору күчтүү муундун өсүп чыгышын көздөйт
August 13, 2015, 06:00Жайлоолордогу өнүгүү борборлорун Республиканынын бардык аймактарына жайылтып жаткан Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева баштаган топтун 2015-жыл 5-августагы сапары Суусамыр жана Каракол жайлоолорундагы өнүгүү борборлоруна бет алды. Мында өнүгүү борборлорунун ишмердүүлүгү менен таанышуу менен катар ата-энелер, жайыт колдонуучулар, тарбиячылар үчүн мастер класстар, түшүндүрүү иштери, балдарга керектүү билгичтиктерди үйрөтүү максатын көздөдү. Биздин катарыбызда: КР өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин башчысы – Бакыт Рыспаев, КР айыл чарба жана мелиорация министрлигинин алдындагы жайыт департаментинин директору – Абдымалик Эгембердиев, Германиядан келген волонтерлор Изабелл жана Анна, Англиядан келген волонтер Эндрю, Айсек студенттердин эл аралык уюумунун өкүлдөрү жана «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун кызматкерлери бар. Фонддун атынан 147 жомок жазылган флешка менен радиола, кеңсе буюмдарды, китептер белекке тапшырылды.
Жайлоодогу өнүгүү борборлорунан балдар эмнелерди үйрөнүшөт?
Жайыл, Бакай-Ата райондоруна караштуу «Керемет», «Сардарбек ата» өнүгүү борборлорунда бакчаларында балдар жазганды, окуганды гана үйрөнбөстөн, ар кандай гүлдөрдү, жүндөн сөйкө, билерик жасаганды үйрөнүп жатышканына күбө болдук. Эң башкысы ар бир бала бакчада тарбиячылар үчүн усулдук, методикалык пособиелер, дидактикалык материалдар кенен экен. Балдар үчүн керектүү кеңсе буюмдары, ойногонго оюнчуктары да бар экенин көрдүк. Маселен, «Керемет» бала бакчасынын тарбиячысы Шаршенбек кызы Жылдыз жана мугалим Чолпон Кожомбердиевалардын мастер-классында балдар жапайы жаныбарлар, аба-ырайынын кубулуштары тууралуу маалымат алып, эжейлери менен кошо жаратылыштын боекторуна, үндөрүнө, жыттарына аралашып, образдарды жаратууга далаалат кылышты.
- «Роза Отунбаева демилгеси» коомдук фонду уюштурган окуусуна барып келгем. Ал жерде үйрөткөн программа боюнча сабак өтөм. Негизинен мен Суусамырдагы 1-Май орто мектебинде башталгыч класстын мугалими болуп эмгектенем. Бүгүнкү күндө балдар ар кандай жомокторду, ырларды айтып калышты. Түстүү барактардан гүлдөрдү жасаганды үйрөнүштү. 25 бала тарбияланып жатат. 3-7 жаштагы балдарга үч саат аралыгында алар менен иштөөнүн ар кандай формаларын уюштурабыз. Маселен, манжалардын гимнастикасы, кыймыл жана музыка терапиясы, динамикалуу тыныгуулар, арт жана жомок терапиясы, байкоо жүргүзүү, жансыз жаратылыштагы өзгөрүүлөр жөнүндө моделдерди түзүү, жаратылыштын добуштарын, үндөрүн тууроо, спорттук эс алуу, сюжеттик-ролдук оюндар ж.б.у.с. формалар менен иштейбиз, — дейт тарбиячы Жылдыз.
Ал эми сабак өтүп жаткан 30 жылдык педагогикалык тажрыйбага бай Чолпон Кожомбердиеванын айтымында, бул өрөөндө биринчи жолу бала бакча ачылган. Бала бакчага биринчи жолу келген балдар ыйлап, беймаза кылганы учурлары да бар.
- Балдар бат эле көнүп кетишти. Бала бакча ачылганына 15 эле күн болсо дагы балдар көп нерсени билип, кадимки шаардагы бала бакчага бараткандай таптаза кийинип алып, ата-энелери менен келишет. Бала өз көзү менен көрүп, колу менен сезип, ошол предметти айта билсе өнүгүү процессине көп эле жардам болот экен. 5 жаштагы балдар тамга таанышпай келишкен. Азыр тыбыштарды да таанып калышты. Эң башкысы, ушундай жакшы демилгени эми жергиликтүү бийликтегилер жерге калтырбай мындан ары өркүндөтүп бергенге жардам беришсе, — дейт мугалим Чолпон Кожомбердиева.
Бала бакчага небересин алып келген чоң эне Чолпон Акунованын айтымында, Суусамыр өрөөнүндө ачылган бала бакча ата-энелердин колун кармабай, балдардын өнүгүп-өсүшүнө жакшы шарттарды түзүп берип жаткан Роза Отунбаевага, айыл өкмөтүнө терең ыраазы экенин айтты. Бул жерде Бакай-Ата районун тургуну Сардарбек-Ата балдардын билимдүү болуусуна кошкон салымым ушул болсун деп, -боз үйүн бергендиги да өзгөчө мактоого арзыган көрүнүш.
