Жыргалбек Касаболотов: «Кытай менен түзүлгөн келишимдер чычкан мурду жөргөлөгүс болуш керек»

October 3, 2012, 06:00

Аз күн мурда «Роза Отунбаеванын демилгеси» уюму тарабынан Кытай өлкөсүнө атайы кыргызстандык журналисттер үчүн иш сапар уюшулганы маалым. Биз бүгүн Кытайга барып келген делегация мүчөсү жана кесиптешибиз Жыргалбек Касаболотовду кепке тарттык. 

– Жыргалбек мырза, «миң уккандан бир көргөн артык» дейт. Дүйнөдө улуу империя аталган Кытай жергесинен эмне укмуштарга күбө болдуңар, бул жактан баргандар?... 

– Бизге кытайлар айыл чарбасынын, өнөр жайынын айрым ишканаларын, жалпыга маалымдоо каражаттарын, эркин соода аймактарын, курулуштарын көрсөтүштү. Таңгала турган нерселери көп экен. Талаа сугатын тамчылап сугаруудан тартып компьютер менен башкарууга чейин, тоолорду бириктирген заманбап көпүрөсүнөн тартып кол менен салынган Кытай сепилине чейин көрдүк. Жаңы нерсе салынбаган, кыймылдабаган, тим жаткан бир да жери жок. Баарынан да ушунча көп массадагы элди ырааттуу башкарып, жигин билгизбей өнүктүрүп келаткан системасы катуу таасир калтырды. Кытай өтө тез ыргак менен өнүгүүдө. Бир ооз сөз менен айтканда, Кытай өз темпине өзү жетишпей, артын кылчайып караганга убактысы да жок сыяктуу өнүгүп бараткандай сезилет. 

– Дүйнөдөөндүрүш боюнча эң алдыңкы делген Кытайдын кыбыр эткен кыймылынан эмнени үйрөнсөк болгудай? 

– Биринчи иретте, коррупция менен күрөштөгү принципиалдуулугун. Буларда өлүм жазасы аябай көп колдонулат экен. Айрыкча мамлекеттин кызыкчылыгына кайчы келген кылмыштар үчүн көп учурда өлүм жазасы берилет жана басымдуу көпчүлүгүндө сөзсүз аткарылат. Анан буларда мамлекеттик чоң каражатка тиешеси бар адамдар акчасын ала качпасын деп мамлекеттен тышкары чыгарбай көзөмөлдөп турушат экен. Эгерде бизде андай көзөмөл, ошондой тартип болгондо далай киши атууга кетип, далай акча мамлекеттин өзүндө калмак. 

Экинчиси, мамлекеттик тилге карата мамилеси. Кытай тили өздөштүрүүгө өтө татаал тилдердин бири. Ошого карабай бардык аз улут өкүлдөрү кытай тилин суудай билет. Ошого жараша усулдук да, административдик да шарттардын баары түзүлгөн. 

– Биз пайдаланар кандай өзгөчөлүктөрүн байкадың? 

– Кытайлар оңой менен мыйзам бузбайт. Бирок мыйзам жагында каралбаган жагдай болсо аны кенен-кесири пайдалана бериши мүмкүн. Демек, Кытай менен түзүлгөн келишимдер өтө так, чычкан мурду жөргөлөгүс болуш керек. «Биз мындай деп ойлободук беле» деп түштөн кийин доомат артканыбыз жарабайт. Дүйнөлүк соода уюмунун алкагында да, бизге келген импорт боюнча да көзөмөл кылуу, өз укугубуздан пайдалануу, катуу талап коюу өз колубузда. 

Экинчи өзгөчөлүгү, Кытай оңой менен башка элдердин ишине кийлигишпейт. Бийликте кимиси болбосун тилин тапса иштеше берет. Негизгиси булар үчүн кошунасынын тынчтыгы маанилүү. Анткени тынч кошуна гана Кытай экспортун сиңирип алууга жөндөмдүү. 

Үчүнчүдөн, булар инвестиция жумшап жатканда эч кандай саясый шарт койбойт, булар үчүн алынган пайданын маанилүү – кийинки кардарынын кызыгуусун жаратуу. Саясаты саясаттын алкагында, экономикалык маселе экономикалык алкакта чечилет. Дагы изилдене турган, биз пайдаланар көп өзгөчөлүктөрү бар экени көрүнүп турат. 

– Айыл чарба жаатындагы биз таңгала турган жаратмандыктарын биздин баба дыйкандар практикаласа болот деп ойлойсуңбу? 

