Быйылкы жылы бүткүл Кыргызстан боюнча 2000ге жакын бала жалоодогу балдар бакчаларында тарбияланмакчы
June 26, 2015, 06:00Быйылкы жылы бүткүл Кыргызстан боюнча 2000ге жакын бала жайлоодогу балдар бакчаларында тарбияланат. Бул жөнүндө 24-июнда АКИpress-Оштогу пресс-конференцияда «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун «Жайлоодогу балдар бакчалары» долбоорунун координатору Асылбек Жоодонбеков айтты.
Анын айтымы боюнча, өткөн жылы жайлоодогу балдар бакчаларында 800 бала тарбияланды. Балдар бакчаларын ачуунун негизги максаты – балдарды өнүктүрүү. Фонддун ишинин алкагында өткөн жылы бүткүл өлкө боюнча 35 балдар бакчасы ачылып, аларда 800 бала тарбияланды. «Быйылкы жылы биз ушундай 100 балдар бакчасын ачууну пландаштырып жатабыз, аларда 2000ге жакын бала тарбияланмакчы. Азыркы учурда акча табуу үчүн чет өлкөлөрдө жүргөн мигранттар жайлоодогу балдар бакчаларына кызыгуусун билдирип, аларга өз балдарын берүүгө ниеттенип жатат. Айрым мигранттардын балдары өзүнүн эне тилин – кыргыз тилин эмитен унутуп калган. Белгилеп кетким келет, балдар бакчаларында тарбиялануучулар китеп окуу менен алектенбейт. Алар демейки балдар бакчаларында жана мектептерде китеп окугандан чарчайт. Эгерде аларга кайрадан китеп окуп баштасак, анда балдар башкаларын билбей калат. Азыр балдардын акыл-эсин өстүрүү үчүн аларга жомок окушат», – дейт ал.
Айыл чарба министрлигинин алдындагы Жайыттарды башкаруу департаментинин өкүлү Абдрахман Илгелдиевдин айтымы боюнча, жергиликтүү бийлик органдары боз үй бөлүп берип, жайлоодогу балдар бакчаларынын ачылышына жардам көрсөттү. «Жыл өткөн сайын бул балдар бакчаларына барууну каалаган балдардын саны көбөйүп жатат. Биз малчылар баарынан көп болгон жайлоолор боюнча маалыматтарды иликтейбиз, ал эми жергиликтүү органдар жардам берет, анын ичинде тарбиячыларга эмгек акы төлөө жагынан жардам берет», – деп билдирди ал.
Кыргызстан калкынын Ассамблеясынын Ош облусу боюнча төрагасы Балтагул Нурумбетов балдар бакчаларындагы балдарга кыргыз элинин турмуш-тиричилиги жөнүндө, баатырлары жөнүндө аңгеме курган эски жомокторду, макалдарды окуп берүүнү сунуш кылды. «Балдар мектептерде жана балдар бакчаларында 9 ай окуудан тажайт, ал эми алар жайлоого эс алууга барат. Эгерде биз аларды кайрадан жазууга жана китеп окууга мажбурласак, алар мурдагыдан да тажап баштайт. Биз аларга жакышылыкка үндөгөн эски жомокторду окуп берүүгө тийишпиз. Көптү билген аксакалдарды да ишке тартуу керек. Биздин айымдар кийизди пайдалануунун чеберчилигин көрсөтүүгө, кол өнөрчүлүккө үйрөтүүгө тийиш», – деп айтты ал.
Булак: http//www.turmush.kg