Ал эми бала бакчага дегеле барып көрбөгөн балдар үчүн бул саамалык майдай эле жагып жатыптыр. Өзгөчө волонтерлор келип, кыргыз баласына логикалык ойлорду ойнотуу менен ар кыл тилдерди үйрөтүп, эл-жерин тааныштыруу максатында географиялык, саясий карталар менен иштөө ыкмасы балдардын кызыгуусун арттырып жатканы ата-энелерди кубандырбай койбойт. Бала бакчанын тарбиялануучусу Клара Меисбекова сүрөт тартканды үйрөнүп, жаныбарлардын дүйнөсү менен таанышып, жүндөн ар кандай оюнчуктарды, кыздарга шакек, сөйкө жасаса болоорун көрүп, кыргыз өнөрчүлүгүнө кызыгып калганын жашырган жок.
Волонтерлор балдардын дүйнө таанымын кеңейтет
Өнүгүү борборлорунун кадимки жайлоо бала бакчасынан негизги өгзөчөлүгү, ар кыл чет өлкөлүк уюмдар менен байма-бай байланышта болгондугунда. Биз барган мезгилде AIESEC дүйнөлүк эл аралык жаштар уюмунун мүчөлөрү Франция, Португалия, Голландия, Польша, Кытай жана башка ар кыл өлкөлөрдөн келген волонтерлор балдар менен ар кыл оюндарды ойношуп, билген нерселерин аларга үйрөтүп жатышыптыр. Андан тышкары биз менен барган Германиялык Изабелл менен Анна, Англиялык Эндрю балдарга кыймылдуу оюндарды үйрөтүп жатышты.
Чындыгында эле 5-10 минуттун ичинде волонтерлор кичинекей бөбөктөр, ата-энелер менен кызыктуу оюндар аркылуу англис тилинде аты-жөнүн айтканды, онго чейин санаганды үйрөтүп коюшту. Ал эми чоң дүйнөлүк саясий картаны көрсөтүп, өздөрү жашаган өлкөсүн сурашканда балдар алардын символикасы болгон желектерди көрсөтүп, таң калтырды. Ошентип, балдар менен чогуу-чаран олтуруп алып, көп нерсеге үйрөтсө болоорун ата-энелерге тастыкташты. Өзгөчө, «Мергенчи» аттуу стратегиялык оюн балдарга эле эмес, ата-энелерге да абдан жакты.
Англиядан келген волонтер Эндрю Бартон, малчылардын балдарынын эркин жүрүшүнө, оюндарды бат кабыл алышына абдан таң калып жатканын жашырган жок.
- Табият менен таттуу жашагандарды көрүп суктанып жатам. Бул биринчиден, ден соолукка пайдалуу. Мен балдар менен бир нече оюндарды өткөрдүм. Мага жакканы балдар тез эле айтканымды илип алып, мени менен кошо англис тилинде аттарын айтып, онго чейин санаганды үйрөнүштү. Волонтерлор атайын балдарга белек алып келгенбиз, аларды тапшырдык. Мени таң калтырганы Англияны картадан көрсөтүп бергилечи десек, биздин желекти туура таап беришкени баарыбызды сүйүнттү. Бирок көбү билбейт экен, — дейт Эндрю.
Караколдогу «Ак сыйнат» өнүгүү борбору
Ошентип эки бала бакчанын ишмердүүлүгү менен таанышып алып, алыста жайгашкан Каракол жайлоосуна жол тарттык. Албетте, «жол азабы, көр азабы» дегендей, жолдун алыстыгын, чарчаганыбызды бала бакчага жеткенде мотурайган балдардын көкүрөккө тыпыйган колдорун коюп алып Кыргыз Республикасынын Гимни менен тосуп алганы баарын унуткарып салды.
Малчылар жолдун алыстыгына карабай ат менен балдарын таң эрте бала бакчага алып келип, түштөн кийин алып кетишет. Айыл аксакалы Аскарбек ата малчылардын балдары сабаттуу болсун деп боз үйүн тигип бериптир.
- Мектепке барганда мугалимдер малчылардын балдары эч нерсе билбейт, бизди күйгүздү деп арызданышат. Эми минтип бала бакча ачылып, балдарды мектепке даярдап жатышат. Бул абдан жакшы жөрөлгө, муну ата-энелер кош колдоп жатышат. Роза Отунбаевага ырахмат. Айыл өкмөтү үйдү сурады эле, бердим балдар окушсун деп. Бул бала бакчада 20 чукул бала жазып, окуганды гана үйрөнбөстөн, жүндөн кыргыз буюм-тайымдарды жасаганды үйрөнүшүүдө. Ошондой эле жөн эле ойнобостон, стратегиялык, ойлонуучу оюндарды ойношот. Чий куурчак, кийиз, шырдак жасаганды үйрөнүшүүдө. Бул эң жакшы демилге, — дейт аксакал.
Өкмөттүн Талас олбусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Байыш Жуманазаровдун айтымында, бул демилге сөзсүз жемишин берет.
