Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Р.И.Отунбаеванын ЭКОСОСтун Жогорку деңгээлдеги кеңешмесинде сүйлөгөн сөзү

July 29, 2015, 06:00

«Миң жылдыктын максаттарынан туруктуу өнүгүү максаттарына өтүүнү башкаруу: бул үчүн эмне зарыл?» темасына

ЭКОСОСтун Жогорку деңгээлдеги кеңешмесинде

(БУУнун Экономикалык жана социалдык кеңеши)

Кыргыз Республикасынын экс-Президенти

Р.И.Отунбаеванын сүйлөгөн сөзү

 

 

2015-жылдын 8-июлу, Нью-Йорк

 

 

 

Улуу урматтуулар!

Айымдар жана мырзалар!

 

Кыргызстан жана Борбордук Азиянын бардык өлкөлөрү сөз өнүгүү маселелери жөнүндө жүргөн учурда билим – прогресске алып баруучу жападан жалгыз алда канча маанилүү фактор экенин өткөн заманда ишенимдүү айгинеледи.

 

Совет мезгилинде дээрлик бир кылым бою ушулардын бардыгы олуттуу натыйжаларга алып келди: наристелердин, балдардын жана эненин өлүмгө учурашы кыскарды, тамак-аш жакшырды, кыздардын турмушка чыгышынын курагы жогору болуп калды, жогорку кирешеге жана экономикалык өсүшкө жетишилди.

 

Кыргызстан социализмден аялдар менен эркектердин дээрлик 100%дык сабаттуулугу менен «чыкты». Жыйырма жылдан ашык татаал өткөөл мезгилден өтүп, биз өткөндүн ушул маанилүү инвестицияларын жоготпостон жана баасын түшүрүп жибербестен, тескерисинче, аларды чыңдоо, билим берүү системасын реформалоо, кийинки 15 жылга билим берүүнүн комплекстүү, бүтүн жана трансформациялык өңүтүн түзүү максатын алдыга коюп жатабыз.

 

Мен катышкан Инчхондогу, Корея (май 2015), Дүйнөлүк билим берүү форумунда жана Аичи-Нагоядагы, Япония (ноябрь, 2014), Туруктуу өнүктүрүү үчүн билим берүү боюнча дүйнөлүк конференцияда Декларация кабыл алынды, аны 120 билим берүү министри жана 169 өлкөнүн өкүлдөрү бекиткен. Билим берүүнүн жаңы багыты сөзсүз түрдө, бирдиктүү, текеберлүү жана шыктандыруучу болуп саналат. Билим чындыгында эле кедейлик менен гүлдөп өнүгүүнүн ортосундагы көпүрө болуп эсептелет. БУУнун Башкы катчысы Инчхондо кыйытпастан: «Мен өзүм жетишкендин бардыгы үчүн билимге милдеттүүмүн», деп түз эле айтты.

 

Ар бир адам үчүн ар кандай куракта билим алуу мүмкүнчүлүгү бар инклюзивдүү, бирдей жеткиликтүү сапаттуу билимди камсыз кылуучу Туруктуу өнүгүүнүн төртүнчү Максаты – бул эч кимди тышта калтырбай турган өңүт. Ал мамлекет тарабынан кепилденген жана финансылануучу 12 жылдык билимди алууга чакырат, ал негиздерди гана эмес, ошондой эле жөндөмдөрдү, ошондой эле климаттын өзгөрүшү, зомбулуктуу экстремизм, экономикалык тез өзгөрүүлөр жана коомдордун ичиндеги жана ортосундагы терең ажырым сыяктуу көйгөйлөргө каршы туруу үчүн зарыл болгон баалуулуктарды камтыган трансформативдик билимге карай жол ачат.

 

Менин өлкөмдүн демократияга өтүшүнүн тажрыйбасынан улам, демократиялык өзгөрүүлөр үчүн, жаңы экономикалык системаларга байыр алуу үчүн, коомдо сабырдуулукту, түшүнүшүүнү жана биргелешип жашоону алга илгерилетүү үчүн билимдин маанисин эң жакындан билем.

