Жайлоодогу бала бакчалар коомдогу муктаждыктан улам ачылууда

July 7, 2015, 06:00

"Кабар даамында" уктуруусунда жайлоодогу бала бакчалар өз жемишин берип жатабы? деген теманын алкагында “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун координатору Асылбек Жоодонбеков, Панфилов районундагы Вознесеновка айылындагы жайлоо бала бакчасынын тарбиячысы Зейнеп Осмонбекова менен маек курдук. Ошондой эле телефон аркылуу Республикалык жайыт комитеттери ассоциациясынын төрагасы, Чолпон айыл округуна караштуу жайлоо бала бакчасынын уюштуруучусу Урмат Өмүрбеков айрым суроолорубузга жооп берди.


- Өлкө аймагында ачылып жаткан жайлоо бала бакчалары канчалык деңгээлде жемишин берип жатат?


- Былтыр 35 жайлоо бала бакчасын ачкан болсок, быйыл 90го жакыны ачылат. Балдарды өнүктүрүү процесси системалуу, узак мөөнөттүү болгондуктан, өз жемишин кандай берип жатканы, балдар мектепке барып калганда, алар мектепти бүткөндө дагы көрүнөт. Мурда ата-энелер да, жайыт комитеттери да, республикадагы интеллигенциянын айрым өкүлдөрү да кооптонуу менен карашкан. Айылдарда ачылбай жатканда жайлоодо ачуунун эмне зарылчылыгы бар дешкен. Бул долбоордун уникалдуулугу - азыр мамлекет типтүү бала бакчаларды кура албай жатат. Республикада 800 миңге жакын бала болсо, алардын 15 пайызы гана бала бакчага барат. Айыл жергесинде 7-8 пайыз гана балдар барат. Натыйжада көпчүлүк балдар кенже куракта өнүкпөй калып жатат.


Биздин жайлоо бала бакчалары бул - бир альтернатива катары эсептелет. Балдарды өнүктүрүүнүн, жашоодогу көндүмдөрдү үйрөтүүнүн бир жолу. Азыркы учурда 400дөй жайыт комитети бар болсо, ал жерде чабандар мал менен жайлоого чыгышат. Балдар менен алектенбей экинчи орунда калып калууда. Бала өзү менен өзү болуп, социалдашуу процесси жүрбөй калат. Эң негизгиси системалуу бир нерсени үйрөнбөй жатат. Себеп дегенде курактык психологияны изилдеп жаткан окумуштуулар да айтып жатышат, бала менен кенже куракта иштеп баштаса анын кайтарымы ошончолук чоң болот. Ошондуктан, баланын өнүгө турган убагында, маалыматтарды кабылдай турган мезгилде биз убактысын өткөрүп жибербестен, кармап калалы деген ниетте ушул аракеттер жасалууда.


- Бул бала бакчаларга ата-энелердин талабы кандай?


- Ата-энелердин талабы ар кандай болууда. Түшүнгөндөрү келип, бала бакчанын ишине аралашып, алкап сүйүнгөндөр бар. Бүткөн ишке сынчы көп дегендей, катышпастан сындагандар да бар. Бул түшүнбөстүктөн болушу мүмкүн. Биз мүмкүнчүлүк жетишинче ар бир жайлоого барганга аракет кылып жататбыз. Ошондуктан жергиликтүү элдин, тарбиячылардын аракетине, ишке берилгендигине байланыштуу. Ата-энелер, жайыт колдонуучулары мунун бары балдары үчүн жасалып жаткандыгын түшүнгөндө, маани бергенде өз натыйжасын берет.


Тарбиячы Зейнеп Осмонбекова: - Биз жакшы колдодук. Балдар менен иштешүү мен үчүн кыйынчылык жараткан жок. Себеби буга чейин мугалим болуп иштечүмүн. Ал жерде 3 жаштан өйдө жаштагы балдар келишет. Жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша өзүбүз программаларды түзүп, мектепке чейинки курактагыларга өзүнчө көңүл бөлүнөт. Биринчи класска бара тургандарга жазууну, тамаларды үйрөтөбүз, ар кандай оюндар болот. Ошондой эле мектеп курагындагы 11 жашка чейинкилер да келет. Аларга да өзүнчө план түзүп иш алып барабыз.

 

- Быйыл ачыла турчу жайлоо бала бакчаларында балдарга кандай шарттар түзүлөт?