– Албетте, ал үчүн барып өз көзү менен көрүп үйрөнүшү керек. Негизи биздин эл жөндөмдүү. Эгерде шыктуулары барып үйрөнөр болсо, көп техникалык жетишкендиктерин кытайлардын өзүнөн ашыра пайдаланарына көзүм жетет. Болгону технологиялык жактан толук көзкаранды болуп калбаш үчүн негизги принцибин гана алып, аны өзалдынча өнүктүрө беришибиз керек. 

– Кытай таасири Кыргызстанга канчалык тийет деп ойлойсуң? 

– Кыргыздар эч качан кытай болбойт жана болуп да кереги жок. Биздин эки мамлекеттин масштабы да, тарыхый тажрыйбасы да, көздөгөн максаты да башынан бери бири биринен айырмалуу. Бизди Кудай кыргыз кылып жараткандан кийин кыргыз бойдон калууга аракет кылышыбыз керек. Бириккен Улуттар Уюмунда катталган биздин мамлекеттин эгемендиги, ушул жер үчүн башын сайып келген бабаларыбыздын тарыхы бизден ошону талап кылат. Болгону, Кытай – жаныбызда турган, биз эч кайда кетпей турган реалдуулук. Ал реалдуулуктун пайдалуу жактарын алып, зыяндуу жактарынан сактануунун жолдорун иштеп чыгып, бул багытта жүргүзө турган стратегиябыз даяр болушу зарыл. 

– Төмөндөгү ырыңдын терең мазмууну мени бир кыйла ойго салып койду, дос. Эми ушул жерден ырдагы духту да окурмандарга чечмелей кетсең кызык болгону турат… 

КЫТАЙ 

Жетпес кылып адам билген сөздөрдү, 

Жер шарынын бир капталы өзгөрдү. 

Алманбетке аалам сырын үйрөткөн 

Ажыдаардын козголгонун көз көрдү. 

Аска-зоону бөксө кылган тегиз бул, 

Абалтадан Күн Чыгышка негиз бул. 

Жер бетине желип чыккан кези экен, 

Жээгин жалмап, жеп бараткан деңиз бул. 

Чекесинен четке жылып жаткан жер, 

Ченеп кирсе, чепке айланып каткан жер. 

Байыртадан башын каткан сепилин, 

Бабам көчмөн далай жолу баскан жер. 

Эзелкинин эсил наркы сүйлөнбөй, 

Элге чертсе, эч ким укпас күүлөрдөй 

Салты барат унут калып бул дөөнүн 

Салынса да сатылбаган үйлөрдөй. 

Оңой менен эрибеген тоң өлкө. 

Орун жетпес, опол тоодой чоң өлкө. 

Он миң жылдык өнөр менен тарыхын 

Ойлонууга… убактысы жок өлкө. 

Тамырында тарых күүсүн эшитпей, 

Таштан бүткөн дарбазасын бекитпей, 

Тердеп-тепчип, шашып барат кайдадыр 

Тереңирээк дем алганга жетишпей. 

Таалайына жазып койгон багы бар, 

Тамырында далай элдин каны бар,

 Канат шилтеп, катуу жөнөп калыптыр, 

Кайда барып токтоор экен, жаныбар? 

Бээжин, сентябрь, 2012-жыл. 

– Аракет кылып көрөйүн. Кытай – буга чейин кылымдар бою тынч жаткан, өтө чоң географиялык аймакты ээлеген, өзү менен өзү болгон, өзүн Асман алдындагы Империя же Жер Ортосу деп эсептеген мамлекет. Кытайдын символу ажыдаар, бирок Батыштан тараган жомокторго салыштырмалуу ажыдаар Кытайда, жалпы эле Чыгыш элдеринде терс каарман эмес, күч-кубаттын, бийликтин, даанышмандыктын символу болуп келген. Айтылуу Алманбет баатырга өнөр үйрөткөн да ажыдаар болгон. Демек, ошол учурда эле ушундай символдор пайдаланылган деп эсептесек болот. Эми ошол кылымдар бою тынч жаткан ажыдаар өз күчүн сезип, өз ордунан козголуп, экономикалык жактан дүйнөдөгү экинчи державага айланып отурат. Ага бардыгыбыз күбөбүз. АКШнын көп карызын, Евробиримдик мамлекеттериндеги көптөгөн ишканалардын баалуу кагаздарын кытайлар сатып алган. Демек, дүйнө экономикасы көп жагынан Кытайга эмитен эле көзкаранды деп айтууга негиз бар. Кытай дүйнөлүк фабрикага эчак эле айланганын айтпай эле коёлу. 