- Мындан ары бул демилгени өркүндөтүшүбүз шарт. 2-3 жылдын ичинде эле Кыргызстандын төрт бурчунда жайлоо бала бакчалар ачылып жатат. Балдар ата-энелердин жанында жүрүп, мектепке даярдалып жатканы жакшы. Талас облусу боюнча 6 бала бакча ачылды. Жакшы идеяларды көтөрүп коомдук фонд иштеп жатат. Чоң ыраазычылыкты билдиребиз. Кара жорго бийлеп жаткан балдар Кыргызстандын келечегин өнүктүрөт деген ишеним бар, — деди Байыш Жуманазаров.
Өнөктөштөр эмне дейт?
Бакыт Рыспаев, Өкмөттүн алдындагы өз ара башкаруу этностук мамилелерди жөнгө салуу боюнча агенттиктин директору:
- Азыркы күндө малдарыбызды кайтарып берүү үчүн бир жылкыга айына 500 сом, уйга 450 сом, койго 40 сом бересиздер. Бирок биз малга акча төлөп, ошол кезде эле балдардан акча аяп жатабыз. Ошондуктан жайыт комитети, айыл өкмөтү, ата-эне биргеликте иш алып барып, тарбиячыларга жардам берсек. Бир айылдан бир эле мыкты бала чыкса, Чыңгыз Айтматовдой кыргызды дүйнөгө таанытат. Мисалы, волонтерлор менен сүйлөшсөм Кыргызстанды билишпей эле келген, бирок Ч.Айтматовду жакшы билишет. Африкада киши баспаган жерлер бар, алар «дүйнөдө биз элебиз» деп дүйнөдөн өтүп кетишет. Ошолордой болбой, дүйнө таанымды кеңейтүү үчүн балдарга татыктуу билим берүү керек. Ушул демилгени колдоп, өркүндөтүүгө ата-энелер салымдарын кошот деген ишеничтемин.
Азият Жаркыналиева, Өкмөттүн Талас облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары:
- Жайлоого китептерди койгон шкафтарды же стеллаждарды алып келүү мүмкүн эмес. Ошондуктан боз үйгө ылайыктап китептерди салганга, балдардын алганына ыңгайлуу кылып аяк каптардын моделинде даярдадык. Учурда 6,5 миллион сомго райондогу бала бакчаларга эмеректерди алып жатабыз. Буюрса, кийинки жылы ошол бала бакчалардын чыккан эски эмеректери менен жайлоо бала бакчаларын камсыздайбыз. Жакшы пландар бар. Мисалы, илгерки Кызыл үй дегенди жандандыралы деп жатабьыз. Боз үйдүн бир бурчун ошол китепканага ачуу планыбыз бар.
Роза Отунбаеванын жайлоодогу ата-энелерге кайрылуусу
Быйылкы 2015-жылы Жайлоолордо ачылган бала бакчалардын саны Ага хан фондунун бала бакчаларын кошкондо 100дөн ашат. Кыргызстандын экономикасынын бир булагы — малчылык. Андыктан малчылардын балдарынын ой-жүгүртүүсүн кенен өстүрүп, окутушубуз керек. Кыргызстанда 10 миллион малыбыз бар, бул жакшы нерсе, бирок адам ресурсу биринчи орунда турат. Жайлоо бала бакчаларын эмнеге ачтык? Балдар кичинекей кезинен сабаттуу болуп өссүн, -деп жатабыз. Өнүгүү борборунун китеп куржунунда бир топ китептерди алып келгенбиз, өзүңөр да, балдарыңарга да окуп бергиле. Анын ичинде Масару Ибуканын «үч жаштан кийин кеч» деген китеби бар. Анда ата-энелер үчүн абдан маанилүү кеп кеңештер бар.. Япондор адам ресурсун өстүрүп жатышат. Сиздер да аталар, балдарыңар менен кечинде шашки, шахмат, домино ойногула, үйрөткүлө, ар кандай спектаклди үй-бүлө менен аткарып, балдарды жомок дүйнөсүнө кызыктырып, маданиятка аралаштыргыла. Балдардын ой-жүгүртүүсүн кичинекей кезинен өнүктүрбөсөк, чоңойгондо заман талабына ылайык жашай албай кыйналат. Энелер болсо кыздарга бешик ырын үйрөтүп, сайма саюунун, шырдак жасоонун ыкмаларын айтып берип, ар кандай сувенирлерди жасаганды үйрөтүү зарыл. Негизинен балдарды кичинекей кезинен тартипке, тактыкка, кичи пейилдикке, тазалыкка, ирээттүү болууга үйрөтсөңөр, ал өмүр бою калыптанып калат. Анткени 3 жашка чейин баланын мээси бардык нерсени бат кабыл алып, калыптанып турган кези. Кыргызстанда күчтүү муунду тарбиялайлы. Москванын көчөсүн шыпырган адамдарды эмес, илимге, билимге сугарылган күчтүү коомдун мүчөсүнүн жетилип чыгышына көмөгүбүздү көрсөтөлү.