 

Билим берүү боюнча Миң жылдыктын өнүктүрүү максаттары болуп көрбөгөндөй прогрессти ачып көрсөттү, бирок алар, тилекке каршы, инклюзияга жана тең укуктуулукка айырмалоочу басым жасаган жок.

 

Теңсиздик наристе кезден башталат, – дал ушул себептен улам менин Фондум мектепке чейинки тарбиялоо жана билим берүү жагынан иш жүргүзөт жана аны колдойт. Мектепке чейинки даярдоо теңдөө болуп саналат жана жагымсыз шарттарда турган балдарга эң башынан тартып ишенимдүү негиз берет.

 

Туруктуу өнүктүрүү максаттарын киргизүү үчүн биз инвестицияларга артыкчылык берүүнү үйрөнүүгө тийишпиз, алар бизге дароо бир нече максаттарга жетишүүгө жардам берет. Мектеп тамак-ашы, мисалы, туруктуу өнүктүрүүнүн алгачкы беш максатына жетишүүгө көмөктөшөт – кедейлик, ачкачылык, ден соолук, билим берүү жана гендердик теңчилик. Мектеп тамак-ашы үй-бүлөлөр өз балдарын окутуусун кубаттап, ошол эле учурда алардын тамак-аш коопсуздугун камсыз кылат.

 

Кыргызстан Өкмөтү мектеп тамак-ашынын программасына жыл сайын орточо 10 миллион доллар жумшайт, ал өлкөнүн масштабында башталгыч класстардын бардык окуучуларын тамак-аш менен камсыз кылат. Балдарга билим берүү, аларды тамактандыруу жана кедейликти кыскартуу үчүн бул программанын пайдасы салым кошуунун акчалай наркынан алда канча ашат, ал бир балага кеминде 20 цент суммасында бааланат. Азыркы учурда биз Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен бирдикте ушул салымдарды аткарууну ылайыкташтыруу аркылуу көбөйтүү боюнча пилоттук программаны ишке ашырып жатабыз, мында чыгымдарды көбөйтпөй туруп балдар алда канча сапаттуу жана аш болумдуу тамак-аш менен камсыз кылынат.

 

Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарынын жогорку күн тартибин чындыгында эле ишке ашыруу үчүн дүйнө аны ойдогудай финансылоону камсыз кылууга тийиш. Инчхон декларациясы билим берүүгө мамлекеттик чыгымдардын жалпы көлөмүнүн бери болгондо 15%дан 20%га чейинкисин бөлүүгө чакырат. Билим берүүнү финансылоону кыскартуу тенденциясын токтотуу керек, жаңы финансылык булактарды, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүккө жеке ишканалардын алда канча жигердүү катышуусунун эсебинен каражаттарды мобилизациялоо зарыл.

 

Кыргызстандын Президенти А.Атамбаев Жерүй алтын кенинин концессиясы үчүн алынган 100 миллион АКШ долларын билим берүүгө, мектептерди курууга жумшоо чечими жөнүндө жарыялады. Бул Туруктуу өнүгүү максаттарынын программасына менин өлкөмдүн реалдуу, салмактуу салымы. Ушундан улам Кыргызстан кийинки 15 жылда ишенимдүү старт алуу жана өзүнүн билим берүү системасын реалдуу чыңдоо үчүн эл аралык финансылык институттардан теңдеш көлөмдөгү инвестицияларга үмүттөнө албайбы?!

 

Түндүк менен Түштүктүн ортосунда студенттерди алмашууну өнүктүрүү маанилүү, Түштүк менен Түштүктүн ортосунда алмашуу да кыйла маанилүү. Өнүгүп келаткан өлкөлөр Жер шарындагы жүз миллиондогон адамдардын өмүрүн сактап калуу боюнча Билл жана Мелинда Гейтстин, алардын Фондунун айтканынан кайтпаган жана чаалыкпас күч-аракеттерин урматтайт. Дүйнө билим берүү жагында ушундай эле Билл Гейтстин пайда болушун чыдамсыздык менен күтүп жатат!

 

Ошентип, эгерде биз Туруктуу өнүгүү максаттарына өтүүнү кааласак, анда билим берүүнү биринчи планга коюп, жаштардын дараметин ишке тартуу зарыл. 2030-жылга чейин Туруктуу өнүгүү программасынын асабасын дал жаш адамдар көтөрөт!

 

 

Айымдар жана мырзалар!

 

Мен мүчөсү болуп саналган Мадрид клубунда биз «Биримдик коому» (Shared society) долбоору жагынан иш жүргүзүп жатабыз жана ал жерден бардыгы пайда алат жана эч ким тышта калбайт деп ишенебиз. Улуттук деңгээлде биз бардыгын камтууга, коомдун бардык катмарларын бириктирүүгө жана ар бирине өз муратына жетүү мүмкүнчүлүгүн берүүгө тийишпиз. Глобалдык деңгээлде биз бардык мамлекеттерди бирдей даражада угууга жана алардын муктаждыктары менен көйгөйлөрүн эске алууга тийишпиз. Мадрид клубунун «Жалпы оорчулуктар, жалпы артыкчылыктар» (Shared Burdens, Shared Benefits) деген аталыштагы ачык каты жакында БУУга мүчө болгон бардык мамлекеттерге жөнөтүлдү.

 

Биз айымдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана алардын коомдогу жетектөөчү ролун өнүктүрүү өзөктүү стратегиялык артыкчылык болуп саналат деген позицияга таянабыз, анткени аялдардын саясатка гана эмес, ошондой эле бүтүндөй алганда коомго катышуусу – бул демократиялык диалогдун жана социалдык ынтымактын маанилүү компоненти.

 

Гендердик теңчилик жана айымдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү дүйнөнүн биз турган бөлүгүндөгү өлкөлөрдү өркүндөтүүнү стимулдаштырат жана бекемдейт, алар азыр патриархалдыктын кайра жаралуусунун кысымын, диний ишенимдердин жана эскирген адаттар менен салттардын оргуштаган толкунун башынан кечирип жатат. Сексуалдык жана репродуктивдик ден соолукка укук жана бул жагынан уюмдарды туруксуз финансылоо, анын ичинде аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана үй-бүлөнү пландаштыруу чөйрөсүндө али көптөгөн маселелер бар. Инвестицияларды улуттук гендердик структураларга, улуттук статистикалык институттарга, аялдардын укуктарын коргоо боюнча уюмдарга жана жергиликтүү деңгээлде жарандык коомго жумшоо 2015-жылдан кийин күн тартибинин контекстинде гендердик теңчиликке жана айымдардын укуктарына жетишүү үчүн ачкыч болот.

 

Туруктуу өнүгүү максаттары бардык өкмөттөрдү гальванизациялайт, алда канча адилеттүү өнүгүүнү жана экологиялык туруктуулукту камсыз кылуу үчүн кедейликке каршы күрөштө комплекстүү милдеттерди калыптандырууга коомду мобилизациялайт. Миң жылдыктын сегиз өнүктүрүү максатынын алгачкы глобалдык тажрыйбасы байкаларлык болду: өткөн 15 жылдын ичинде бүткүл планета бир оркестр сымал эриш-аркак иштөөгө үйрөндү. Бирок бүткүл дүйнө жүзүндөгү кедейликти музейге биротоло айдап салуу үчүн Мухаммад Юнустун үмүтүнөн али алыс. Ошого карабастан, бүгүнкү күндө жетишилген ийгиликтер бизге канааттанууну, үмүт-тилекти жана шыктанууну алып келүүдө.

 

Туруктуу өнүгүү максаттары өзүнө башкаруу, адилеттүүлүк, инклюзия, мыйзамдын үстөмдүгү маселелерин камтыйт, бул Миң жылдыктын өнүктүрүү максаттарында жок. Коррупция – бул дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнүн чекесине чыккан чыйкан, биз ага каршы эл аралык деңгээлде күрөшүүгө тийишпиз. Коррупцияга каршы күрөшүү Миң жылдыктын өнүктүрүү максаттарынын ичинде жок, бирок Туруктуу өнүгүү максаттарынын ичинде ал бар, деген менен, чынын айтканда, мен алда канча чечкиндүү сөздөрдү күткөм.

 

Адис-Абебага чейин өнүгүүнү финансылоого өзүнүн жетиштүү каражаттарына ээ болуу үчүн өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн кирешелерин жана салык базасын кеңейтүү жөнүндө көп сөз болгон. Менин өлкөмө Кудай берекесин чачкан, ал пайдалуу кендерге бай, бирок мына дээрлик он жылдан бери биздин инвесторлор менен болгон чыр-чатактардан башыбыз чыкпай келатат. Себептердин бири: өнүгүп келаткан дүйнөдө биз жетишерлик күчтүү жана даяр эмеспиз, бизге чет өлкөлүк банкирлер жана юристтер менен иш жүргүзүү үчүн натыйжалуу укуктук өбөлгөлөр, билим жана тажрыйба жетишпейт. Туруктуу өнүгүүнүн муктаждыктарына жооп бере турган Эл аралык финансылык институттардын ролун жана ордун кайра карап чыгууга убакыт жетти деп ойлойм. Менин көз карашым боюнча, Дүйнөлүк банк инвесторлордун же айрым коррупцияланган жергиликтүү саясатчылардын пайдасын гана көздөбөстөн, өкмөттөргө инвесторлор менен адилеттүү байланыштарды түзүүгө жардам бере турган заманбап укуктук алкактарды жана базаны иштеп чыгууга жардам берүүгө тийиш.

 

Туруктуу өнүгүү максаттарына өтүү үчүн – менин өлкөмө гана эмес, ошондой эле башка көптөгөн өлкөлөргө, өзгөчө статистика жагынан биздин потенциалды күчөтүүдө, техникалык жана кадрдык колдоо жана жардам керек. Бизге туруктуу өнүктүрүү процессин өздөштүрүү жана өзүбүздүкүнө айландыруу керек, өнүгүүнүн кечиктирилгис маселелеринин техникалык жана финансылык чечимдерин табуу үчүн биз бардык таламдаш катышуучуларды мобилизациялоого тийишпиз. Кеңири евразиялык региондогу, деңиз менен чектешпеген тоолуу өлкө катары Кыргызстан DESA БУУ «Пилоттук өлкө» демилгесине кирүүгө өз ниетин билдирет.

 

Мен өз сөзүмдү аяктаар алдында, күн тартибинде турган курч көйгөйлөрдүн бири: миграция, атап айтканда, мигранттардын эмгек укуктары жагынан пикиримди айткым келет. Бул маселени ЭКОСОСтун алкагында Саясий форумда делегаттар көтөрүп чыккан. Дүйнөлүк банктын маалыматтарына ылайык, мигрант жумушчулардын акча которуулары өкмөттүн бюджеттик ресурстарынан кийин – маанилүүлүгү боюнча өнүгүүнүн экинчи финансылык катализатору. Кыргызстанда кирешенин 31%ын дүйнөнүн ар кыл булуң-бурчтарында иштеп жаткан мигранттардын акча которуулары түзөт. Биз өз үйүбүздө жетиштүү жумуш орундарын түзө албагандыктан, биздин жүз миңдеген жарандарыбыз – эркектер менен айымдар – өздөрү үйүнө, өз үй-бүлөсүнө жөнөтүп жаткан көп учурдагы болор-болбос кирешени алуу үчүн башка жакка кетип жатат. Тапканын өз үй-бүлөсүнө жөнөтүп, алар өздөрү жеке кемсинтүүнү, мыйзамсыздыкты, мазактоону, күч колдонууну, сексуалдык зомбулукту башынан өткөрөт жана кала берсе кылмыштан же эмгектин коркунучтуу шарттарынан улам өлүмгө кириптер болот.

