Экинчи Билим берүү фестивалы: видео фильм

August 19, 2014, 06:00

2 күн бою 2014-жылдын 26-27-апрелинде Бишкекте экинчи Билим берүү фестивалынын алкагында илимге, техникага жана салттуу экологиялык билимдерди жайылтууга көңүл буруу менен интерактивдүү аянтчалары жана класстары бар эки күндүк шаардык иш-чара өттү. Негизги уюштуруучулар «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жана И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университет болду.

 

Иш-чара техникалык кесиптерге кызыгууну кайра жаратууга, ошондой эле балдардын илимий-техникалык чыгармачылыгын өнүктүрүүгө жана салттуу экологиялык билимдерди жайылтууга багытталды. Фестивалдын алкагында майрамдык иш-чара, билим берүү-агартуу ярмаркалары, кесиптик форумдар, мастер-класстар, тренингдер, жолугушуулар жана экскурсиялар өттү.

 

Биринчи күнү И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетте 11-класстардын окуучулары үчүн илимий викторина болду. Интеллектуалдык кармашка төмөнкүдөй үч команда катышты: № 85 мектеп (Свердлов району), № 78 мектеп (Биринчи Май району) жана № 93 мектеп (Ленин району). Викторина төмөнкүдөй үч тур менен өттү: «Турмуштагы физика», «Турмуштагы химия жана биология», «Экология жана биз».

 

Ошондой эле биринчи күнү «Биз – XXI кылымдын интеллектуалыбыз» эл аралык конкурсунун катышуучуларынын долбоорлорун презентациялоо; «Алтын түйүн» республикалык балдар инженердик-техникалык академиясы уюштурган илимий-техникалык олимпиада; билим берүүдөгү инновациялык долбоорлорду презентациялоо жана «Ийгиликтин тарыхы» аянтчасы өттү.

 

Экинчи күн бир эле учурда Эски аянттын, «Эмен саябагы» галереясынын, Мамлекеттик тарых музейинин, «Сейтек» балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунун жана АУЦАнын аймагында өттү.

 

Эски аянтта төмөнкүдөй төрт көргөзмө-ярмарка сунуш кылынды: билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн көргөзмө-ярмаркасы, «Чеберлер шаары», «Китеп текчеси», «Гүл ярмаркасы».

 

Мындан тышкары, «Атам, апам, мен – техникалык үй-бүлөбүз» конкурсу өттү. Ошондой эле авиамоделдөө жана пескография боюнча мастер-класстар, самын көбүктөрүнүн шоусу жана химиялык шоу сунуш кылынды.

 

Мамлекеттик тарых музейинде эртеден-кечке чейин жаратылыш жана маданият жагынан салттуу билимдерди кайра жаратууга, өнүктүрүүгө жана алга илгерилетүүгө тартылган фонддор жана борборлор уюштурган салттуу экологиялык билимдер боюнча көргөзмөлөр, фильмдерди, спектаклдерди, концерттик номерлерди көрсөтүү жана салттуу экологиялык билимдер боюнча мастер-класстар өттү, алардын көп бөлүгүн Кристенсен фонду колдоду.

 

Жакшы салтка айланган фестиваль ар кандай флешмобдор, дэнс-батлдар, майрамдык концерттер жана театрдык оюн-зооктор, цирк оюндары, спорттук жана интеллектуалдык оюндар менен коштолду.

 

Ошондой эле тең уюштуруучулардын арасында Бишкек шаарынын мэриясы, КР Билим берүү жана илим министрлиги, КР Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы Кесиптик-техникалык билим берүү агенттиги, ЮНИСЕФ жана КРнын ЮНЕСКОнун иштери боюнча улуттук комиссиясы болду.