Немистер Кыргызстандын тарыхында
November 25, 2014, 06:00Айткан убакытта так келип, өзүнүн ишине өтө эле тың адамды «Немис экен» деп коймоюбуз бар. Мыкты сапаттагы үй сатып алсак дагы «Мурда немистин үйү болчу экен» дейбиз. Көп сүт берген ала уйларды «Немис пародасындагы уй» деп мактап калабыз. Мунун баары эмнеден? Кыргызстанда жашаган немис улутундагылардын бизге өзүнүн тактыгы, эмгекке берилген, маданиятты сүйгөн сапаттары менен көп тарабынан үлгү болуп келгени жашыруун эмес.
20-ноябрь күнү Мамлекеттик тарых музейинде «Кыргызстан-Германия: Кыгызстандын тарыхында жана өнүгүүсүндөгү немис диаспорасынын ролу» аттуу илимий-практикалык тегерек үстөл өттү. Аталган иш-чараны «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду, Кыргызстандагы Германия элчилиги, Аденауэр фонду, Интергласс компаниясы, Мамлекеттик тарых музейи жана «Кыргызстандагы немистердин элдик кеңеши» уюштурган. Тегерек үстөл буга чейин уюштурулуп, коомчулукта өзгөчө кызыгууну жараткан «Кыргызстандагы немистер» аттуу жаңы стандарттар менен жасалган көргөзмөнүн уландысы болуп саналат. Конференцияга Кыргызстандагы Германия элчиси Гудрун Срэга, ыргызстандагы немис диаспорасынын өкүлдөрү, Кыргызстандын тарыхчылары, жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.
Кыргызстандын экс-президенти, «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү Роза Отунбаева конференцияны ачып жатып Кыргызстанда жашаган немистер өлкөбүздүн өнүгүшүнө зор салым кошконун белгилеп өттү. «Бир кездерде тагдыр немистерди Кыргызстанга алып келген, бул жерде алар биз менен бирге ысыкка күйүп, суукка тоңду, экономикалык турмуш, адамдардын бакубаттуулугу оңолушунун күбөсү болду. Алар биздин өлкөнүн өнүгүүсүнө өз салымдарын кошушту. Миңдеген этностук немистер – илимпоздор, инженерлер, мугалимдер, куруучулар бүгүнкү күндө дагы биздин арабызда жашап, иштеп жатышат. Биздин немистер – биздин элдин бир бөлүгү. Мурда Кыргызстанда 100 миңдей немис улутунун өкүлү жашаган болсо, азыр алар 10 миңдей калыптыр. Ал эми Германияга барып иштеп, окуп жаткан мекендештерибиздин саны дагы ушул көрсөткүчкө жетип калыптыр. Бул эки өлкөнүн гармонияда жашап жатканынын далили. Биз – эки мамлекет, эки эл азыркы тарыхыбыздан көп нерселерди алып, бардык күч-кубатыбызды, билимибизди ар бирибиздин өсүшүбүзгө, өнүгүшүбүзгө жумшай алабыз» деди Отунбаева.
Кыргызстандагы Германия элчиси Гудрун Срэга өз сөзүндө Кыргызстан менен Германия маанилүү өнөктөштөрдөн экенин айтты. «Кыргызстандагы немистер элдин азчылыгын түзбөйт. Бул немистер Кыргызстандын өнүгүүсүнө өз салымын кошуп, өлкө элинин бөлүнбөгөн бир бөлүгүнө айланган. Германия бүгүнкү күндө Кыргызстандын негизи өнөктөштөрүнүн бири. Аны менен катар эле Германия үчүн дагы Кыргызстан маанилүү өнөктөштөрдүн бири болуп эсептелет» дейт элчи айым.
Тегерек үстөлдүн жүрүшүндө Кыргызстандын белгилүү тарыхчылары Тынчтыкбек Чоротегин, Ташмамбет Кененсариев, Токторбек Өмүрбековдор Кыргызстанга немистердин келип калуу тарыхын, Кыргыз элинин маданиятына, өнүгүүсүнө кошкон салымдары тууралуу докладдарын окушту. Немис режиссеру Ханс-Эрих Виеттанын Кыргызстандагы немис тектүүлөрдүн турмушун чагылдырган «Сүт жана бал» аттуу документалдык тасмасы көрсөтүлдү.
Немистер Кыргызстанга кандайча келип калган?
Орто Азиядагы алгачкы немис конуштары Түркстандын генерал-губернатору Константин Петрович Кауфмандын колдоосу менен 1880-жылдардын башталышында Сыр-Дарыя облусунун Аулиета уездинде пайда болгон. Аларды Таврия губерниясынын Новоузенск уездинин, Самара жана Бердянск уездинин меннонит немистери негиздеген. Меннониттердин жүзгө жакын үй-бүлөсү Талас өрөөнүндө 1882-жылы төрт айылды (Николайполь, Коппенталь, Гнаденталь, Гнаденфельд) негиздеген, алар бир Никола йполь коомуна бириккен. Андан кийин дагы Россиянын немис колонияларынын ичинен XIX кылымдын 60-70-жылдары Кыргызстанга массалык түрдө көчүп келе башташкан. Бул айыл советтик мезгилде Ленинполь айылы аталып калган. Немис айылдары негизинен дыйканчылык жана мал-чарбачылык менен дагы алектенген. Динге берилген, тартипти сүйгөн, билимге умтулган, таза калк катары өздөрүн көрсөтө алган. Көчкүн немистер өздөрү менен бирге малдын жакшыртылган пародаларын жана үрөндүн жакшы сортторун алып келип, аларды жергиликтүү шартта пайдаланышкан. XIX кылымдын аягында – XX кылымдын башталышында Кыргызстандын аймагында «Братья Крупп», «Жалпы электр компаниясы», «Густав лист», «Дейуксел», «Руд жана акка» жана башкалар германиялык өнөр жай ишканалары иштеп турган. Аны менен катар эле немис өндүрүшчүлөрү Кызыл-Кыядагы көмүр өнөр жайын иштетүүгө, аны менен катар эле соода иштеринин өнүгүшүнө дагы дагы өз салымын кошкон. 90-жылдары бул жактагы немистер массалык түрдө көчүп кетип учурда, расмий маалыматтарга караганда, 10 миңдей немис калган.
Немистердин кыргыз маданиятына кошкон салымы
Немис элинин өкүлдөрү Кыргызстандын маданиятынын өнүгүшүнө да зор салым кошушкан. Мисалы, Василий Радлов Манас таануунун башында туруп, «Манас» эпосунан үзүндүлөрдү биринчи болуп жарыялаган. Ал үзүндүлөр алгачкылардан болуп немис тилинде жарыяланган. В.А. Каллаур Таластагы руникалык жазуусу бар эстеликтерди ачса, В.Кляйн суу астындагы археологияны изилдеген. Ал эми Василий Бартольддун эмгектери болсо Кыргызстандын тарых илими үчүн чоң табылга. Немистер кыргыздардын музыкалык чыгармачылыгын изилдөөгө да кайрылган. Орто Азиянын элдеринин, анын ичинде кыргыздардын музыкалык фольклоруна кайрылган европалык музыканттардын ичинен биринчиси Пржевальскидеги аскердик оркестрдин капельмейстери А.Эйхторн болгон. Ал аскердик үйлөмө аспаптар оркестри аткарышы үчүн аймактын түпкү тургундарынын мелодияларын жана күүлөрүн аранжировкалаган.
Азыркы немистер тууралуу
Бүгүнкү күндө Кыргызстан Германия менен өтө тыгыз байланышта. Кыргыз-герман ишканалары, германия каржылаган долбоорлор, мамлекеттик программалар тууралуу көп угуп келебиз. Германия Кыргызстанга колдон келген жардамын берип келет. Социалдык коргоо тармагында Кургак учукка, СПИДге каршы күрөшүү боюнча, эне жана баланы коргоо программалары, Милдеттүү түрдө медициналык коопсуздандыруу фонду, тез жардам кызматын жакшыртуу боюнча программалар активдүү каржыланып келатканы Кыргызстанга чоң жардам болуп эсептелет.
Кызыл Чырым немис уюму бүгүнкү күндө Кыргызстандын медициналык мекемелерине жана социалдык структураларына жардамын аябай келет. Немистик маркадагы товарларды, мисалы, машине, тиричилик техникаларын, тиричилик химияларын, кийимдерди, азык-түлүктөрдү Кыргызстандын ар бир бурчунан, көбүнчө борборубуз Бишкектен жолуктурууга болот. Аны менен катар эле бир катар билим берүү долбоорлору иштеп келет.
«Жаңы дем» журналисттик агенттиги, Дильбар Алимова