Жаңы жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!
December 31, 2025, 07:05
Жаңы жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Өтүп бара жаткан жыл биз үчүн маанилүү иштерге бай болду. Фонд балдардын кенже курактан өнүгүүсү, билим берүүнү колдоо, үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөө жана маданий демилгелер багытында коомго оң таасирин тийгизген маанилүү долбоорлорду ишке ашырууну улантты.
Ар бир долбоорубуз — бул күчтүү, билимдүү, маданий жактан өнүккөн жана экономикалык жактан туруктуу Кыргызстанды жаратуудагы дагы бир кадам. Жаңы жылыбызда да өз принциптерибизге бекем туруп, коомго дагы да көп пайда алып келүү үчүн эмгегибизди улантабыз.
2026-жылы сиздерге жана жакындарыңыздарга бакыт-таалай, чың ден соолук жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү каалайбыз!
Урматтоо жана жылуу тилектер менен,
«Роза Отунбаева демилгеси»
Эл аралык коомдук фонду