Маалымат жана басма сөз кызматкерлеринин күнү менен!

November 6, 2025, 22:05
«Роза Отунбаеванын Демилгеси» эл аралык коомдук фонду өлкөбүздүн маалыматтык мейкиндигин өнүктүрүүгө өз салымын кошуп келе жаткан журналисттерди, редакторлорду, басмакана кызматкерлерин, полиграфисттерди, телекөрсөтүү, радио жана онлайн-басылмалардын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайт!

Жаңы идеялар, жакшы кабарлар, чыгармачылык ийгиликтер, бекем ден соолук жана жаңы бийиктиктерди багындырууда түгөнбөс дем-күч каалайбыз!

Алдыда дагы көптөгөн кызыктуу темалар,долбоорлор, жаңы ачылыштар жана кесиптик жеңиштер болсун!