Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен!
November 6, 2025, 22:12
Ар жылы 7-8-ноябрда биз Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүн белгилеп, элибиздин даңктуу жолу, бай руханий мурасы жана өткөн муундардын эрдиктери жөнүндө терең ой жүгүртүбүз. Бул күндөр – бизди ата-бабаларыбыздын калтырган изине таазим кылууга, алардын акылмандыгын, кайраты менен эмгегин урматтоого чакырган маанилүү учур.
Бул дата биздин тарыхый тамырыбызга болгон мамилебизди чыңдап, ишенимдүү келечекке биримдик, сабырдуулук жана сыймык менен кароого үндөйт.
Өткөндү урматтоо – келечегибизди бекемдейт. Ата-бабалардан калган жакшы салттарды сактоо менен, келечекте жетишкендиктерди көбөйтүү аракетин көрөлү!
Урматтоо менен,
«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФