"Жолуккан кандай жакшы" поэзия кечеси өтөт
May 14, 2024, 10:472024-жылдын 22-майында саат 12:00 И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинде “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду энелер күнүнө арналган “Жолуккан кандай жакшы” аталышында поэзия кечесин өткөрөт.
Иш-чарада КР Маданиятынын мыкты кызматкери, Кыргыз улуттук жазуучулар Союзунун мүчөсү, Нарын облусунун Ардактуу атуулу жана көптөгөн сыйлыктардын ээси "Жүрөлүчү жүрөктөрдү оорутпай", "Ыйлаган заман", "Чындык ыры", "Жолуккан кандай жакшы" ыр китептеринин автору Күлбүбү Байбугуеванын жана "Үмүт", " Жүрөгүмдүн ээсине", "Бадам гүлдөгөндө" аттуу проза жана ыр жыйнактарынын автору, акын, жазуучу Айнагүл Базарбаеванын чыгармалары жаңырат.
Фонддун “Поэзия кечелери” демилгеси белгилүү жана жаш акындарынын поэзиясын колдоого, борбор калаанын жарандарынын жана конокторунун маданий-агартуу эс алуусун өнүктүрүү максатын көздөйт.
“Роза Отунбаеванын демилгеси” Фонду негизделгенден тартып 121 акын катышкан 48- поэзия кечесин уюштуруп жатат.
Поэзия кечеси “Р. Отунбаеванын демилгеси” коомдук фонду тарабынан, “Жаңы толкун” адабий клубунун колдоосу менен уюштурулууда.