Биз өткөндөрдү унутпасак, биздин келечегибиз кең болот!

May 8, 2023, 21:49

Бул биздин ата-бабаларыбыздын улуу эрдиги жөнүндө эскерүү күнү. Совет элинин эбегейсиз зор курмандыктары жөнүндө, алар үчүн узакка созулган 1418 күн кайгыны да алып келген, болуп көрбөгөндөй эрдиктин үлгүсү болуп калган миллиондогон адамдар жөнүндө эскерүү күнү.


Бул күнү биз Жеңиш күнүн майрамдайбыз жана өлкөбүздүн эркиндиги жана көз карандысыздыгы үчүн салгылашкан жана өз жанын берген адамдарга сый көрсөтөбүз. Биз алдыңкы катарларда салгылашкан эр жүрөк жоокерлерибизге жана аларды оорукта колдоп турган тургундарыбызга ызаат көрсөтөбүз.


200 миңден ашык кыргызстандыктар Улуу Ата-Мекендик согуштун фронтторунда салгылашкан, ал эми алардын ар бир бешинчиси үйүнө кайтпай калган. Кыргызстандын калкы – ооруктун эмгекчилери да согушта кыйла салымын кошкон. Алар фабрикаларда, заводдордо, талааларда жана фермаларда эмгектенген, фронтту азык-түлүк, кийим-кечек, ок-дарылар менен камсыз кылууга катышкан. Ынтымактуу өлкөбүздүн күч-кубатынын жана анын ал бир адамынын майышпас эрдигинин аркасында Жеңишке жетишилди.


Өткөндөрдүн сабактары унутулуп калууга тийиш эмес, бүгүнкү күндө биз жашап жана кыялданып, окуп жана иштеп жатабыз, биздин баалуу жана опурталдуу тынчтыгыбызды дайыма сактоого тийишпиз.


Ушул даңктуу жана улуу майрамда биз силерге тынчтыкты, ден соолукту, гүлдөп-өнүгүүнү жана биздин Жеңишибиз үчүн сыймыктанууну каалайбыз!


«Роза Отунбаеванын демилгеси» ЭКФнын

уюштуруучусу жана кызматкерлери