Педагогдорду 3-6 жаш курактагы балдар үчүн билим берүүнүн жаңы формалары менен тааныштырды

February 2, 2015, 06:00

19-21-январда Монтессори педагогика боюнча маалыматтык лекция өттү.

 

Лектор – Андрей Назаров, Эл аралык Монтессори Ассоциациясынын бүтүрүүчүсү. Азыркы учурда Таиландда Чанг-Мей мектебинде сабак берет. Монтессори Seymour House School (Москва) системасы боюнча билингвалдык мектептин консультанты болгон. Мектеп жөнүндө маалымат төмөндө тиркелет.

 

А. Назаровду чакыруу менен Фонд төмөнкүдөй бир нече максаттарды көздөдү:

 

1) мектепке чейинки билим берүү системасында эркектер боло алат жана болууга тийиш деп жана бул төрөлгөндөн тартып эрезеге жеткенге чейин жалаң гана аял педагогдордун чөйрөсүндө чоңойгон балдарыбызга керек деп катышуучуларга көрсөтүү;

 

2) Монтессори-педагогикада мурдагы иш тажрыйбасы, курагы маанилүү эмес, Монтессори-педагогикага каалаган ар бир адам келе алат, башкысы – балдарды жакшы көрүү жана окууга ниет бар экенин көрсөтүү;

 

3) ата-энелерге өз баласын, анын психологиясын жакшы билүү, өз баласынын ички муктаждыктарын түшүнүү мүмкүнчүлүгүн берүү;

 

4) баланын өмүрүнүн ар кандай жылдарында анын жүрүш-турушун жана Монтессори системасын колдонуу менен баланын инсанын шайкеш өнүктүрүүгө жардам берүүгө боло тургандыгын түшүнүү.

 

 

«Синяя птица» Монтессори балдар бакчасы. Бишкек.

 

 

Андрей Назаровдун чакыруусу да 3-6 жаш курактагы балдар үчүн билим берүүнүн жаңы форматын өнүктүрүү жолдорун көрүү мүмкүнчүлүгүн берүү максатын көздөдү. Мектеп анын классикалык түрүндө кандайдыр-бир катып калган нерсе эмес экенин, билим берүүнүн балдарга өзүнүн бардык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берген көп сандаган формалары жана вариациялары болушу мүмкүн экенин көрүү. Бул Монтессори-педагогиканын башкы девиздеринин бири «Ар бир бала – гений». Кыргызстанда билим берүү диалогдон, талкуулоодон сыртта калган. Ата-энелер, процесстин катышуучулары катары, мектепте жана мектепке чейинки билим берүү системасында жүрүп жаткан реформаларга катышпайт. Соңку жылдары гана Бишкекте билим берүүнүн айырмаланган методикасын пайдаланган бир нече жеке мектеп пайда болду – мисалы, Бишкектеги Европалык мектеп.

 

Билим берүү жана илим министрлиги кандай реформаларды жүргүзүп жаткандыгы, бул реформалардын жыйынтыгында кандай натыйжалар алына тургандыгы жөнүндө коомдо дискуссиялар жок. Ата-энелер стандарттуу окутуудан айырмаланган окутуунун башка формалары болушу мүмкүн экенин жана алар мыкты натыйжа берээрин билбейт.

 

Ошондуктан өткөрүлгөн лекция ата-энелер менен ушундай дискурсту өткөрүүнүн кичинекей аракети болду.

 

Тренингдин программасы төмөнкүдөй маселелерди камтыды:

 

1-күн

Монтессори методуна киришүү

Монтессори методунун тарыхы

Сиңирип алуучу акыл-эс

Адамдык тенденциялар

Сензитивдик мезгилдер

 

2-күн

Баланы калыпка салуу

Социалдык өнүктүрүү

Эркти өнүктүрүү

Эркиндик жана тартип

 

3-күн

Даярдалган чөйрө

Мугалимди даярдоо

Кыйыр даярдоо жана өз алдынча окуу процесси

Үч мезгилдин сабагы

 

27 адам лекциянын катышуучусу болуп калды. Лекциянын жыйынтыктары боюнча бир нече адам андан ары ишке орношуу мүмкүнчүлүгү менен Бишкектин кадрлардын тартыштыгын башынан өткөрүп жаткан Монтессори балдар бакчаларында практикадан өтөт.

 

Өзү жүргөн мезгилде Андрей Назаров бир нече Монтессори балдар бакчаларына барды жана аларда консультацияларды өттү. Ошондой эле «Синяя птица» балдар бакчасында бир жумалык консультациялар өткөрүлдү.

 

Seymour House School мектеби жөнүндө кошумча маалымат

 

Жүз жыл мурда Россиянын калкынын 90%дан ашыгы айылдарда жашап, жамааттык жашоо ыңгайын сүргөн. Балдар тестиер курактан тартып чоң кишилердин эмгегине катышкан, үйдө жана талаада жардам берген, балык уулаган жана жашылча-жемиштерди чогулткан, өзүнөн кичүү бир туугандарын баккан. 10-12 жашка келгенде алар өзүнүн жашоо-турмушун толук камсыз кылып жана кичүүлөр жөнүндө камкордук көргөн.

 

Чыныгы турмуш жөнүндө биздин замандаш өспүрүм эмнени билет? Ал өз колу менен эмнелерди жасай алат? Эгерде чөнтөгүндө мобилдүү телефону жок болсо, ал өзүн дүйнөдө ишенимдүү сезе алабы? Эгерде үй-бүлөдө баккан адамы жок болсо, ал «эркектин образын» кимден алат?

 

Мурдагы жамааттык жашоодо, атасынан ажыраган күндө да, башка эркектердин – агалардын, атасынын жана энесинин эркек бир туугандарынын, коңшу балдардын толгон токой мисалдары болгон, эркектин жалпы образы алардан түзүлгөн. Мындай учурда ролдук моделдер канчалык көп болсо, ал ошончолук шайкеш келип чыккан.

 

Дал ошондуктан Seymour House мектебинде биз эркек мугалимдерге артыкчылык беребиз, биздин окуучулар спортко көп убакыт бөлөт, ал эми биздин бардык класстар ар кандай курактагылар. Балдар бүткүл үйдүн ичинде ээн-эркин жүрө берет: үч жаштагы бала он сегиз жаштагы баладан өзүнө суу куюп берүүнү өтүнө алат, ал эми беш жаштагы бала жомокту уга алат, аны ага он жаштагы бала окуп берет. Мындай көрүнүштү дайыма байкоо менен, биз улуу балдардын жүзү жадырап-жайнап баратканын көрүп турабыз жана мындай өз ара аракеттенүү ким үчүн маанилүү – кенжелер үчүн маанилүүбү же улуулар үчүн маанилүүбү деп ойлонуп калабыз.