- Былтыр көпчүлүк басымды тарбия жаатына койгонбуз. Дээрлик 90 пайызында тарбиячы балдар менен дайым иштеген. Быйыл натыйжасын көбүрөөк бериш үчүн жайлоо бала бакчаларын өнүктүрүү борборлору деп атап жатабыз. Түрдүү мастер класстар көп өткөрүлөт. Максатыбыз балдарды ар тараптуу өнүктүрүү болуп эсептелет. Окуганды-жазганды эле үйрөтүүгө басым жасасак, биз аларды кыйнап коёбуз. Себеби балдар ар кыл курактагылар. Тоодогу балдар эркин жүрүп көнүп калган, бирөө тажап кетет, бирөө тынчы жок. Ошол себептен ар бир баланын өзгөчөлүктөрүнө жараша мамиле кылып, атайын программа иштелип чыкты.


Андан тышкары былтыркы практикадан улам айтсак, жайлоо бала бакчаларын уюштуруу үчүн так статистика керек экен. Бул үчүн паспорт иштеп чыктык. Анда бала бакча тууралуу бардык маалыматтар жазылат. Дагы бир маанилүү нерсеси Төлөмүш Океевдин 80 жылдыгына карата “Бакайдын жайыты” тасмасы көрсөтүлөт. Жазуучулар союзу менен иштешип жатабыз. Азыркы күндө жазуучулар менен элдин ортосунда ажырым бар экени маалым. Эгер жазуучулар тоого барып эмгектенсе, аларга да эргүү болушу мүмкүн. Экинчиден, эл жазуучулар менен жолугушуп, баарлашат, китептерин окуйт. Жазуучулар өз китептерин сатса да болот. Азыр Кыргызстан жазуучулар союзу менен сүйлөшүп жатабыз. Тизмеси такталса бара башташат. Ошондой эле, аймактык жогорку окуу жайлар, сүрөт академиясы менен да тыгыз иш алып барылат.


- Жайлоодогу балдар менен башка шаар жергесиндеги же болбосо айылдагы балдардын кабыл алуусу кандай? Салыштырып өтсөңүз.


Зейнеп Осмонбекова, тарбиячы: - Жайлоого жайында айылдан келишет балдар. Шаар, райондун борборунда жашаган балдар менен салыштырсак, айырмасы бар. Тиричилик менен жүрүп ата-эне балдарынын окуусун биринчи орунга койбойт. Бирок балдардын арасында таланттуулары аябай көп экен. Аларга түрткү берип чыгармачыл адамдар барса, таасирленте турган шарт түзүлмөк. Маселен мени да биринчи мугалимим таасирленткен.


- Жайыт комитеттери тарабынан кандай шарттар түзүлүп берилди? Мугадимдердин айлык маселеси кандай жол менен чечилди? Салык төлөнөбү?


Урмат Өмүрбеков:- Боз үй тигип, мугалимдердин айлыгы, газ баллон, тамак-аш жана анча-мынча оюнчуктар менен камсыз кылуу жагын карайбыз. Былтыр Соң-Көл жайлоосуна да ачылган. 28 бала тарбияланган. Айлык маселеси долбоорго ылайык, элдер балдар үчүн каражат төлөп бериш керек болчу. Бирок азырынча буга маани берилбей жатат. Элдерди көндүрүү максатында убактылуу Жайыт комитеттери каржылайт.


- Жайлоо бала бакчаларын ачуу демилгеси Роза Отунбаевага таандык болгон үчүн гана талап күчтүүбү же коомдо чындыгында муктаждык күчтүүбү?


- Бул муктаждыктан улам келип чыккан. Акча көптүктөн же башка иш жок болгондон эмес. Азыркы күндө балдардын төрөлүүсү өскөнү менен аларды тарбиялоону ата-эне турмуштун агымына коё берип жатат. А турмуштун агымы идеалдуу эмес. Ар бир ата-эне баласын туура тарбиялап жатканы, толук кандуу өсүшүнө салым кошуп жатканы тууралуу ойлонбой жатат. Демек, кенже курактагы балдар өзүнүн курагында ала турчу нерсесин ала албай жатат. Ушул боштукту толтуруу максатында жайлоо бала бакчалары ачылууда. Эң маанилүү инвестиция - бул ушул кенже курактагы балага салынган инвестиция экенин дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөр түшүнүштү. Изилдөөлөргө таянсак, мектепте окуган жана мектепти бүткөн окуучуга жумшалган каражатка караганда, мектепке бара элек балага кетирилген каражаттан кайтарымы жакшы болору эсептелип чыккан. Демек, бул коомдогу муктаждык десек болот.




Автор: Бахар Хакимова

http://www.maralfm.kg