Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык Күнү менен!

August 30, 2024, 21:49

Урматтуу мекендештер!


Сиздерди Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 33 жылдык мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Бул майрамда мекенибиздин эркиндигин жана көз карандысыздыгын туюнткан, ар бирибиздин жүрөгүбүздө сыймык менен жашаган ыйык баалуулуктарды биргеликте белгилөөдөбүз.


Тынчтык, биримдик жана бакубаттык ар дайым биздин мамлекетибиздин символу болсун! Келечекте Кыргызстаныбызды өнүгүү жолунда бекемдөөгө жана гүлдөп өнүгүшүнө өз салымыбызды кошууга дайым даярбыз.


Мекенибиздин келечеги жаркын болсун!