Мен буга чейин эле Кытай тууралу бираз түшүнүктөрүм бар эле, ошол түшүнүктөрүм негизинен бекемделди. Кытай – бул Мамлекеттин үстөмдүгү. Айтылуу актер Жет Ли катышкан «Баатыр» деген фильм бар. Ал жерде биринчи император Сары Падышаны (Цинь Ши Хуанди) өлтүргөнү келип, бирок ал оюнан өз ыктыяры менен баш тарткан Белгисиз Баатыр тууралу сөз болот. Өз жолунда өтө көп курмандыктарга барып, бирок өз оюнан жалпы Кытайдын биримдиги үчүн баш тарткан Белгисиз Баатырды император дилинде жактырып турса да, мамлекеттин бейпилдиги үчүн өлүм жазасына кесүүгө аргасыз болот. Буйрук берип кол шилтегенде миндеген жебелер келип, Белгисиз Баатырга, андан ашканы ордонун жыгач дарбазасына сайылат. Жыгылган Белгисиз Баатырдын ордунда жөн гана адам сөлөкөтү калат. Белгисиз Баатыр эң чоң кылмышкер катары өлүм жазасына тартылып, бирок аябай чоң сый-урмат менен көмүлөт. Бул образ бекеринен чыккан эмес. Баатыр менен Башчынын ролу бир болгон, Эл менен Мамлекет ажырагыс бир бүтүнгө айланган байыркы көчмөндөрдөн айырмаланып, Кытайда Мамлекет баарынан үстөмдүк кылып кеткен. Көчмөндөрдүн теңирчилик философиясы отурук элдин шартына барганда даосизм жана конфуциандык болуп экиге бөлүнүп, бирөө дүйнөнүн парадоксалдуу диалектикасына, бирөө коом менен мамлекетке адистешип кеткен. Мамлекеттин түбү бекемдигин ушундан эле байкаса болот – экзамен менен мамлекеттик кызматка кабыл алуу дүйнө жүзү боюнча байыркы Кытайда башталган. 

Кытай XX кылымга чейин акырындап кеңейип отурду. Өзүн басып алган элдердин династияларын кислотадай эритип өзүнө сиңире берген. Биринчи император салдырган Улуу Кытай сепилин карай турган болсок, азыркы Кытайдын орто ченинде жүрөт. Бул демек андан бери Кытай мамлекети өз чегин эки эсе кеңейтти деген сөз. Бир метрден болсо да улам берилеп, улам бекемдеп, улам жаңы жерлерди акырын өздөштүрүп келе бергени көрүнүп турат. Баарынан кызыгы – көп учурда кытайлар өздөрү көп деле согушкан эмес. Тегерегиндеги элдер менен болгон дипломатиялык мамилелерди аябай жакшы пайдаланган. Болбосо көчмөндөрдүн күтүүсүз селдей каптаган жүрүштөрүнө каршы ошол Улуу Кытай сепили деле анчалык ишке жарабаганы тарыхтан белгилүү. Ошол себептен улам байыркы замандан бери Кытай үчүн өз коңшулары менен болгон мамиле өтө маанилүү. Кытайдын кылымдардан берки алган сабагы ушул. 

Эми ошол Кытай да өзгөрүүгө дуушар болууда. Ал өзгөрүүлөр азыркы дүйнөлөшүү процессинен тартып, жалгыз бала күтүүгө мажбурлаган демографиясына чейинки толгон-токой жагдайлар менен шартталган. Конфуициандык мораль көп балалуу, улуусу кичүүсүнө карашкан үйбүлөгө негизделсе, азыркы балдар «кичинекей императорго» айланып, чоңойгондо алты кишини багууга мажбур болуп отурат. Ошондуктан Кытай эли карып баратат деп айтсак болот. Мунун экономикага түздөн түз таасир эткен жагы бар. Аймактарынын бирдей өнүкпөгөнү экономикасын кыйла кооптуу кылып, аны жөнгө салыш үчүн мамлекет артта калган аймактарга болгон жардамын берүүдө. Илимде «экономика ашкере ысып кетти» («перегрев экономики») деген түшүнүк бар. Турак-жай рыногу өтө өнүгүп кетип, анын айынан салынарын салынып, бирок бош турган үйлөрдү да көрдүк. Азыркы Кытай өкмөтү экономиканын ашкере ысып кетишинен сактаныш үчүн колдо болгон аракетин кылууда. 

Кытай – көп улуттуу, далай элдерди бириктирген, айрымдарын сиңирип алган, өтө ар түрдүү өлкө. Адамзат тарыхында Кытайдын азыркыдай өнүгүшү болуп көргөн эмес. Анын мындай өнүгүшү дүйнө экономикасын жана дүйнөлүк саясатты эмнеге алып келерин бир гана Кудай билет. Бирок Кыргызстан жанында турган коңшусунун ичинде эмне болуп атканына жакшылап көз салып, ал тараптан келген ар кандай эпкин менен толкунга жообун даярдап турганы жакшы.

 

Маектешкен Олжобай Шакир, 24.kg, (24/09/12) 

Кабар