 

Мигранттардын эмгеги Миң жылдыктын өнүктүрүү максаттарында дегеле кеп болгон эмес; бирок Туруктуу өнүгүү максаттарында ал бар. 8.8-максат бул көйгөйдү чечет, мында ал «бардык жумушчулар, анын ичинде мигрант жумушчулар, өзгөчө мигрант аялдар жана иштин коркунучтуу участокторунда иштегендер үчүн эмгек укуктарын коргоо жана коопсуз өндүрүштүк шарттарды алга илгерилетүү» жөнүндө кеп кылат. Эгерде ушул максатка чындап эле жетише алсак, бул эң мыкты окуя болмок. Мен бардык мүчө мамлекеттерге ушул максатты ишке ашырууга өзгөчө көңүл буруу өтүнүчү менен кайрылам.

 

Мен ошондой эле Аддис-Абебадагы конференциянын долбоорунун жыйынтык документинде акча каражаттарын которууда чыгымдарды жана комиссияны кыйла кыскартуу пункту каралганын билип шыктанып турам. Анткени мигранттардын көп учурда коркунучтуу шарттарда иштеп тапкан жана алардын үй-бүлөлөрү өтө муктаж болгон, жыйынтыгында алдым-жуттумдук менен аракеттенип жаткан финансылык мекемелердин жана ушул финансылык институттардын кызматкерлеринин – банкирлердин, бюрократтардын чөнтөгүнө түшүп жаткан акчалары мындан ары ашкере көп которуу чыгымдарына сарпталбайт.

 

Айымдар жана мырзалар!

 

Мамлекет жана өкмөт башчылары ушул күздө БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясында Туруктуу өнүгүү максаттарын жактырат деген үмүт менен, мен өнүгүүнү турмушка ашыруунун өбөлгөсү катары маданияттын ролу жөнүндө эске салгым келет. Маданият биздин жан-дүйнөбүзгө аралашып, биздин өзгөчөлүгүбүздү көрсөтүп турат.

 

Маданият өзүнүн кеңири маанисинде – маданий мурас, маданий ар түрдүүлүк, маданий пикир билдирүү, салттуу билимдер, чыгармачыл, креативдик сектор – бул ар түрдүү жумуш орундарын түзүү жана кесиптер үчүн жөн гана инкубатор эмес. Бул, иш жүзүндө, өзүнүн маңызы боюнча инклюзивдүү өнүгүү үлгүсүнүн базасы жана анда адам укуктарын жана кадыр-баркын урматтоо тамыр жайган. Туруктуулук маданияты билим берүүгө жана окутууга киргизилүүгө тийиш, анткени ар кандай өзгөрүүлөр маалымдар болуудан башталат.

 

Борбордук Азия Улуу жибек жолунун борборунда турат – кылымдар бою көпөстөр, идеялар жана маданияттар эки багытта жүрүп, Чыгыш менен Батышты байланыштырып турган. Биздин географиялык жайгашуубуз жана биздин хромосомдорубуз ушул тарыхый мурасты чагылдырып турат. Келгиле, келечектин маселелерин кылымдар бою өкүм сүргөн салттарыбыз менен бириктирели. Борбордук Азияга инвестициялар, билимдерди жана билим берүүнү биздин күрдүү мейкиндигибизге берүү, которуу бул өлкөлөрдү гүлдөп-өнүгүүгө алып келет. Мындай инвестициялардын дивиденддерди бүгүн биз элестетип жаткандан алда канча жогору болот. Келгиле, Улуу жибек жолунун маданиятын калыбына келтирели!