«Атадан лайфхак» инстаграм сынагынын жобосу
November 4, 2025, 07:24
«Атадан лайфхак» инстаграм сынагынын жобосу
«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып жаткан «АтаМЕНен» долбоорунун алкагында аталар арасында «Атадан лайфхак» сынагын жарыялайт. Анын максаты аталардын бала тарбиялоо, үй-бүлөнү колдоо, жубайына өнөктөш жана үлгүлүү ата болуудагы жакшы тажрыйбаларын жайылтуу, коомго үлгү болуу.
Өткөрүү мөөнөтү
- Сынактын башталышы: 1 ноябрь 2025-ж.
- Иштерди кабыл алуу: 1-ноябрь– 30 ноябрь 2025-ж.
- Жыйынтыктарды чыгаруу: 10- декабрь 2025-ж.
Катышуу шарттары
- 1.Конкурска катышкан ар бир ата баланы багуу, тарбия берүү, жаңы нерсени үйрөтүү, баланын сабак окуусуна жардам берүү, жубайы менен өнөктөштүк мамиле жана үй-бүлөлүк колдоо боюнча өзү колдонгон лайфхак (ыкма) менен бөлүшүшү керек.
- 2.Лайфхакты видео-рилс түрүндө тартып, өзүнүн Instagram баракчасына жайгаштырышы шарт
- 3.Постту чыгарып жатып «5kadam»_ жана «roza_foundation» баракчасына катталып, белгилөө керек (отметить в публикации).
- 4.Видео кыргыз же орус тилинде болушу мүмкүн.
- 5.Постто сөзсүз коюлуучу хэштегдер: #АтаданЛайфхак #АтаМЕНен
- 6. Конкурска катышкан видеолорду “актуальные” тарыхчаларына чогултулат.
Жеңүүчүлөрдү аныктоо
- Жеңүүчүлөр калыстар тобу тарабынан аныкталат.
- Эң көп лайк жана реакция топтогон катышуучуларга кошумча белектер каралган.
- Мыкты делген видео контенттерди кийин Фонд тарабынан ар түрдүү социалдык баракчаларга жайгаштыруу укугун алат.
Байге
Жеңүүчүлөргө баалуу белектер жана сыйлыктар тапшырылат.