Урматтуу мугалим эже-агайлар, мугалимдер күнү менен, сиздер билим жана жылуулук тартуулаганыңыздар үчүн чоң рахмат!
October 4, 2026, 17:14
Урматтуу
агай-эжейлер!
Кадырлуу мугалимдер!
«Роза
Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фондунун атынан сиздерди кесиптик
майрамыңыздар — Мугалимдер күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Мугалим
болуу — бул жөн гана кесип эмес. Бул — жүрөктөн чыккан, чоң миссияны жана зор
жоопкерчиликти талап кылган улуу кесип. Сиздердин эмгегиңиздер өлкөнүн
келечегин калыптандырып, окуучуларга билим дүйнөсүнүн эшигин ачып, өз күчүнө
болгон ишенимин арттырат. Сиздер балдарга билим гана бербестен, жүрөгүңүздөрдүн
жылуулугун тартуулап, кыялданууга, ой жүгүртүүгө, жакшылыкка жана
адилеттүүлүккө ишенүүгө үйрөтөсүздөр.
Сиздердин
күч-кубатыңыздар, сабырдуулугуңуздар жана балдарга болгон мээримиңиздер ар
дайым эселеп кайтып келсин. Окуучуларыңыздар жетишкендиктери менен кубантып,
жасаган эмгегиңиздер сиздерге зор канааттануу жана татыктуу урмат алып келсин!
Сиздерге
чың ден соолук, бакыт-таалай, үй-бүлөлүк бакубатчылык, чыгармачылык дем,
түгөнбөс күч-кубат жана жаңы кесиптик ийгиликтерди каалайбыз!
Урматтоо
менен,
«Роза
Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду